Орусия жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу Тажикстанда нефтинин запасы мол эки жайдан баш тартуу пландалып жатканын жарыялады. Анын бири - Шохамбарда эле 18 миллиард куб метр газ жана 17 миллион тонна нефти запасы бар деп болжолдонгон.
Азырынча «Газпром» тажик мунайын иштетүүдөн баш тартууга эмнелер себеп болуп жатканы тууралуу толугураак маалыматты чыгара элек. Тажик бийликтери да бул боюнча кандайдыр бир билдирүү жасоодон карманып турушат.
Адистердин айтымында, "Газпром" тажик мунайын издеп, Сарыкамыш участкасында жети чакырым тереңдикке чейин бургулашкан. Жети чакырым тереңдик Борбор Азиядагы рекорд болуп саналат. Ошондой болсо дагы Сарыкамыш мунайы "Газпром" казган жайдан табылбай койгон.
Тажикстандын Сарыкамыш мунай кени Дүйшөмбүнүн батышында, борбор калаадан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.
Тажикстандын төрт мунай кенин иштетүүгө Орусия мындан үч жыл мурун лицензия алган. Андагы келишим боюнча төрт мунай кенин өндүрүүдөн түшкөн таза кирешенин 70% Орусияга, калган 30% Тажикстанга берилмек. "Азаттыктын" тажик кызматынын журналисти Абдулла Ашуров «Газпромдун» мунай кендерин иштетүүдөн баш тартуусу көп үмүттөргө суу сепкенин айтат.
- Орусия Тажикстандагы мунай кендерин иштетүүдөн баш тартканы аябай өкүнүчтүү. Анткени Орусия 2003-жылдан бери Тажикстанга 5 миллиард рубль инвестиция салган. Анын 1.5 миллиардын салык катары төлөгөн. Өзбекстан Тажикстанга жаратылыш газын 2012-жылдан бери сатпай койгон. Эл жана өндүрүш мекемелери газга муктаж. Орусиянын пайдасына 30-70 болуп түзүлгөн келишим Тажикстан үчүн анча пайдалуу эмес экени белгилүү. Бирок Тажикстан өз газын өндүрүп, Өзбекстандан көз карандылыктан арылууну жана элди газ менен камсыз кылууну көздөгөн.
Тажикстан өкмөт башчысынын мурунку орун басары, тажрыйбалуу геолог Георгий Кошлаков тажик нефтисин өндүрүү долбоору алгач каралып аткан учурда «Бул долбоордун келечеги бүдөмүк, анткени аталган участоктордо нефтинин эч кандай запасы жок болушу мүмкүн» деп билдирген эле.
Орусиялык «Газпром» компаниясы Тажикстандагы мунай кендерин иштетүү тууралуу 25 жылдык келишимге 2003-жылы кол койгон. Кийинчерек Тажикстан "Газпромго" Сарыкамыш, Саргазон, Шохамбар жана Рангон мунай кендерин изилдөөгө жана иштетүүгө лицензия берген. Андан кийин "Газпром" Рангон жана Саргазон мунай кендерин иштетүүдөн расмий баш тартып, лицензияны кайтарып берген. Эми калган Сарыкамыш жана Шохамбар мунай кендеринин лицензиясын да Тажикстанга кайтарарын алдын ала жарыялашты.
Бирок "Газпром" муну менен Тажикстандан биротоло чыгып кетүүгө эмес, тескерисинче өлкөнүн түндүгүндөгү "Нафтмайдон" мунай кенин иштетүүгө лицензия суроого ниеттенип жатканы айтылууда.
Мурдараак Тажикстан Өзбекстандан жылына 1,5 миллиард куб метр жаратылыш газын сатып алып турган. Акыркы жылдары өзбек тарап Тажикстанга газ сатууну кыскартып отуруп, 2012-жылдан тартып биротоло токтоткон.
Мындан улам Тажикстан өз мунайын өндүрүүгө аракет кылууда.