Кыргызстан 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты. Коңшу Тажикстан ишкердик илгерилеп бараткан өлкөлөрдүн ичинде.
Кытайда жылыш арбын
2018-жылдын май айынан тартып, быйылкы майга чейин бизнес тармагында 115 өлкөдө ишкерлик жүргүзүү жеңилдетилген. Топ башында Сауд Аравиясы, Иордания, Того, Бахрейн, Пакистан, Кытай, Индия жана Нигерия турат. Тизмеге Борбор Азиядан Тажикстан кирди. Бул өлкөлөрдө бизнести жакшыртууга багытталган жалпы реформанын бештен бир бөлүгү ишке ашкан деп айтылат баяндамада.
Африканын түштүгүндөгү, Латын Америкасындагы жана Кариб булуңундагы өлкөлөр бул жаатта артта калганы белгиленет. Африканын түштүгүндөгү эки өлкө гана тизмедеги ишкерликти жеңилдеткен 50 өлкөнүн ичинде.
Дагы караңыз Улуттук стратегиянын убадасы жана убарасыБаяндамада белгиленгендей, 2003-2004-жылдардан тартып, 178 өлкөдө ишкерликти өнүктүрүү боюнча 722 реформа жүргүзүлгөн. Жогору көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөлөрдө ишкерлик жанданып, коррупция төмөндөгөнү айтылат.
Ишкерликти жүргүзүү жеңил болгон мамлекеттердин башкы он сабында АКШ менен Грузия турат. Казакстан 25-орунда, Орусия 28, Өзбекстан 69, Кыргызстан 70, Тажикстан 106-орунда. Ооганстан 173-орунда.
Дүйнөлүк банктын эксперттери бизнес климаттын жакшыруусуна саясий чечимдер түрткү берерин баса белгилешет. Банктын Кытай жана Монголия өлкөлөрү боюнча жетекчиси Мартин Райзер Кытайдын борбордук CCTV телеканалына курган маегинде:
- Кытай 31-орундан 15-орунга секирик жасап, ишкерликти өнүктүрүүгө көп шарт түзүлүп жатканын көрсөттү. Быйыл да реформалар ишке ашып жаткан он өлкөнүн катарына кирди. Бул көрсөткүчтөрдөгү гана жогорулоо эмес, бул чыныгы иш жүзүндөгү өсүш. Бул деген эң сонун жаңылык, - деп билдирди.
Дагы караңыз ЕАЭБдин кучагы жана тузагыБаяндамада айтылгандай, Кытай былтыртан бери сегиз бизнес-реформаны ишке ашырып, 100 упайлык көрсөткүчтөн 77,9 упай алууга жетишкен.
Борбор Азия өлкөлөрүндө өсүш бар
Өзбекстанда да президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери ишкерликти жүргүзүү жеңилдей баштаганы, сырттан инвестициялардын агымы күч алганы кабарланууда.
Акыркы эле маалымат, 23-октябрдан тарта «Валюта базарын тартипке салуу тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Ага ылайык, жарандар өлкөдөн накталай түрдө 100 миллион сумга чейин (10,6 миң доллар) каражат алып чыга алышат. Мындан тышкары мыйзам өзбекстандыктарга чет өлкөлөрдө тоскоолдуксуз банк эсептерин ачууга, аларга акча которууга, ошондой эле баалуу кагаздар менен төлөм документтерине ээлик кылууга укук берет. Ошол эле маалда документ жарандарды Өзбекстандын аймагында бардык төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүүгө милдеттендирет.
Бул жаңылыкты ишкерлер түрдүү талкуулашууда. Айрымдар мындан өлкөдөн каржынын чыгып кетүүсү күчөйт десе, башкалары мындай болбосун айтып жатышат. Ташкенттеги "Экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү" борборунун жетекчиси Юлий Юсупов өлкөдөн акчанын агылып кетүүсүнө таасир этпейт деп ишендирди:
- Акча сыртка мурда деле чыгып келген. Ошондуктан бул мыйзамдын ишке кириши менен өлкөдөн сыртка көп чыгат дегенге мен кошулбайм. Валютанын куну төмөндөйт дегенге да макул эмесмин, курс өзгөрсө да ага бул мыйзамдын тиешеси болбойт.
Дагы караңыз Алсыз бийлик жана араңжан экономикаБуга чейин өлкө жарандары сыртка декларациясы жок 2 миң доллар, декларация менен 5 миң долларга чейин каражат чыгара алышчу. Мындай чоң сумма чыгаруу үчүн Борбордук банктын уруксаты талап кылынган.
Былтыр Тажикстанда инфляция солгундап, экспорт азайып, импорт өскөн. «Doing Business» баяндамасында өлкөдө курулушка уруксат берүү, электр энергия менен камсыздоо, салык өңдүү көрсөткүчтөр боюнча жылыштар бардыгы айтылган.
Кыргызстан бул рейтингде 2018-жылга салыштырмалуу көрсөткүчүн жети тепкичке көтөрүп, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты. Муну менен өлкө «Doing Business - 2020» рейтингинин алдыңкы 20 реформатор-өлкөсүнүн катарына кирди. Баяндаманын авторлору өлкө электр түйүндөрүнө кошулуу, салык салуу жана насыя алуу боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртканын белгилешкен.
Кыргыз бийлиги 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча ишти жакшыртып, алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүү дымагын билдирген.
«Doing Business» рейтинги дүйнөнүн 190 өлкөсүндө ишкерликти көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарды баалаганга мүмкүндүк берет.