Эрте никелешкендер үчүн энелер соттолду

Сүрөттөгү каармандардын окуяга тиешеси жок.

Оштун Араван районунда 16 жашка толо элек кыз телефон аркылуу никеге туруп, турмуш жолуна аттангандыктан кайненеси жана таенеси соттолду. Өзү Орусияда жүрүп, Кыргызстандагы кызга үйлөнүп алган жигиттин иши тергелип жатат. Аларга нике кыйган молдо акталды. Эксперттер жашы жете эле кыздарды турмушка мажбурлаган тараптарды жоопкерчиликке тартуу менен бул көйгөйдү кайсы бир деңгээлде азайтууга болоорун айтып жатышат.

Аравандын Юсупов айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 20-январында он алтыга толо элек, кош бойлуу болуп калган кыз Орусияда иштеп жүргөн 19 жаштагы жигитине турмушка чыккан. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, молдо никени телефон аркылуу кыйган:

- Нике кыйылган учурда жигит Орусияда болгон. Молдо анын макулдугун телефон аркылуу алган. Жигит Кыргызстанга келе электигине байланыштуу анын иши өзүнчө тергелип жатат. Экөө кыз-жигит болуп жүрүп, кыздын боюнда болуп калган. Ошондон нике кыйдырууга мажбур болушкан.

Парламент "жериген" нике мыйзамы

Парламент "жериген" нике мыйзамы

Айрым пикирлер боюнча, депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам долбоор, көп аял алууга жолтоо болмок.

Бул окуя боюнча кыз төрөгөндөн кийин кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында кыздын 57 жаштагы таенеси Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Никеге мажбурлоо") боюнча айыптуу деп табылган. Сот ага "бир жыл аялдар колониясында жаза өтөсүн" деген өкүм чыгарган. Бирок ошол эле кодекстин 63-беренесине (“Шарттуу соттоо”) ылайык, жазаны бир жылдык шарттуу мөөнөткө алмаштырган.

Ал эми жигиттин 54 жаштагы апасы былтыр октябрда төрт жылга кесилип, айыбы эки жылдык шарттуу жазага жеңилдетилген. Нике кыйган молдого карата да кылмыш иши козголуп, бирок тергөөдө иши кыскарганын облустук соттун өкүлү Бекзат Осмонкулов билдирди.

- Молдого да кылмыш иши козголгон. Бирок тергөөдө анын аракетинде кылмыш курамы аныкталбагандыктан, ал акталган. Анткени кайненеси нике учурунда “кыз 18 жашка толгон” деп көрсөтмө берген.

Азырынча молдонун аты-жөнүн расмий органдар ачык айта элек. Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Шукрулло Файзуллаев айылда мурда-кийин телефон аркылуу нике кыйган учурлар жана мындай молдо тууралуу кабарсыз экенин билдирүүдө.

Ош облустук казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси Нургазы Эрмаматов бул окуяны кулагы чалганын айтып, молдонун аракетине мындайча баа берди.

Телефондон нике кыйганга шарият жол бербейт.

- Нике кыйган молдону ошол жердеги мечиттин имамы деп угуп жатабыз. Бирок бизге кайсы мечиттин имамы экени тууралуу так маалымат түшө элек. Кантсе да телефондон нике кыйганга шарият жол бербейт. Казыят же муфтият балким ага катуу эскертүү береби же башка чара көрүлөбү, ага убактысы келгенде бир чечим чыгарылат.

Ал арада Араван районунун имамы Умарали Муратов нике кыйган адам мечиттин ишине эч кандай тиешеси жок эле Калмурза аттуу жөнөкөй жаран экенин билдирди.

Эрте никеге турган келин учурда кайненесинин колунда жашап жатат. Секелек кыз менен жыныстык катнашка барган жигит Орусиядан келе элек.

Эрте келин болгон эселектер

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейин турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын жети миңдей кыз өспүрүм курагында турмуш босогосун аттайт дегенди билдирет.

Оштогу Өзбек улуттук маданий борборунун Аялдар кеңешинин адиси Сахиба Шакирова мындай окуяларды тыйыш үчүн аны ишке ашырууга кол кабыш кылган тараптар жазага тартылышы керектигин, бул башкаларга сабак болорун белгиледи:

- Бүгүн бирөө жоопкерчиликке тартылса, эртең бирөө ойлонот. Кыз ала качуу боюнча ушундай чара көрүлүп, бир-экөө соттолду эле, ала качуу азайды. Куда түшүп келип, кыздарды турмушка узата башташты. Бул жакшы нерсе.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн статистика комитетинин маалыматына караганда, 15-19 жашында көз жаргандар боюнча Кыргызстан Азербайжандан кийинки экинчи орунда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.