Жохар Дудаев жана баскынчыл рашизм

Жохар Дудаев. 1995-жыл.

Интернетте кеңири таркап жаткан даректүү тасмада эгемен Ичкериянын алгачкы президенти Жохар Дудаевдин “русизм” тууралуу айткандары чагылдырылган. Тарыхчынын блогу.

1995-жылга таандык делген даректүү тасманы бир нече ирет көрүп чыктым. Пост-советтик эгемен Ичкериянын алгачкы президенти Жохар Дудаев (1944–1996) бул тасмада камтылган кеңири маегинде Орусиянын азыркы президенти Владимир Путиндин режиминин жосунсуз жоруктарын тим эле “пайгамбардай” алдын ала айткан экен.

Адатта, аскер колбашчы болуп жүрүп мамлекет башчысы кызматына жеткендерди “жоокер сөрөй” (“солдафон”) сыяктуу эпитеттерге бай келекелөөчү сөздөр коштойт эмеспи.

Бирок Жохар Дудаевдин бул тасмадагы сөздөрүнөн кишини ичиркенткен муздак суу бетке себилгендей ачуу чындыкты жана саясат таануудагы ой мурасты табууга болот.

1995-жылы “Взгляд” (“Көз караш”) сыналгы берүүсү үчүн алынган бул орус тилиндеги маекти эми украин тилиндеги котормосу титрде берилип кайра жарыялашкан экен.

Ал убакта (1995-жылы) азыркы авторитардык тартипти чыңдаган президент Владимир Путиндин саясатта эч кандай аты-жыты жок болчу.

Бирок анын тушундагы (б.а. азыркы) Орусиянын саясатынын талуу жактары тууралуу баяндап жаткандай туюлган Жохар Дудаевдин акырын, жайбаракат сүйлөгөн сөздөрү орусиялык чабуулдун айынан набыт кеткен Дудаев тим эле тирүү кезинде болочокко карай учуп барып, 2008-жылкы Грузиядагы жана 2014–2023-жылдардагы Украинадагы окуяларга күбө болуп, кайра 1995-жылга кайтып барып, маек кургандай таасир калтырат экен.

Анын маеги камтылган тасмадагы данектүү делген ойлорунун бирин атай кетсек, Орусияда бийликтер гана эмес, карапайым калайыктын кыйла бөлүгү да “русизм” (азыркы тапта “рашизм” деп да айта башташты) оорусуна чалдыккан.

Дал ушул империячыл "русизм" оорусу Орусияны Украинага каршы жана Кырым жарым аралы үчүн болочокку согушка кириптер кылышы ыктымал экендиги жөнүндө, бул ири өлкөдө “славянчылдык” идеяларына обу жок берилгендер тууралуу, өлкөнү “рекеттик мамлекеттик түзүлүшкө” такагысы келгендер жөнүндө, сырткаркы жактарга баскынчыл согуш аракеттерин жүргүзүү аркылуу “русисттик режим” өз өлкөсүнүн ичине да согуштук жаңжалды таңуулап алышы ажеп эместиги тууралуу жана башка жоромолдор камтылган.

Албетте, азыркы ар кандай киши бул тасманы өз алдынча көрүп, өзүнүн жеке турумун тактоосу кажет. Биз бул тасма жаатында өз пикирибизди гана таңуулагандан алыспыз.

Эрксизден менин көз алдыма Жохар Дудаев мырза 1992-жылы августта Кыргызстандын ордо шаары Бишкекке келип, кыргыздардын диаспорасынын Биринчи бүткүл дүйнөлүк курултайына катышып кеткендиги менен байланыштуу көрүнүш келди. Аны Кыргызстандан бүт дүйнөгө даңазалуу болгон чечен бийчиси, эл артисти Махмуд Эсамбаев (1924–2000) коштоп жүргөндүгү да эсте.

Ал кездеги президент Аскар Акаев Жохар Дудаевдин келишине бөгөт коё алган эмес, бирок орус президенти Борис Ельцинден чочулап, эгеменчил чечен лидеринин Кыргызстанга жасаган сапарын жымсалдоого бар аракетин жасагандай туюлган.

Дудаевдин бул сапары постосоветтик Борбордук Азиянын кайсы бир өлкөсүнө жасаган анын алгачкы жана акыркы сапары болгон дешет.

Эми акыл калчап көрсөк...

Деги өз аймагынын далай бөлүктөрү алигиче кол жетишпей кароосуз кала берип жаткан путиндик Орусия үчүн 2008-жылы эгемен жана дос делген Грузиянын аймактары болгон Түштүк Осетия менен Абхазияга кол салуунун жана бул аймактарды бир тараптуу түрдө ыңкылапчыл Грузиядан четтетүүнүн кандай кажети бар эле?

Ошол окуялардан соң, 2008-жылы 30-августта Владимир Путин немис сыналгысы үчүн курган маегинде Кырым жарым аралы Украинага таандык экендигин, Украинага карата Орусиянын эч кандай аймактык дооматы жоктугун баса белгилеген.

Ал эми 2014-жылы 28-февралдан тартып жана кеңири өлчөмдө 2022-жылдын 24-февралынан тартып путиндик Орусия бир тууган чыгыш славян өлкөсү делген Украинага каршы баскынчыл согуш жүргүзүүдө.

Жогорудагы Дудаевдин маеги бул окуяларга “диагноз” коюуга мүмкүндүк берет.

Бул баскынчыл оору – жалпы Евразиянын оодук бөлүгүн өз менчиги жана өз таасири астындагы гана аймак катары бир тараптуу санаган “русисттик” ("рашисттик”) империячыл түшүнүктүн туундусу.

(Кыргызстан эли, маселен, өз өлкөсүн Орусиянын кол баласы катары эч санабайт).

Орусияда абдан мыкты досторум бар, алардын көбү азыркы путиндик баскынчылыкка ичинен каршы тураарын бөркүмдөй көрөм.

Ошол эле учурда Орусиядагы калайыктын бир кыйла бөлүгү Путин “атайын аскердик чара” деп жымсалдаган демократиячыл Украинага каршы баскынчыл согушту тикелей айыптабастан, тескерисинче, бул адилетсиз согушту түз же кыйыр колдоого алып жаткандыгы деле айдан ачык көрүнүп жатпайбы.

Атаганат, интернетке чектөө кирген Орусияда Жохар Дудаевдин бул маегин көптөгөн карапайым орусиялыктар көрө да алышпайт. Демек, алар өз өкмөтүнүн баскынчыл саясатына каршы кайчы пикир бар экендигин талдоо жагынан да өксүп келишет. Бул – өтө кейиштүү жагдай.

Маалыматтык бул бир тараптуулук да “рашизмдин” маанилүү пайдубалы экендиги шексиз.

Бул “рашисттик” түшүнүктүн үгүтүнүн эпкини Кыргызстандагы калайыкка да тийип жаткандыгын Украинада баскынчылар тарапта согушун жатып набыт кеткендердин Ала-Тоого жеткирилген табыттары деле айгинелеп жатат.

Үмүтүбүздө, Орусиядагы элдин калың катмары акыры ойгонбой койбойт.

Айкындуулук аркылуу гана бул “рашисттик” илдетти ашкерелеп, андан айыгууга мүмкүн.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.