Эски бекет ээн турат, жаңы бекетте шарт жок
Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрда жабылган.
Бул автовокзал 1981-жылы 1-сентябрда ишке берилген.
Бул бекеттен Кыргызстандын ички аймактарынан тышкары Казакстанга, Өзбекстанга, Орусияга автобустар жөнөп кетчү.
Азыр бекет ушинтип ээн турат.
2002-жылы автобекеттин имараты Маданий-тарыхый эстеликтердин категориясына катталып, мамлекеттик коргоого алынган.
Автобекеттин бул бөлүгүнөн Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Таласка каттамдар кетчү. Эми бул багыттагы каттамдар Сокулук районундагы РИОМ автобазарынын жанындагы жаңы ипподромдун жанынан жөнөйт.
Азыр автобекеттин айланасындагы тамактануу жайлары, мейманканалар жана дүкөндөр жабылууда.
Батыш автобекетинин ичиндеги “Акжол” кичи автобекетинен Нарынга, Ысык-Көлгө автобус, маршруткалар каттап турган. Азыр бул багытта кеткен каттамдар Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекетине" көчүрүлдү.
Автобекет жабылганы менен, ага жакын жердеги жол боюнда такси айдаган айдоочулар дагы деле жүргүнчү күтүшүүдө. Атын атагысы келбеген айдоочу бизге буларды айтты:
"Сокулук жактагы жаңы бекеттин келдим. Ал жакка киши барбайт экен. Айла жок бул жакка келдим. Кардар таап калсам экен деп үмүттөнүп турам. Эл бул жакка көнгөн да".
Бишкектин батыш тарабындагы ачылганына аз эле убакыт болгон жаңы автобекетте айдоочулар көп болгону менен, жүргүнчүлөр бирин-серин.
Ошко, Баткен, Жалал-Абад жана Таласка кеткен каттамдар Сокулук районундагы РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайга көчүрүлгөн. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев бул автобекет убактылуу экенин айтууда.
Бирок жаңы бекетте азырынча шарт жок. Бул автобекеттин ажатканасы. Биз барганда аны жаңы эле оңдоп жатышкан экен.
Убактылуу автобекет жаңы курула турган ат майдандын жанында.
Сүрөттөгү бул ишкерлер ашкана куруп жатканын айтышты.
Бишкектин ичиндеги Батыш жана Чыгыш автобекеттери жабылып, шаар сыртына чыгарылары мурда эле кабарланган.
Бишкектин четиндеги Фучик көчөсүнүн батыш тарабына, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгине Ош базарын, Батыш автобекетин камтыган ири комлпекс жайгашары айтылып, анын курулушуна быйыл 5-июлда капсула салынган.
Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети".
Шаардык мэрия жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Батыш автобекетинен Бишкек автобекетине №13 каттамдагы автобус жүргүзүлгөнүн кабарлаган.