"Дордой": таңгакчынын көрүнбөгөн түйшүгү

Күз келип "Дордой" базарындагы товар таңгактаган чакан жайда жумуш кызыган. Мында соодагерлер "Дордойдон" сатып алган товарларын таңгактап, Орусия менен Казакстанга алып кетет. 

Абдулла (аты өзгөртүлдү) өзү Баткенде туулуп-өскөн. Үй-бүлөсү азыр Баткенде жашайт. Жыл сайын каражат табыш үчүн Бишкекке келип иштеп кеткенге мажбур.

"10 жыл "Дордойдо" араба түрттүм. Дагы 10 жылым товар таңгактоо менен өтүп жатат. Эки баламды ушул "Дордой" базарында иштеп багып, азыр окутуп жатам", - деди Абдулла. 

Абдулла күнүнө төрт-беш таңгак товар таңгактайт. Ар бир таңгактын баасы 600 сом. Ал эми товар таңгактоочу аппаратты ижарага алган. 

"Товар таңгактаган аппараттын ижарасы айына миң сом. Таштандыга, тазалыкка, кароолчуга төлөйбүз. Андан сырткары товарларды таңгактаганга мүшөк, жип, скотч алабыз. Алардан ашканы гана чөнтөгүбүзгө калат. Бирок жаман деп айта албайм. Иштейм дегенге жумуш да, акча да табылат", - дейт ал. 

Товар таңгактаган базар. Бул жерде 40тай товар таңгактаган темир аппараттар бар. Күнүнө жүзгө жакын киши иштеп, каражат табат.

Темир аппарат менен кийимдерди таңгактоо учуру. 

Базарда бири товар таңгактаса, бири араба менен таңгакталган буюмдарды автобустарга жеткирип, башкалары аларды жүктөп иштейт.  

Таңгакталган товарлар Орусиянын жана Казакстандын ар кайсы шаарларына жиберилет.  Товарлар ар бир өлкөгө өзүнчө баа менен жеткирилет. Мисалы, Орусияга бир килограмм товарды 30-50 рублга жеткирсе, Казакстанга 30-35 миң теңгеден башталат. 




 

Кыргызстанда тигилген кийимдер Орусияда жогору бааланат. 

Кыргызстан жети жыл мурда Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери, Абдулланын иши азайган. Ал муну соодагерлер товарларын таңгактатпай эле жөнөтүп калганы менен түшүндүрдү. 

"Азыр чек ара ачылып, соодагерлер товарларын капка салып эле алып ташып  калды. Мындан улам биздин ишибиз азайды. Эгер соодагерлердин баары товар таңгактатканда, биз тыным албай иштейт элек", - дейт ал. 

Аппаратта тизилип таңгакталган кийим-кечелердин сыртына мүшөк жабылып, андан кийин скотч менен оролот. Таңгакталган товар тыкан болуп көп орунду ээлебейт жана суу тийбей таза бойдон жетет. 
 

Ар бир таңгакка тосуп алчу соодагердин аты, дареги жана телефон номуру жазылат. 

Товарларын күтүп турган соодагерлер. 

Бир таңгакты жасаш үчүн жип, мүшөк жана скотч керектелет. Алардын баасы да ар түрдүү. 

Кыргызстанда жеңил өнөр жайы приоритеттүү, социалдык мааниси чоң тармак болуп эсептелет. Жумуш менен камсыздоо боюнча айыл чарба тармагынан кийинки экинчи орунда турат. Бейрасмий эсеп боюнча Кыргызстанда тигүү өнөр жайында иштегендердин саны 200 миңге чейин жетет. Буга тигүү, жүктөө, таңгактоо, жеткирүү жана сатуу тармагында иштегендер да кирет.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, соңку жылдары өлкөдө тигүүчүлөрдүн тартыштыгы өсүп, ишканалар 60% кубаттуулукта гана иштеп жатат. Мурда Москвага чейин беш күндө жетип турган жүк, кийинки жылдары Казакстанда узакка кармалып калган учурлар көбөйүп, 15 күндө жете турган болгон.

Кыргызстандын тигүү тармагы бир жылда 4 млрд. 800 млн. сомдон ашык кийим-кечек товарын өндүрсө, анын 80% Орусия менен Казакстанга жөнөтүлөт. Мындан улам базарда түрдүү кызматтар пайда болгон. Мисалы, товар таңгактаган, товарларды жеткирген атайын Карго компаниялары көп.