Тажик баш калаасы Дүйшөмбүдө 29-ноябрда өткөн жыйында Ооганстанда тынчтык жана инклюзивдүү өкмөт түзүү темасы талкууланды. Дүйшөмбүдөгү жолугушууга талибдер келген жок. Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмад Масуд Кабулдагы өкмөттү кескин сындап чыкты.
Дүйшөмбү шаарында башталган эл аралык "Герат коопсуздук диалогунун" кезектеги жыйыны алгачкы жолу Ооганстандын сыртында өттү. Анын негизги максаты учурдагы кырдаалды талдоо жана Ооганстандагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун издөө болуп эсептелет.
Жыйында ооган элине жардам берүү, эл аралык уюмдардын талибдердин бийлигине көз карашы жана ал өлкөдөгү адам укуктарынын, анын ичинде аялдардын укуктарынын бузулушу талкууланды.
АКШнын Индиана университетинин профессору Назиф Шахрани ооган маселесин чечүү үчүн оболу эл аралык тынчтык комиссиясын түзүүнү сунуштады.
"Комиссиянын башында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши турсун. Анын жанында Ислам кызматташтык уюму, Евробиримдик жана Шанхай кызматташтык уюму колдосо, бул төрт ири эл аралык институт талибдерге жетишүү басымды көрсөтө алат".
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага ооган маселесине кызыкдар бардык топтордун жана өлкөлөрдөн 120 эксперт катышты.
Тажик бийлиги бул конференцияга талибдер чакырылганын кабарлаганы менен алар иш-чарага келген жок. Анын алдында "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Билал Карими "Ооганстандын жыргалчылыгына багытталган кандай гана иш-чара болбосун колдоого алынарын" айткан.
Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри Додфар Сипанто "талибдер Ооганстанда инклюзивдүү саясий система түзө аларына ишенбейм" деп билдирди. Ал азыркы Кабул өкмөтүндө бийликти бөлүшүүгө саясий эрк жоктугун белгиледи.
"Ооган элинин тандоо укугуна негизделген өкмөт түзүлүшү керек. Бийликти куралдын күчү менен басып алуу дүйнөнүн эч бир жеринде максатына жеткен эмес".
Ал эми жыйынга катышкан Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Фарход Салим Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнө да таасирин тийгизип жатканына токтолду:
"Ооганстандын аймагында террордук топтордун мүчөлөрүнүн активдүүлүгү бизди тынчсыздандырууда",- деди ал.
Шаршембидеги отурумга Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмад Масуд да барды. Ооганстандагы тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын кошуп, “Панжшердин арстаны” аталган маркум Шах Масуддун уулу Дүйшөмбүгө качан жана кандай жолдор менен киргени белгисиз.
"Талибан" Кабулду көзөмөлүнө алгандан кийинки бир жылдын ичинде дүйнө коомчулугу менен аймактагы өлкөлөрдүн бийлиги талибдерди сындагандан, айыптагандан башка Ооганстанга эч нерсе кылбаганына күбө болдук. Мындай аракет "Талибан" кыймылынын саясатын өзгөртпөйт. Биздин фронттун негизги максаты – бардык ооган жарандарынын укуктары менен эркиндигинин сакталышын камсыз кылуу. Бул үчүн ооган элинин негизги каалоосу болгон инклюзивдүү өкмөт түзүлүшү керек".
Ал ошондой эле "Талибан" кыймылы бийликке келгенден бери Ооганстан аймактык жана эл аралык террорчуларды даярдоочу гана жер эмес, эзилген ооган эли үчүн чоң түрмө болуп калганын кошумчалады.
Ооганстандын түндүгүндө жайгашып, негизинен этникалык тажиктер отурукташкан Панжшер провинциясы талибдердин карамагына өтө элек жалгыз аймак.
Буга чейин "Талибан" кыймылы Тажикстан менен чек аралаш аймакка өз аскерлерин жөнөткөнүн "Озоди" радиосу да жазган. Андан мурда талибдер Тажикстан менен чектешкен беш аймакты "Ансоруллах" тобунун көзөмөлүнө өткөрүп бергени маалымдалган.
Бирок соңку күндөрү Панжшер, Баглан жана Тахор провинцияларында талибдер менен аларга каршы чыккан топтор ортосунда айыгышкан салгылаштар жүрүп жатканы утур-утур кабарланууда.
Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылдын август айында басып алып, Ооганстан Ислам Эмираты негизделгенин жарыялашкан. Бийликке келгенине бир жыл болгону менен аларды дүйнөдөгү бир да мамлекет тааный элек.