"Дордойдун" соодагерлери өкмөткө таарынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Дордой” базарындагы соодагерлер салык төлөөдөн баш тарта турганын айта баштады. Себеби ишкерлердин көпчүлүгү эки-үч айдан бери Кытайдан товарын алып келе албай жатат. Алар кыргыз өкмөтү кошуна өлкө менен сүйлөшүүдө чабалдык кылып жатканын, анын айынан сатуучулардын алды банкрот абалына кептелгенин билдиришти. Мамлекеттик бажы кызматы чек арадагы чектөөлөргө коронавирус пандемиясын күнөөлөп жатышат.