Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн жыйынында ички рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктар менен чектөөлөр маселеси көтөрүлдү.
Кыргызстанга караганда Орусияга Евразия экономикалык биримдигине кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн айыл чарба товарларын киргизүү тез жана жеңил жүрүп жатканын президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн жыйынында билдирди. Орусиянын президенти Владимир Путин экономикалык интеграция жолундагы тоскоолдуктар алынып жатканын айтып, жооп берди.
Маалкаткан машакаттар
ЕАЭБ уюмунун Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин онлайн-жыйынында карым-катыштын өнүгүүсүнө тоскоол болгон негизги жагдайлар аталып, ага кирген ар бир өлкө өз милдеттерин кынтыксыз аткаруу маселеси көтөрүлдү. Онлайн-жыйынга Бишкектен президент Садыр Жапаров төрагалык кылды.
Ал товарларды уюмдун ички рыногуна киргизүүдөгү машакаттар жети жылдан бери чечилбей, мамилеге жик салып жатканын айтты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын товарына караганда, ЕАЭБ уюмуна мүчө эмес үчүнчү өлкөлөрдүн айыл чарба өндүрүмдөрү Орусияга оңой кирерин изилдөө көргөзгөнүн айтты:
“Көпчүлүк учурда тоскоолдуктар биздин мамилелерге жик салып, биримдиктин терс имижин жаратууда. Мен муну жол берилгис деп эсептейм. Түшүнүктүү болуш үчүн бир мисал келтирейин. Айыл чарба өндүрүмүн Орусияга жеткирүү ылдамдыгы боюнча Экономика министрлиги өнөктөштөр менен бирге иликтөө жүргүзгөн. Бул изилдөө Кыргызстандан жеткирүүгө караганда, бир нече бажы посттору аркылуу өтчү үчүнчү өлкөлөрдөн товар жеткирүү кыйла тез жана арзан экенин көрсөттү. Ошол эле кезде ЕАЭБ ичинде бажы көзөмөлү жоюлган. Тоскоолдуктардын болушу интеграциянын максаттарын жана милдеттерин толук ишке ашырууга, эффективдүү өнүгүүгө мүмкүндүк бербейт”, - деди президент Садыр Жапаров.
Биримдиктин алакасын шарттаган келишимдеги товарларды, жумушчу күчүн жана капиталды эркин жүгүртүү кепилдиги толук аткарылбай жатканы буга чейин да айтылган. Жалпы рынокко чыгуудагы теңсиздик маселесин Армения жана Беларус да буга чейинки жыйындарда көтөрүп келген.
Эксперттик чөйрөдө уюмга кирбеген Тажикстан менен Өзбекстан Орусияга айыл чарба азыктарын, жер-жемиштерин Кыргызстанга караганда жеңил киргизип жатканы айтылган болчу.
"Чектөөлөр четинен жоюлат"
Орусиянын президенти Владимир Путин ички рынокко товар киргизүүдө маселе бар экенин, бирок четинен чечилип келе жатканын белгиледи:
“Биздин өлкөлөрдүн экономикалык мекемелери менен жөнгө салуучу органдары ЕАЭБ уюмунун ички рыногунда товар, жумушчу күчүнүн жана капиталдын эркин кыймылын камсыздоо жолундагы тоскоолдуктарды таап, аларды алып салуу аракеттерин улантууда. Соңку эки жылда эле ошондой отуз чектөө алынды. Анан албетте, жашоо өзү ЕАЭБ мейкиндигинде тоскоолдуксуз жана бирдиктүү рынокту түзүү зарылдыгын талап кылат”.
Буга чейин Орусиянын аймагына Кыргызстандан ташылып бараткан айыл чарба өндүрүмдөрү чек арадагы карантиндик кызматтар тарабынан ар кандай шылтоо менен артка кайтарылган учурлар катталган. Адатта, мындай көрүнүштөр Москванын кайсы бир маселелер боюнча Бишкекке карата саясий мамилесинин көрсөткүчү катары каралып келген.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында уюмдун ичиндеги чектөөлөр менен тоскоолдуктардын 80 пайызы чечилип калганын айтты.
Буга чейин кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиянын ишинин алкагында чек ара өткөрмөлөрү аркылуу жүктөрдү тоскоолдуксуз алып өтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Анда казак тарап Кыргызстан аркылуу кирген аткезчилик менен кирген товарлардын агымын токтотуу үчүн текшерүүлөр жүрүп жатканын, санариптик документтештирүү жолго коюлса, көзөмөлдү азайтууну убада кылган.
Бул Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын учурунда дагы макулдашылганы кабарланган.
Кыргызстандын төрагалыгында өткөн ЕАЭБ уюмуна кирген мамлекет башчыларынын Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин онлайн-саммити Өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу сунушун бекитүү менен жыйынтыкталды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкек сураган төрт эркиндик
Кечээ, 26-майда саммитти утурлай Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны онлайн өткөн. Ага Орусиянын президенти, Армения менен Беларустун премьер-министрлери видео байланыш аркылуу, ал эми ошол күнү Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеринде катышкан.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан биримдикке төрагалык кылуучу катары уюмда төрт эркиндикти камсыз кылуу маселесин көтөрөрүн айтты. Алар - товар, кызмат көрсөтүү, капитал жана эмгек ресурстарынын кыймылынын биримдикте эркин болушу.
“Бул милдеттер азыр дүйнөлүк саясатта олку-солкулук күч алып, биримдиктеги өнөктөштөрүбүзгө каршы тандалма санкциялар күчөп жаткан шартта өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Мындай кырдаалда тышкы жагымсыз факторлорго каршы бардыгыбыз тең мурдагыдан да ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруубуз зарыл болуп турат” – деди.
Орусиянын президенти Владимир Путин расмий Москвага Батыш өлкөлөрүнүн салган экономикалык санкциялары жөнүндө сөз козгоп, союздаш мамлекеттерди Орусиянын аймагынан кетип жаткан европалык компаниялардын ордун баса алаарына ишенерин айтты.
"Европадагы көпчүлүк компаниялар кетип жатканын жарыялап жатышат. Айрым учурда кетип жатканын кайра жакшы дейсиң, анткени алардын ордун биз басабыз. Биздин бизнес, өндүрүш өсүп жетилди. Алар даяр орунду ийгиликтүү ээлешет. Эч нерсе өзгөрбөйт. Эн негизгиси инженердик-илимий борборлорду өнүктүрүү. Биз "евразэстин" алкагында жана биз менен кызматташууну каалагандар менен ушул тармакта өнүгүшүүбүз керек", - деди Путин.
Жалпылап айтканда, башка мамлекет башчылары биримдиктин аймагындагы товар жүгүртүү эркиндиги жана соода кызматташтыгын бекемдөө тууралуу кеп кылышты. Ошондой эле буга чейин топтолгон көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө сөз болду.
Казак лидери Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык комиссияга ашыкча укук берүүгө каршы экенин, ал аткаруучу гана орган экенин белгиледи.
"Евразия экономикалык комиссияга кошумча ыйгарым укуктарды жүктөөгө болобу? Казакстан бул жерде алдыга кетүүгө болбойт экенин, акырындан иштеши керек дейбиз. Евразия экономикалык комиссия өкмөт эмес, ал биз 2015-жылы март айындагы түзүп берген уставка тийиштүү укуктары менен аткаруучу орган", - деди Токаев.
"ЕЭАБдин жасалма базары иштебейт"
Орусия мүчө болгон биримдиктин экономикалык форуму расмий Москванын Батыш өлкөлөрүнүн катаал санкцияларына туш болгон учурда өттү. Украина Орусия согушунун кесепети ЕЭАБдин айрым өлкөлөрүн дагы кыйгап өткөн жок. Маселен, Кыргызстанда улуттук валютага карата долларды куну олку-солку абалда болуп, ишкерлерге бир топ кыйынчылык жаралды.
Саясий серепчи Руслан Акматбек бул экономикалык аянтчанын жөнүндө мындай деди:
"Азыр Орусияга санкциялар салынып турган учурда эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Учурдан пайдаланып Кыргызстан экономикалык багытын өзгөтүшү керек. Азыр санкциялар күчүнө кирип, Орусия экономикасы толук жабыркай элек. Мындай учурда Орусиядан чет өлкөлүк эмес, орус ишканалары дагы качып жатат. Алардын ордун биз кантип толтурмак элек? Биз дагы санкцияларга кабылып каларыбызды аңдабай жатабыз. Биримдиктеги маселе Орусия кубаттуу болуп турганда чечилбейт беле? ЕЭАБ бул жасалма базар. Ал Орусиянын гана кызыкчылыгына иштейт", - деди серепчи.
Дагы караңыз Кыргыз-казак алакасы: суу-энергетика, экономика, инвестицияБишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумунда ЕЭАБ мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери жана мамлекеттик органдын өкүлдөрү кызматташтыкты талкуулашты. Ал форумду ачып берген Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕЭАБдин 2021-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, биримдиктин тышкы соодадагы экспорт көлөмү 500 млрд. АКШ долларына жетип, бул 2015-жылдан бери жогорку сан экенин белгиледи. Жапаровдун маалыматында, өз ара сооданын көлөмү 70 млрд. доллардан ашкан. Акылбек Жапаров ЕЭАБдин күчтүү экономикалык уюмга айланарына ишенет.
“Батыштан чыгышка карай цивилизациялык жылыш бар. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылууда. Европага терезе жабылса, Азияга терезе ачылат! Биз өзүбүздүн Союз өзүнүн үстөмдүк позициясын ээлөөгө тийиш болгон мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнүн күбөсү болуп отурабыз. Биримдикке катышкан өлкөлөр үчүн өз ара пайдалуулугу айдан ачык. Бизде мындан аркы интеграция үчүн чоң потенциал бар. Союздук программалар интеграциянын негизги инструменттеринин бири болуп саналат. ЕАЭБ саясий биримдикке агылган экономикалык коомчулуктун үлгүсү болушу керек”, - деди Жапаров.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майдагы Бишкектеги жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага казак президенти Касым-Жомарт Токаевден башка Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон. Токаев Бишкекке 26-майда расмий сапар менен келген. ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.
2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.
Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.