COVID-19: аба тазарып, таштанды көбөйдү

Бишкек шаары.

Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери экологиялык кырдаал кандай өзгөрдү? Бишкек баш болгон ири шаарларда аба тазарууда, бирок карантин аяктаганда мурдагы калыбына келеби?

Коронавирус көйгөйүнөн улам, адамзат үйгө камалып жатканда жаратылыш эс алып жатканы байма-бай айтылууда.

Бишкектик фото-сүрөтчү Ашыркул Оморовдун 15-мартта анан 15-апрелде салыштыруу иретинде тарткан сүрөтү кыргыз тилдүү социалдык медиада кызуу талкууланып, шаардын абасы кыйла тазарганына кубангандар болду.

Сүрөтчү Оморов карантин бүткөндөн кийинки абалды да чагылдырууну ойлонуп жатканын айтты.

"Абанын тазарышына карантин түздөн түз себеп болдубу, же жокпу билбейм. Бирок машинелердин азайышы, жылуулук электр борборундагы генераторлордун аз иштөөсү себеп болду окшойт. Эл арасында кызуу талкууланган сүрөттү 15-мартта тарткам, анан эле 20-мартта карантин башталып кетпедиби. 15-апрелде ошондой эле ракурста кайра тартсам, Бишкек кыйла тазара түшкөн экен. Негизи мындай сүрөттөрдү былтыр дагы тарткам. Быйыл Бишкек дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын тизмесине киргендиктен, сүрөткө кызыккандар көп болду окшойт. Карантин 10-майга чейин созулат деп жатпайбы, 8-майда дагы бир жолу ушундай тажрыйба кылып, сүрөт тартып, бир айдан кийин дагы байкап көрөм. Ошондо карантиндин абага тийгизген таасирин сүрөт аркылуу көрсөк болот".

Карантин маалында бош калган Бишкек паркындагы тыйын чычкан

Бишкектеги абанын тазарганын айрым экологиялык эксперттер 30 жыл мурдагы көрсөткүчкө салыштырууда. Дүйнөлүк метеорологиялык ченем менен караганда бир айдан бери шаардагы аба эң таза деген жашыл шкалада турат.

"Аба кирдебейт..."

Бишкек шаары боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынын башкы адиси Эдилбек Дүйшөмбиев мындай кырдаалга жеке эле карантин эмес, мезгилдин алмашканы, менчик сектордун от жакпай калганы себеп болгонун айтты:

"Буга чейин абанын булганышына түрткү болуп жаткан автоунаалар аз жүрүп каджы, өнөр жай, ЖЭБ сыяктуу ири ишканалардын иши да кыскарды. Ошондой эле жай мезгилге өткөнгө байланыштуу жаңы конуштардагы жеке турак үйлөр от жакпай калып, түтүн азайды деп анализ жасап жатабыз. Ал эми карантин бүткөндөн кийин аба кайра мурдагыдай булганып кетиши мүмкүн эмес деп белгилеп жатабыз. Себеби, азыр жаз, жай мезгили, мурдагыдай абанын муздак катмары жок. Жеке турак жайлардан түтүн чыкпайт, буга кошумча экологиялык жагымдуу кырдаал түзүлүүдө. Жамгыр, шамал улам болуп, Бишкектин абасы улам тазарып жатат. Таптакыр булганбай койбойт деп айта албайм, бирок, кыш, күзгө чейин азыркыдай таза сакталып турарына ишенебиз".

Экологдор ишенбейт

Бирок мамлекеттик органдардын мындай оптимисттик маанайдагы айткандарына экологдор макул эмес.

Алар баш калаадагы кырдаал карантинден кийин кескин өзгөрүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Кыргыз улуттук университетинин окумуштуусу Алмагүл Кендирбаева азыркы кырдаал баш калаанын экологиясы үчүн жагымдуу болгону менен бийлик чектөөлөрдү жумшартары менен 1 жума өтпөй эле Бишкек мурдагы ыш каптаган, кара түтүндүү, абасы кир шаарга айланат деген пикирде:

Алмагүл Кендирбаева

"Ашып кетсе бир жуманын ичинде эле Бишкек мурдагы ыш каптаган кейпине келип калат. Себеби, шаарда жеке, эски машинелер абдан көп, сатылып жаткан күйүүчү майдын сапаты начар. Ушунун баары тез эле абаны булгап, зыян келтирет. Мындан 30-40 жылдай мурда Бишкектин абасы кудум азыркыдай эле. Ал маалда коомдук транспорт сапаттуу болчу. Автобус, троллейбустар көп эле. Менчик автоунаалар аз болгондуктан, булгануу дээрлик жокко эсе деп эсептелчү. Азыр ар бир көчө кесилишинде, жол чырактардын жанында дем алууга мүмкүн эмес. Себеби, жолдо токтоп турган эски автоунаадан сапатсыз бенсиздин калдыгы атмосферага чыгып, адамдарды болушунча ууландырып жатат. Эки айга чукулдаган карантинден улам тазарган аба бир нече күндө эле булганарына шек жок".

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери жер бетинде тынымсыз учак каттамдары токтоп, ири шаарлардын көчөлөрү Дүйнөлүк экинчи согуштун маалындай эле ээнсиреп, бош калды.

Анткен менен окумуштуулар Нью-Йорк, Бейрут, Бээжин сыяктуу чоң шаарларда аба бир нече күндө эле 50% тазарганын жазышууда.

Таштанды көбөйөт

Ал ортодо дүйнөдө колдонулган беткап, желим колкап сыяктуу таштандылар да көбөйүүдө.

“Movegreen” кыймылынын мүчөсү, экологиялык активист Бактыгүл Стакеева Бишкектин экологиясы канчалык булганганын карантинден кийин таштанды полигонуна барып, текшерип байкаса болот деген ойдо:

Бактыгүл Стакеева

"Пандемиянын кесепетине токтолсок, ооба, азыр адамдардын баары үйдө отурат. Атмосферага зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпай калды, аба тазарды деп сүйүнүп жатпайбызбы. Бирок бул абал көпкө созулбайт. Себеби, ар бир экономикалык кризистин экологияга абдан чоң кесепети тийген учурлар катталган. Карантин бүтөрү менен дүйнөдө, бизде деле өнөр жай кайра жанданат. Дагы бир фактор – таштандылар. Мындан 5-6 жыл мурда эле Бишкектин четиндеги таштанды полигону 30-40 гектардай болчу. Азыр 400 чарчы гектарга жетти деп жатышат. Сырттан желим баштыктарга оролгон, жаратылышка зыяндуу таштандылар бизде көзөмөлсүз эле агылып келүүдө. Анан калса бизде таштандыны сорттоп, кайра иштетүүчү завод жок. ЮСАИД курат деп жаткан эле, ал долбоорго эмне болду белгисиз. Карантин маалында адамдар үйдөн чыкпай азыктанышты. Тамак-аштын баары желим баштыктарга оролгон. Таштанды полигонунун аянты карантинден кийин канчалык чоңойгонун тактап туруп эле, коронавирустун Бишкектин жаратылышына тийгизген зыянын эсептеп чыкса болот".

Аймактарда, айылдарда абал жакшы эмес

Бактыгүл Стакеева бир нече жылдан бери Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири шаарлардагы зыяндуу заттардын өлчөмүн изилдеп келет. Ал Ош шаарында да аба таза эмес деп эсептейт. Аймактардагы экологиялык көйгөйлөр карантин маалында, андан кийин деле курч болуп жатканын айткан окумуштуулар да бар.

Абдужапар Аккулов

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Абдыжапар Аккулов быйылкы жаз мезгилинде аба ырайы жагымдуу болгондуктан, Ош шаарындагы көрсөткүчтөр жакшы экенин айтты:

"Быйылкы жаз жаанчыл болду, мен ушуга абдан сүйүнүп жатам. Адистердин тили менен айтканда, жазгы жаан-чачындын нормасы жакшы болду. Абанын температурасы жогору болгону менен жамгыр улам жаап жатат. Буга кошумча, биздин шаардын абасы ал жайгашкан рельефке да байланыштуу. Ош шаары шамалдап турган жерде болгондуктан, Бишкектегидей абасы көпкө булганбайт, жел айдап кетет. Жазгы талаа, токойчулук иштерим көп болгондуктан, азыр айыл жерине, ары-бери көп каттап жатам. Ош шаарынан байкаганым, таштандылар азайды. Балким эл көчөгө чыкпай жаткандыктанбы, шаарыбыз тазара түштү".

Кыргызстанда экологияга 1990-жылдан бери фундаменталдык деңгээлде көңүл бурулбай, тийиштүү мыйзамдар иштелип чыкпай, айрыкча башаламан мал чарбачылыгынан улам жердин кыртышы өтө начарлап кеткени көптөн бери айтылып келет.

Токойлор жоголууда

Абдыжапар Аккулов дал ушул проблемага токтолуп, азыркы тапта Кыргызстандын ар бир айылында малды максатсыз баккандыктан жер кыртышы бузулуп, экология оор жоготууга учурап жатканын белгиледи. Аккулов бул багытта жаңы, стратегиялык иш алып баруу керек деген ойдо:

"1990-жылдары эгемендүүлүк алып жатканда Кыргызстанда Токой кодекси кабыл алынган эле. Анда токойлор экологиялык кыртышты коргоп туруучу мааниге ээ, аны улам көбөйтүп туруш керек деген пункт бар эле. Токойдон курулуш материалдарды алса болбойт деген эреже да бар. Бирок, бизде бул аткарылган жок.

Эмнеге бизде экологиялык маселелер улам орчундуу, чоң көйгөйгө айланууда? Себеби, биз токойлордон ажырап жатабыз. Жылына тескерисинче 10 миң гектардан көбөйтө турган күчүбүз бар да. Токой аянтын көбөйтүү боюнча стратегиялык иштер такыр жүрбөй жатпайбы. Болбосо Кыргызстандын климаттык шартында жүздөгөн, керек болсо миллион гектар токой өстүрсө болот. Бизге куу таякты сайса деле дарак чыгат да. Тилекке каршы, экологияга, жаратылышка азыр эч ким көңүл бурбай жатат. Улуттук деңгээлде программаларды кабыл алып, мал чарбачылык ишин жөнгө салып, токой өстүрүү деген түшүнүктү элге жайылтып, элдин экологиялык сабаттуулугун арттырбасак, кесепети оор болуп жатпайбы. Сел жүрүп, көчкү алып кеткен айылдар канча? Эл арасында агартуу иштерин жүргүзүш керек эле".

Паркта жалгыз калып, энергетикалык ичимдиктин бөтөлкөсүн кармаган тыйын чычкан

“National Geographic” журналы Гарвард университетинин изилдөөсүнө таянып, COVID-19 узак жылдар бою абадагы кир заттар менен дем алган адамдарда дем алуу органдарынын оорусу өтүшүп кетип, өлүмгө алып барарын жазды.

Окумуштуулар коронавируска чалдыккан америкалык 3 миңдей адамдын кайда, кандай шартта жашарын анализдешкен. Каза болгон адамдар жашаган шаарларда абанын булгануусу бул оорудан айыгып чыккандарга салыштырмалуу 15% жогору болору билинген.

Гарварддын биостатистика боюнча профессору Франческа Доминики: “Эгер сиз коронавирусту жуктурсаңыз, буга кошумча абасы кир шаарда жашасаңыз, отко май чачкандай эле вирус организмиңизди жок кылат”, - деген.

Кыргызстанда азырынча вирустан каза болгондор жашаган географиялык абал, экологиялык кырдаал карала элек. Бишкектеги абаны ченеген жабдуулар бир айдан ашуун жашыл шкалада турганы менен карантинден кийинки абалды анализдеп, алдын алуу иштери белгиленген жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​