Экономиканын темпи токсонунчу жылдардагы көрсөткүчкө теңелди

Бишкектеги нааразылык акциялары. 2020-жылдын 5-октябры.

2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8,6% төмөндөдү. Эл аралык эсептерде көрсөткүчтөр 10% түшөт деп бааланган. Себеп катары коронавирус жана ага байланыштуу киргизилген чектөө айтылып жатат.

Адистер кыргыз экономикасындагы бул өсүү темпи 1990-жылдардагы көрсөткүчтөргө теңелгенин белгилешүүдө. Башка маселе - илдеттин кесепеттери быйыл да уланышы мүмкүн.

Соңку санактын баяны

Узаган жылдын айрым көрсөткүчтөрүн Улуттук статистика комитети жаңы жылдын биринчи айын ортолой эсептеп бүттү. Анын ичинде экономиканын өзөгүн түзгөн ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) баштапкы санагын чыгарды. ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү.

14-январдагы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов буларды кабарлады:

Акылбек Султанов.

«Алдын ала баалоо боюнча, 2020-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң өнүм 598 миллиард сомдон ашат, 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,6% төмөндөдү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-декабрь айларында ИДӨнүн көлөмү 530 миллиард сомго жакындап, 9% азайды. ИДӨнүн өсүү темпинин төмөндөшү өнөр-жай, курулуш тармактарында жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы менен шартталды», - деди ал.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. Такталган сумма 619 млрд. сом болду. 2020-жылдын көрсөткүчү мына ушуга чагылып саналган.

Өкмөт алгач Кыргызстандын ИДӨсү 2020-жылы 5% өсөт деп болжол берген. Өндүрүмдүн номиналдык көлөмү 667,1 млрд. сомго жетери мерчемделген эле. Көрсөткүчтөр кайра каралгандан кийин, тескерисинче 6,8-7% артка кетет деп расмий эсептелген.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 10% чейин төмөндөй турганын эскерткен. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) төмөндөө 7,5% болот деп баалаган. Башкача айтканда, жыйынтык АӨБдүн болжолунан төмөн, ЕӨБдүн болжолунан жогору чыкты.

Кантсе да, бул 8,6-9% төмөндөө - Кыргызстандын тарыхындагы эң оор көрсөткүчтөрдүн бири. Албетте, номиналдык эсепте, суммасында айырма бар, бирок темпи жактан алганда бул өлкө алгач эгемендик алган жылдарга теңеле түштү.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) эсеби боюнча, Кыргызстандын ИДӨсү 1991-жылы 7,8%, 1992-жылы 13,9%, 1993-жылы 15,4%, 1994-жылы 20% төмөндөгөн. 1995-жылы дагы 5,4% түшүп, калган жылдары кайра аз-аздан өсүүгө бет алган.

Акыркы он жылдан бери дүң өнүмдүн өсүш ыргагы 4-5% тегерегинде гана кармалып келген. Экономисттер бул жагдай жөн гана инерция экенин айтып келишет. Ошентсе да бул артка кетүүдөн артык болчу.

Экономист Кайрат Итибаев мындай дейт:

Кайрат Итибаев.

«Эл аралык Валюта Фонду 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 14% төмөндөдү деп маалымат берип жатат. Биздин өкмөт анын жарымын айтып жатса, демек ошонун ортосун алыш керек. Бери дегенде 10-12% минус кетти. Муну так айтуу ар дайым кыйынга турат. Анткени кыргыз экономикасынын көбү көмүскөдө, орто-чакан бизнестин көбү салыгын жашырат. Натыйжада экономикадагы көрсөткүчтөрдүн көбү реалдуулуктан алысыраак. Ошентсе да расмий эле көрсөткүчтү алганда да ЕАЭБ мейкиндигинде Кыргызстан эң төмөнкү эсеп менен чыкты. Орусия, Казакстан, Беларуста 4-5-6% гана түштү, бизде гана көбүрөөк антирейтинг болду».

Эгер ИДӨнүн ичиндеги тармактарды дагы да деталдуу чечмелесек, өнөр жай продукциясынын көлөмү былтыр 319 миллиард сомдон ашкан жана мурдагы жылга караганда 6,6% артка кеткен.

Маселен, «Жунда» заводу толук кандуу иштебегенден улам күйүүчү майды чыгаруу 59,3% азайган. Чек аралар жабыктыгынан жана соода жакшы жүрбөгөндөн текстил, кийим-кече жана бут кийим, булгары жана булгарыдан жасалган буюмдарды өндүрүү 21,5% төмөндөгөн.

Ушуга окшогон эле себептерден улам жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик 13,2%, резина жана пластмассадан жасалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар 7,0%, азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары 6,6%, темир жана темирден жасалган буюмдар (машина жабдууларын кошпогондо) 4,4%, жер астынан казылган баалуу металлдардын 22,4% кыскарган.

Ал эми жогоруда белгиленген курулуш тармагы 15,6%, дүң жана чекене соода 16,1% артка кетип жатат.

Өкмөт мунун бардыгына коронавирус пандемиясын жана ага байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү себеп катары көрсөтүп келди. Эксперттер жана ишкерлер да бул жүйөгө кошулат, бирок кошумча да себептерди келтиришет. Анын ичинде 2020-жылдын октябрындагы өлкөдөгү окуялар жана мамлекеттик органдардын ыкшоолугу.

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров өз оюн бир тармактын мисалында келтирди:

Фархад Пакыров.

«Дүйнөнүн көп өлкөлөрү бир жылдан бери вируска каршы күрөшүү менен бирге ички дүң өнүмдү төмөндөтпөй, экономиканы, ишкерлерди сактап калууга басым жасап келди. Өкмөттөр күн алыс чогулуп, долбоорлорду, сунуш-пикирлерди талкуулап жатты. Бирок бизде андай аракеттер болгонун көрө алган жокпуз. Экономикалык активдүүлүктү көтөрүүгө багытталган иш-чаралар болгон жок. Ишкерлерди тейлеген, мыйзамдарды чыгарган мамлекеттик органдар болсун, экономикадан мурда саясатка көбүрөөк көңүл буруп келе жатат. 2020-жылы маселен, бир эле курулуш тармагында уруксат кагаздары, айрым документтерге байланыштуу 100дөй объект башталбай калды. Натыйжада ал ушул тармактагы эсептер артка кеткенине себеп болду да. Андан сырткары бул курулуш башка да өндүрүш, тамак-аш жана башка тармактарды кошо тартып кетет. Демек, бири-бирине кесепетин тийгизип жалпы көрсөткүчтөр кыскарды».

2020-жылдын январь-декабрь айларында жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 9,7% түздү. Мында тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6% өстү, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа 6,7%, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 3,0% өскөнү байкалды. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 2,4% жогорулады.

Тышкы соодага байланыштуу көрсөткүчтөр бир аз кечирээк чыгат. Улуттук статистика комитети азырынча 11 айдын эсебин берди.

Ага ылайык, товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январь-ноябрында 5,1 млрд. долларды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 19,2% төмөндөдү. Мында импорт 27,3% кыскарса, экспорт 1,7% өскөн. Экспорттун өскөнү алтынды сатуу көбөйгөнү менен байланыштуу.

«2021-жылы да плюс менен чыгуу күмөн»...

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып, турукташтырылгандан кийин экономика калыбына келет деп пландоодо. Ага ылайык, ички дүң өнүмдүн көлөмү 635 млрд. сомдун тегерегинде болот деп болжолдонгон.

Экономика министрлигинин Экономикалык саясат башкы башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Абдекиров «НТС» телеканалынын «Реалдуу экономика» берүүсүндө мындай билдирүү жасады.

Кыргызстандагы ишканалардын бири.

«2021-жылга карата өкмөттүн расмий болжолу өсүү темпи 5% болот деп келтирилген. Бул базалык сценарий. 2020-жылдын көрсөткүчтөрү төмөн болгондуктан салыштырмалуу быйыл өсүү темпи 10% чейин жетиши мүмкүн деген экинчи сценарий да бар. Албетте, өсүү бул жылы көп факторлордон көз каранды. Биринчи кезекте, рынокто коронавируска каршы дары – вакцина канчалык деңгээлде тез чыгарыларына, экинчи кезекте, коңшу өлкөлөр менен чек аралар канчалык деңгээлде ыкчам ачыларына байланыштуу. Эгер бул жагдайлар кышта да, жазда да өзүнө келбесе, жылдын алгачкы жарымында да көрсөткүчтөр терс маанайда, же өтө чабал динамика менен чыгат. Анда өсүү темпи жылдын экинчи жарымынан калыбына келиши мүмкүн», - деген ал.

Экономисттер болсо мындай оптимисттик маанайдан алысыраак. Ал тургай 2021-жылкы динамика 2020-жылдын төмөн көрсөткүчүнө салыштырмалуу дагы да төмөндөшү мүмкүндүгүн эскертишет. Буга жогоруда келтирилгенден сырткары башка факторлор да мисалга тартылат.

Экономист Кайрат Итибаев кайрадан кепке кошулду:

«Быйылкы жылы да плюска чыгышыбыз күмөн. Эң оптимисттик божомолумда 2% гана өсүш алабыз, былтыркы жыл менен нөлмө-нөл чыксак чоң иш. Болбосо менимче дагы 5% артка кетебиз. Анткени дагы азык-түлүк кризиси күтүлүүдө. Сомдун куну дагы түшүшү ыктымал жана жазга карата күйүүчү-майлоочу майлар кымбатташы мүмкүн. Мындан сырткары энергетикалык кризис бизди такымдап турат. Инфляция 10-15% болот, тилекке каршы жакырчылык 15-20% көбөйүшү мүмкүн. Азыркы күндө өкмөттө өзгөрүүлөр күтүлүүдө, парламентке шайлоо болот, конституциялык реформа бар. Бул саясий процесстер да биздин экономикага түздөн-түз терс таасир этет».

Дагы караңыз Кыргызстанда жумушсуздук күчөдү

Саясат демекчи, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, андан өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтоткон Садыр Жапаров утуп чыккан. Эми анын инаугурациясы өтсө ишке расмий киришет, андан ары жаңы премьер-министр бекитет. Демек, экономикадагы мындан аркы жагдайлар жаңы мамлекет башчынын саясатына байланыштуу болот.

Жапаров өзү шайлоодон кийин Орусия Федерациясынын «Россия 24» телеканалына курган маегинде экономиканы көтөрүүгө байланыштуу ойлору менен бөлүшкөн.

«Экономиканы көтөрүү үчүн алгач коррупцияны жок кылыш керек. Коррупция менен күрөштүн биринчи жыйынтыктары чыгып жатат. Мисалы былтыр май-июнь айларында бюджетке 1,5 млрд. сомдой каражат түшсө, ноябрда 3,7 млрд. сом түштү. Бул керек болсо эки эседен да көп. Бул биринчиден. Экинчиден, биз өзүбүздүн ички, жаратылыш ресурстарыбызды колдонушубуз керек. Аларды биз өзүбүз иштетүүгө өткөнүбүз оң. Мен ревизия кылып чыктым, бүгүнкү күндө дээрлик 95-96% кенди жеке менчик компаниялар иштетет экен. Көбүндө мамлекеттин бир да пайыз үлүшү жок экен. Ошондуктан эми кендерди ача турган болсок 100% мамлекет өзү иштетүүгө өтөт. Мына ошондо биз экономиканы көтөрөбүз», - деген анда Садыр Жапаров.

Ушул тапта адистер арасында 2021-жылы мамлекеттик карыз көбөйөрү, сырттан келген инвестиция кыскарып, мигранттар салган акча азаяры тууралуу болжолдор бар. Демек, жаңы жыл жаңы президент жана жаңы өкмөт үчүн сыноо болот десе да ашыктык кылбас.