Эгемендик артынан келген миграция

Cоң-Көл жайлоосу. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Орозгүл Койчуман кызынан келген материалды сунуштайбыз.

Кыргызстандын 30 жылдык эгемен учуру бул – тарыхый окуяларга бай, чоң саясий бурулуштарга жана саясий каталарга толгон, карапайым калың журттун кубанычы менен кайгысы аралашкан, жетишкенибизден жетишпеген жактары көп, кемчилиги бөксөлүгү толтура орчундуу окуялар менен коштолду. Ар бир оор учурду "ушул акыркысы болсо экен" деп тилендик. Бирок өлкөдөгү азыркы кырдаал дагы да баса турган оор күндөр али алдыда экендигинен кабар берет.

Өлкөдөгү саясий туруксуздук, жумушсуздук, гүлдөгөн коррупция, экономикалык кризистик абал, чек арадагы чечилбеген жаңжал, коомдогу зордук-зомбулук, кылмыштуулуктун көбөйүшү, миграция агымынын күч алышы, кыргыз тилине болгон кайдыгер мамиле, тышкы ички саясатты мыкты билген, түшүнгөн саясатчылардын аз болушу, ж.б. орчундуу маселелер, мамлекетибиздин эгемендигин бошоңдотту.

Биздин өлкө эгемендүүлүктүн талаптарына жооп бербей калды. Тескерисинче, майнапсыз саясий бийлик алмашуулар, жасалып жаткан мыйзамсыз иш-аракеттер, сырткы карыздын жыл сайын өсүп жатышы, эгемендүүлүккө доо кетире турган окуялардын биринин артынан бири уланышы, эл аралык аренада биздин мамлекеттин беделин ого бетер түшүрдү.

Быйыл жыл жаңыргандан баштап эле “Эгемендикке 30 жыл” деп коомдо байма-бай талкуулар жүрүп жатат. Биз эгемендүүлүктү алгандан бери эмнеге жетиштик? Эгемендик бизге эмне берди? деген өңүттөгү суроолорго жооп издеп, ар кандай дымактуу пикирлер айтылып, жазылып жатат. Ошол пикирлерге жана элдин маанайына таянсак, улам алмаша берген кыргыз бийлигине, эл өкүлдөрүнө, элдин ичинде нааразычылык күч экени байкалат.

Анткени, өлкөнүн өзгөрүшү, чоң реформалардын жасалышы, мамлекетти жетектеп турган инсандардан көз каранды эмеспи?! Тилекке каршы, 30 жыл ичинде бийликке келгендердин арасынан биздин өлкөнүн көз-каранды эмес, эгемен өлкө экенин түшүнгөн бир да киши чыккан жок. Канча бийлик алмаштырсак да, улам келгенинен үмүт кылсак да, жыйынтык чыкпай жүрүп акыры тентип кеттик.

Эл негизи мамлекеттен өтө көп деле нерсе үмүт кылбаганы баарына маалым. Анткени эл өзүн-өзү 30 жылдан бери эле багып келет, азыр деле ар ким өз арабасын өзү сүйрөп келе жатат. Болгону, “асманды сүйлөбөй”, ар бир мамлекеттик кызматтагы адам өз милдеттерин так аткарса эле, эгемендикти бекемдөөгө кошкон чоң салымы болмок, анан элге берген чоң жардам да болмок.

Азыр ааламдашуу учурунда, биз кичинекей эле мамлекет болгондугубузга байланыштуу туура багытка жол албасак, эгемендикти сактап калышыбыз кыйынга туруп калды. Бул нерселердин белгиси катары, башка өлкөлөр биз менен эсептешпей, тоготпой калганын айта кетсек болот.

Баш аягын таппай кала тургандай, калкыбыздын саны деле көп эмес экендигин, элдин өз алдынчалыгын, мамлекеттен, бийликтен көп нерсе күтпөгөндүгүн эске алсак, бар мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып өлкөбүздүн саясий-экономикалык абалын толук бекемдеп алса боло турган шарттар өтө көп болду. Бирок 30 жыл ичинде бир дагы бийлик өкүлү ушуну эске алган жок.

Ушул жерине келгенде башка өлкөлөр үчүн артка өсүүнүн, артка кетүүнүн чоң үлгүсү болуп бердик. Башка өлкөнүн өкүлдөрү бизди терс мисал кылып сүйлөй баштады. Жазылган мыйзамды иштете ала турган, билим деңгээли жогору инсандар мамлекет башына келген жок. Биз, эл ушул маселелерди дайыма айтып эле келе жатабыз. Бирок бийликке келгендер элдин жашоосунун абалын, ушул көйгөйлөрдү укпай, түшүнбөй, байкабай калгандары көбүбүздү таң калтырат жана бул бийлик менен элдин ортосундагы ажырымдын чоң экендигин, бийликтегилердин максаты менен элдин максаты эки башка экендигин айтып турат.

Кыйын кырдаалдарда бийликтегилер элге кол сунмак тургай, кайра элдин элге жардамга кол сунушун кадимкидей эле күтүп отурган абалга жеттик. Өткөн жылдагы пандемия, кечээки Баткен окуясындагы абал буга мисал. Кыйын учурларда эл бириге калып, өз көйгөйлөрүн өздөрү чечет. Бирок ошондо деле өлкөнүн өңү бозоргон бойдон. Ооруканалар жетишсиз, ооруканадагы заманбап техникалар жокко эсе. “Мекендешибизди чет өлкөдөн дарылатыш керек” деп элден жардам сураган жарнамалар күн санап өсүүдө. “Дени сак улут – дени сак мамлекет” деген сөз куру сөзгө айланып калды.

30 жыл ичинде дүйнө өзгөргөн менен мигранттын жашоосу өзгөргөн жок. Турмушу жакшырды дейли, кандай баа, кандай күн менен жакшырды? Билими, келечеги, деги эле бүтүндөй жашоосу эмне болду? Алардын оор, аянычтуу тагдырларын, жоготкон ден соолугун, мекенге болгон кусалыгын, кайра Ала-Тоого кайтпай калган мекендештин ордун, алардын жакындарынын жүрөгүндөгү боштукту ким толтурат? Эмне менен толтурабыз? “Өлкөнүн экономикасын мигранттар көтөрүп атат, жылына миллиарддап акча которуп жардам берүүдө” деп ооз көптүрүп айтып келебиз.

Бирок, кирешесинен ашып кесепети да тийди. Адамгерчилик, бири-бирибизге болгон ишеничти, урмат-сыйды, баалуулуктарды жоготтук. Жаш эле туруп, камалып кеткендер, туура жолдон тайып кеткендер болду. Балким, өз өлкөбүздө иштесек, мынчалык жоготууларга учурамак эмеспиз. Курмандыктар азыраак болмоктур...

Ушул коомдогу терс көрүнүштөрдүн баары жетишпеген турмуштун, билимсиздиктин, кайдыгерликтин жыйынтыгы кесепети, алсыздыгыбыздын жыйынтыгы экени анык. Алсыз мамлекеттин жарандары гана ар өлкөдө тентип калаары баарына белгилүү.

Жакырчылык жумушсуздук өлкөдөн кимдерди гана сыртка чыгарбады. Ишке жарамдуунун баары эле, биринин артынан бири кетпедиби. Бүгүнкү күндө алардын балдары мигрант болууга жетишти. Мигранттык жашоо элдин жеке жашоосуна өтө чоң терс таасирин тийгизди. Ата-энени баладан, ага-тууганды бири-биринен алыстатты. Эки ажырым жолго түшкөн түгөйлөр, кароосуз калган, зомбулукка кабылган балдар ошол миграциянын кесепетинен улам көбөйдү. Балдар, өспүрүмдөр арасында суицид күч алды.

Билим, тарбия алуунун пайдубалы эң ириде үй-бүлөдө калыптанат эмеспи. Ата-эненин мээримин, камкордугун көрбөй, ар кимдин колунда чоңойгон бала кантип анан турмуштун оор сыноолоруна туруштук берсин. Же жарытылуу алган тарбиясы жок, же билими болбогондугуна байланыштуу коомго аралашып кете албай жаткандары канча? Адамга эң керек болгон мээримдин, тарбиянын, билимдин жетишсиздигинен улам, жаштар ар кимдин этегин кармап кетип жатат. Балким жаштар арасында баалуулуктарыбыздын ар башка болгондугу дагы ошондон.

Мигранттардын азыркы мууну четте төрөлүп, четте өсүп калды. Алар эч качан Кыргызстанга кайтып барбасы белгилүү. Башка өнүккөн өлкөнүн тузун татып, билимин алып, жашоосунун жакшы жактарын көрүп калган адамдын кайра жакыр турмушка кайтып барышы кыйын экенин баарыбыз билебиз. Демек, биротоло мекенден чыгып кеткен жарандар, алардын чет жакта өсүп чоңойгон балдары эч качан кайра Мекенге кайтып барбайт.

Чет жерде билим алып жаткан студенттердин көбү деле кайра биздин өлкөгө кайтып барууну көксөп турганы күмөн. Бизге азыр байкалбаганы менен качандыр бир эмгекке жарамдуулар, билимдүүлөр өз мекенибизде да жетишсиз болоору бышык. Демек биринчи кезекте мигранттарды, билимдүү жаштарды өлкөгө кайтаруу зарыл.

Анткени жумуш жок, маянасы аз, шарты жок, мыйзамы иштебеген, бийлиги эл менен эсептешпеген, коому адилетсиз, жакыр өлкөнү сүйүш өтө кыйын. Андыктан биринчи кезекте жаштарга өз мекенин сүйүүгө шарт түзүп беришибиз керек. Мүмкүндүк беришибиз керек. Мекенге болгон сүйүүнү куру сөздөрдүн курчоосунан чыгарышыбыз керек. Анткени өлкө бирөө гана! Ылайым, эгемендигибиз бекемделип, туубуз ар дайым желбиреп турсун. Эртең баарыбыз кайтып бараар Мекенибиз тынч болсун!

Койчуман кызы Орозгүл

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.