БАЭ: Мигранттарга берилген беш миллион сомдун дареги

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10-майда Дубай шаарынан Бишкекке 180ге чукул кыргызстандык учуп келери кабарланган. Буга чейин эки жолу чартердик каттам уюштурулуп, кыргыз жарандары мекенине келишкен. Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугу кыргыз диаспорасынын активисттери менен бирге пандемия маалында ишсиз калып, жардамга муктаж болгон мигранттарга колдоо көрсөтүп жатат. Бишкектен келген финансылык көмөктү бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага Башкы консулдуктун кызматкерлери менен диаспоранын активисттери кирген. Жардамга муктаж мекендештер jardam.uchak@gmail.com (билет үчүн) жана jardam.uae@gmail.com (мейманкана жана тамак-аш үчүн) даректерине кат жазып, тиешелүү кагаздарды толтуруп жибергенден кийин активисттер алар менен байланышат. Коронавирус кризиси күчөгөндө кыргыз өкмөтү Орусиядагы мигранттарын колдоого он миллион сом, Бириккен Араб Эмираттарына беш миллион сом бөлгөн. Бул өлкөдө 3000 кыргыз жараны расмий катталган. Дубай шаарындагы Башкы консулдукту Айбек Маматбеков жетектейт.
10-майда Дубай шаарынан Бишкекке 180ге чукул кыргызстандык учуп келери кабарланган. Буга чейин эки жолу чартердик каттам уюштурулуп, кыргыз жарандары мекенине келишкен.
Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугу кыргыз диаспорасынын активисттери менен бирге пандемия маалында ишсиз калып, жардамга муктаж болгон мигранттарга колдоо көрсөтүп жатат.
Бишкектен келген финансылык көмөктү бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага Башкы консулдуктун кызматкерлери менен диаспоранын активисттери кирген. Жардамга муктаж мекендештер jardam.uchak@gmail.com (билет үчүн) жана jardam.uae@gmail.com (мейманкана жана тамак-аш үчүн) даректерине кат жазып, тиешелүү кагаздарды толтуруп жибергенден кийин активисттер алар менен байланышат.
Коронавирус кризиси күчөгөндө кыргыз өкмөтү Орусиядагы мигранттарын колдоого он миллион сом, Бириккен Араб Эмираттарына беш миллион сом бөлгөн. Бул өлкөдө 3000 кыргыз жараны расмий катталган. Дубай шаарындагы Башкы консулдукту Айбек Маматбеков жетектейт.