Орусияда айрым саясатчылар менен президенттин алдындагы адам укуктары боюнча кеңеши Бишкекте орус тилдүү жаран кабылган окуя боюнча өтө курч билдирүү жасашты.
Сөз оюн-зоок борборундагы кассирге кол көтөрүү жана жайкы лагерде сабалган бала тууралуу болуп жатат. ЛДПРдин лидери Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды чыгаруу керек дегенге чейин барды.
Мындай реакциянын артында эмне болушу мүмкүн? Орус саясатчыларынын билдирүүлөрү эмне максатты көздөйт? “Азаттыктын” суроолоруна Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов жооп берди.
- Мындай курч билдирүүлөр эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз, мекендештерине кам көрүүбү же саясий боёк барбы?
- Албетте, бул жерде саясий боёк басымдуулук кылат. Орусияда бир айдан кийин Думага жана парламенттик шайлоолор болорун унутпашыбыз керек. Андыктан максатына оңой жетүүнү көздөгөндөр жана өзүн башкаларга эстетүүнү каалагандар жанданып баштады. Бул ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы болгон, "улуу державага" болгон сагынычы бар орусиялыктардын добушун алуу үчүн болгон күрөш. Жириновский менен Володиндин айткандарын маргиналдардын сөзүнө теңейм жана бул популисттик, примитивдик билдирүү. Алар шайлоочу деп аталган ошол классты түзүп, ага таянууда.
Володин Думанын төрагасы, эми аны саясатчы катары узатат окшойбуз. Анткени ал шайлоодон кийин Думанын төрагасы болбойт. Ал Орусиянын президентинин жакын санаалашы катары өзүнүн ресурсун колдонуп бүттү. Азыр ал бар экенин эстетүү үчүн ушундай жол менен публикага ойноп жатат. Адам укуктары боюнча кеңештин реакциясы тууралуу айтсак, ал дагы орус тилдүүлөр кысмакка алынып жатканы тууралуу көнүмүш сөздөрүн айтууда.
Бул окуя Орусияга карата Кыргызстандагы жалпы маанайды көрсөтпөйт. Аны ого бетер курчутуу бул абдан акылсыз жийиркеничтүү тактика.
- Демек, саясатчылардын мындай билдирүүлөрү Орусиянын ички аудиториясына багытталган турбайбы.
- Сөзсүз. Бул ачыктан ачык Орусияда спекулятивдик ксенофобиялык сезимдерди колдонуу менен ойноо тактикасы.
- Сиздин оюңузча азыр Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле кандай?
- Өзгөчө эч нерсе жок, мурунку мезгилдерге салыштырмалуу көңүл бурууга арзый турган укмуштуу же таасирдүү нерселерди мен белгилегим келбейт. Кыргызстандын алтынчы президенти Москвага барып келди, аны карап, угушту. Ал өзүн токтоо алып жүрдү. Себеби, анын тамырын тартып жатканын түшүндү. Ал бир жума мурун убадасын аткаруу үчүн кичинекей сыноодон өттү. Биринчи президент Аскар Акаевди чакырып, анын коопсуздугуна кепилдик берди жана аткарды. Аскар Акаев мурдагы күнү Москвага кайтты. Мунун өзү кайсы бир деңгээлде Москва менен макулдашуу болгонун күбөлөйт. Орус бийлиги буга канааттанбай калышы мүмкүн эмес эле.
Кантсе да Москвада алар кош бийликтин (дуумвират) лидери президент Жапаров менен бул кош бийликтин экинчи адамы Камчыбек Ташиевдин айырмасын көрүшсө керек. Алар бул көрүнүктүү кыргыз ишмерлерин колдогондордун ортосунда өлкөдө кандайдыр бир чыңалуу бар экенин түшүнүшөт жана ага байкоо салып жатышат. Менимче, алардын биринчисине артыкчылык беришет. Бирок бул менин корутундум.
Дагы караңыз Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында акция өткөрдү- Саясатчылардын мындай билдирүүлөрүнүн келечеги жокпу?
- Менин баамымда, кайсы бир конкреттүү кадамдар менен ишке ашпайт. Биз айтып жаткан жек көрүү сөздөрү, сөзсүз терс баа берүүнү талап кылат, кыргыз бийлигинин өкүлдөрү дал ушундай кылды. Менин түшүнгөнүм боюнча кандайдыр бир териштирүү жүрөт. Бирок бул саналуу гана окуя, Москва кандайдыр бир реакция кыла турган тенденция тууралуу айтсак андай болбойт. Ушул нерсеге жармашты да калышты, болбогон нерсени чоң кылып көрсөтүп, ошол нерсе менен ойноп жатышат. Кайталайм, бул ыплас, уятсыз, зыяндуу ксенофобиялык саясат.