Дарыгерлер менен бийликтин алакасы

Иллюстрациялык сүрөт.

Бийлик менен медициналык кызматкерлердин ортосундагы ажырым улам чоңоюп бара жатат. Бул өлкөдө вирус менен күрөшүүгө өз таасирин тийгизеби? Кыргыз дарыгерлери кандай шартта иштеп жатышат?

Кыргызстанда коронавирус оорусу менен күрөшкөн да, бул вирусту эң көп жугузгандар да медициналык кызматкерлер болууда. Буга эмне себеп? Аларга бийлик убада берген кошумча акы төлөнүүдөбү? Бейтаптарды кароодо жетиштүү, витаминдүү азыктанып жатышабы? Оору жугузгандар кандай кысымга учурап жатышат? Эмнеге министрлик, өкмөт менен жөнөкөй дарыгерлердин ортосундагы ажырым улам чоңоюуда? Бишкектеги, Жалал-Абаддагы, Ала-Букадагы, Ат-Башыдагы жана Москвадагы 7 дарыгердин мисалында төмөндө бул суроолорго жооп берилет.

Вирус жугуп, айласы кеткен дарыгерлер

Ала-Бука райондук ооруканасы

19-апрелде Ала-Бука райондук ооруканасынын коронавирус жуккан бир нече дарыгеринин жетекчилигине болгон нааразылыгы тууралуу видео социалдык медиада таркады. Биз ал дарыгерлер менен байланышка чыкканыбызда аты-жөнүн жашырып интервью берүүгө макул болушту.

Дарыгердин айткандары:

«17-мартта умрадан келгендерди лицейге обсервацияга алып келип жаткырышкан. Ошолордун арасынан төртөөнүн дене табы көтөрүлүп, биз иштеген жугуштуу оорулардын бөлүмүнө алып келишти. Аларды дарылаганы биз киргенбиз, төртөөнө кошуп, бир келинди үйүнөн алып келишти. Ошол беш бейтапты 10 күн карагандан кийин азыр бизди обсервацияга жаткырышты, анализдерибизди күтүп жатабыз.

Үч маал ысык тамак алып келип, сырттан таштап кетишет. Бизге коргоочу каражаттар берилген эмес, бир ирет колдонгон респираторду «көпкө чейин тага берсеңер болот» деп беришкен. Халаттары кадимкидей эле чүпөрөк, артынан байлама болчу, ачылып кала берет эле. Аны кечкисин хлорго чылап жууп, эртеси кургай электе эле кийип кирчүбүз. Мунун баарына ким күнөөлүү экени эми аныкталабы, билбейм.

1-апрелде обсервацияга кетерде жетекчибиз бизди чакырып, «оозуңарды жаап, эч кимге эч нерсе дебегиле» деди. Март айындагы айлыгым да аз чыгыптыр. 9-10 миң сомдой алчу элем, мурда. Эсепчиге чалсам, «марттагы айлык - 8 миң сом» деди. Демек, эч кандай акча кошулган эмес. Вирус чыкканда тынбай иштеген 46 сааттык иштерибиз кандай болот, билбейм. Ар бир үч саат сайын 1% хлор менен палаталарды улам жууп-тазалап, бардык нерсени өзүбүз дезинфекциялап жүрдүк.

Вирус башталгыча эч кандай даярдык көргөн эмеспиз. Анан эле 1-2 жолу атайын кийимди кийгизип машыктырып туруп «болгула» деп эле коронавирус менен ооругандарды дарылоого киргизип жиберишти. Менин эми эки неберем бар, үйдө бир буту сынган кайним жатат, жолдошум иштебейт, алар деле «күнү-түнү жумуштасың» деп нааразы болушууда. Мен жок эптеп тиричилик кылып жатышат.

Жардам деп бир кап ун, 5 литр май, 5 кило шекер, макарон беришиптир. Ошо. Айлык чыкканын уктук, бирок колубузда акча жок. Бизге 3 маал тамак беришет, ошону менен жатабыз, анан кантип иммунитетибиз көтөрүлөт?»

Бул дарыгер «Азаттыкка» интервью бергенден бир нече күн өтүп, анализдери чыгып, коронавирус тастыкталып, азыр райондук ооруканага кайра которулду. Учурдагы абалын телефон аркылуу билүү мүмкүн болгон жок. Жетекчилигинен чочулап, сүйлөшө албады.

Ала-Бука районундагы медайым:

«Биз биринчи аныкталгандарды дарылап чыккандан кийин обсерваторияда жаткандар 25 медикпиз. Ооруканада 6 медик иштеп жатат. Биздин арабыздан оору жугузгандар төртөө чыгып, үчөө айыгып, бирөө калды. Бирок биздин арабыздан да ооруп калгандар чыгып жатат. Алардын тапшырган анализдерин жумалап чыгарбай, жыйынтыгы чыкса да айтпай, бизден жашырышууда. Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери «дарыгерлерди коргонуучу каражат менен камсыз кылган эмес» деп айыпталып, иштен кетип жатканын билесиз да? Эми бизге оору жукканы үчүн ал иштен кетсе ким жооп берет? Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп жибериптир деп уктук. Ал комиссияны биздин мурдагы башкы дарыгер 5 маал тамак берип сыйлап жатыптыр деп да угуп жатабыз. Обсервацияда эптеп-септеп 3 маал араң тамак жеп биз жатсак, алар эмне, шылдыңдаганыбы? Эми комиссиянын оозун жапканы жатышабы?

Бул жакта өтө жөнөкөй, карапайым медиктер жатышат. Эртең баарыбыздын анализибизден вирус чыкса, биз кайра ошол ооруканага түшөбүз. Бизди ким дарылайт? Себеби, бизди эпимедия башталганда эч кандай коргонуучу каражаты жок эле, бир ирет колдоно турган респираторду «улам-улам колдонгула» деп киргизип жиберишкен, бир жолу кийчү халаттарды улам жууп кийгенбиз. Ушунун баарын башкы медайым комиссия келсе жашырып койгону менен короодо жайылып турган жеринен көрүп, сүрөткө тартып алышты. Эмнеге жашырышат? Биздин да үй-бүлөбүз, бала-чакабыз бар, алар азыр кыйналууда.»

Ала-Бука районундагы ооруканада дарыгерлер COVID-19 вирусун жугузуп алганын иликтөө иши аягына чыкканын Саламаттык сактоо министрлиги 14-апрелде билдирген. Бирок кандай чечим чыкканы маалым болгон эмес.

Кошумча төлөмдөн кабар жок

Биз менен сүйлөшкөн медиктердин дээрлик баары «кошумча төлөмдү ала элекпиз» дешти. Буга чейин Интернетке саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикеримовдун колу коюлган буйруктун сүрөтү жарыяланган. Анда 15-апрелде кол коюлган эпидемологиялык кырдаалдан улам медициналык кызматкерлерге айлык акы төлөө боюнча буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө айтылган. Ушундан улам айрым түшүнбөстүктөр келип чыккан. Саламаттык сактоо министрлиги бул маселеге 20-апрелде түшүндүрмө берди. Анда айтылганга караганда, коронавирустун учурунда медициналык кызматкерлердин айлык акысын төлөө боюнча жокко чыгарган буйруктун ордуна өкмөт жаңы токтом чыгарат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» министрликтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди. Анын айтымында, пандемия учурунда иш токтоп турган шартта төлөнчү айлык акы боюнча 15-апрелде чыккан буйрук айрым мыйзамдарга дал келтириш үчүн гана жокко чыгарылды. Аталган токтомдогу айрым нормалар Эмгек кодексинде каралбай калган. Эми дарыгерлерге айлык акыны төлөө боюнча өкмөттүн токтому чыкканы жатат.

«Жаңы токтомдо дарыгерлердин айлык акысынын суммасы же шарттары эч өзгөрбөйт. Айрым процедуралык маселелер үчүн гана өзгөртүлүп жатат», - деди Жумакеев.

Өкмөт коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине март айынан тартып 38 миң сомдон 48 миң сомго чейин кошумча айлык акы төлөнүп берилерин билдирген.

Бишкек, №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору

Борбордун кызматкерлери 18-марттан бери Бишкектин жогорку райондорундагы үй карантининде жаткан коронавируска шектүүлөрдүн баарын жөө-жалаңдап, эч кандай коргонуучу каражаттары жок кыдырышып, анализ алып, байкоо жүргүзүп иштешкен. Ошол эле маалда бейтапкана да өз тартибинде ишин уланткан.

Жүздөгөн адамдарды үйүнөн кыдырып, шектүүлөрүн обочолонтуш үчүн шаардан эпидемолог-дарыгерлерди бейтапкананын директору Гүлнара Ташыбекова атайын автоунаа жок, өз машинеси менен ташыган, өз каражатына коргоочу каражаттарды сатып берген.

16-апрелде 4 кызматкеринен COVID-19 аныкталып, экспресс-тест тапшыргандан кийин дароо алар өзүлөрүн карантинге алышкан.

«Кызматкерлеримдин саламаттыгын тилеп жатам»

Вирус борборунун директору Гүлнара Ташыбекова, анын орун басары баштаган бир нече жооптуу адамдар да шек саналып, алар Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматтан карантинди, дарыгерлерди дарыланууга алып кетүүнү, ооругандар менен байланыш кургандарды обсервацияга жаткырууну суранышат. Бирок, директордун айтымында, алардын бул суранычы аткарылбай, борбордун 23 кызматкери Чоң-Арыктан Бишкектин Медеров көчөсүндөгү «Гарден» мейманканасына чейин жөө-жалаңдап келип, обсервацияга жатууну талап кылышып, сыртта 5-6 саат турушкан. Мунун баарын директор Гүлнара Ташыбекова шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун башкаргандардын, санитардык-эпидемиялык кызматтын шалаакылыгы катары баалады:

«Мэриянын саламаттык сактоо башкармалагынын жыйындарында какшап айтып жаттым. «Бизге коргоочу каражаттар керек, алар тартыш» деп. Январда вирус башталгандан тартып эле бул маселени көтөрүп, ал тургай өз каражатыма коргоочу кийимдерди, беткаптарды алып, бейтапканага бир бөлмөнү изолятор катары камдап койгон элем. Бирок башкармалык биргелешкен атайын бюджеттен акча бөлүп берген жок. Кызматкерлерибиз өлкөдө вирус башталганда коргоочу каражаттары жок эле иштеп жүрүштү.

Бизди болушунча жетекчилик басынтып, кемсинтип келет. Мен азыр алардын эч кимисинен коркпойм, кааласа сотко берсин, кылмыш ишин козгосо да баары бир ак экенимди билем, далилдеп берем. Себеби, кол алдымдагы кызматкерлерди коргош үчүн бардык инстанцияга чейин кайрылып, сурадым, бирок оңгулуктуу жооп ала алган жокмун.

Гүлнара Ташыбекова.

Азыр мени коркутуп, чындыкты айтышыма тоскоол кылгысы келип жатышат. Кыргызстандагы 2 революцияны башынан өткөргөн дарыгермин. Эки ыңкылапта тең «Тез жардам» кызматын жетектеп тургам, кризистик шартта дарыгерлерге кам көрүүнү мыкты билем. Азыр гуманитардык жардам келип, «медиктерди коргоочу костюмдар менен камсыз кылып жатабыз» деп жатышат. Мен жеке өзүм көптөгөн медиктер менен байланышып, ошол костюмдарды сураганымда «көргөн жокпуз» дешет. Сын айтса дароо ур-тепкиге алынат. Бул эмне деген жорук? Биз эми мына, тобубуз менен ооруп калдык, бизге байланышкан адамдардын баарын аныкташ керек. Бул үчүн эбегейсиз ресурс талап кылынат. Анын баарын медиктер аткарышы керек. Бизде медиктер жетиштүүбү? Албетте, жок! Анан ушундай шартта эмнеге бизди калкалап, ар бирибизге кам көргөндүн ордуна жетекчилик кайра ур-тепкиге алат? Мен аларга вирус аныкталгандан бери чыркырап жүрөм, «эмнеге бизге көңүл бөлбөйсүңөр, эмнеге анализдерибизди дароо чыгарып бербейсиңер» деп айтып жатам. Алар менин оозумду басыш үчүн азыр мага каршы кара пиарга өтүштү. Кол алдымдагы кызматкерлерим катуу депрессияда, алар ооруга эмес, жетекчиликтин бизге болгон ушундай мамилесине кайгырып жатышат.

Мейли, министрлик Ташыбекованын көзүн тазаласын, жоготсун дейли, мен сыяктуу ачык айтып чыккандарды жазаласын дейли, чыныгы проблеманы анан кантип чечишет? Ооруну кантип жашырышат? Кантип жашыруун вирусту дарылашат? Эгерде бейтапканалардын бюджетин өзүнө берип койсо, кайдан тапсак да эптеп коргонуучу каражаттарды сатып алып, медицина кызматкерлерине кам көрөт элек да. Азыр кызматкерлеримдин беттерине тике карай албай жатам, ыйлап жатышат. Менин азыр жалгыз тилегим - ушул дарыгерлер жакшы болуп кетсин деп эле отурам».

Гүлнара Ташыбекова азыр өзү баш болуп, 20дай кызматкери менен обсервацияда жатат.

«Кошумча акчаны ойлобой эле иштеп жатабыз...»

Бишкек шаары, Жугуштуу оорулар клиникасы.

Бул жайга баш калаа менен Чүй облусунан коронавирус оорусу аныкталган бейтаптар түшүүдө. Алар үчүн атайын бир бөлүм бокс катары даярдалган. Бишкектеги инфекция ооруларын дарылаган адистер 20-марттан бери ооруканадан чыкпай, 24 саат ал жакта жашап иш алып барышууда. Алардын бири дарыгери Канатбек Искаков энеси менен кызын өзгөчө сагынганын айтып, жумуш тартиби тууралуу кеңири маек курду.

Канатбек Искаков.

Канатбек Искаков: - Ал-акыбалыбыз жакшы, үйдү сагындык. Мен эле эмес, көбүнчө балалуулар балдарын, бойдоктор ата-энесин сагынып жатат. Мен өзүм кызымды, энемди сагындым. Бир айдан бери үйүмө бара элекмин. Биздин оорукана COVID-19дан улам экиге бөлүндү, карантиндик зона жана таза зона деп. Таза зонада дарыгерлер, медициналык кызматкерлер жашап жатат, карантиндик бөлүмдө болсо ооруга шектүүлөр менен вирус жугузгандар жатышат. Бул эки зонанын ортосунда дагы бир «аралык» зона бар. Ошол жактан биз карантиндик бөлүмгө кирерде атайын кийимдерибизди кийип, коргонуучу каражаттарды тагынып, анан киребиз. Иштеп бүтүп чыкканда чечинип, жуунуп-тазаланып алып, кайра таза зонага өтөбүз. Дарыгерлер ыңгайына жараша кийинип жатышат. Айрымдары атайын коргонуучу каражаттын ичинен да өздөрү кошумча кийим кийип, коргонушууда, экиден маска тагынгандар да бар.

«Азаттык»: - Атайын корогонуучу каражаттар жетиштүүбү, аларды кийип иштегенде кандай ыңгайсыздыктар болууда?

Канатбек Искаков: - Ооба, башында кичине кыйналдык, мындай костюмдар менен иштеп көргөн эмеспиз да. Бейтаптын кан тамырын текшере албай, өпкөсүн тыңшоодо бир топ кыйынчылыктар болду. Азыр эми бир айдан бери көнүп деле калдык. Бирок, чынын айтыш керек, алты саат бою бул форманы чечпей кийип жүрүш кыйын эле экен. Суусайсың, дааратканага баргың келет, тердейсиң дегендей. Бирок кир зонадан чыккыча мунун баарын кылганга болбойт. Азыр эми күн жылый баштады, оозубуз кургап кетип жатат. Эми тамактанууга келсек, баары жакшы. Үч маал оорукананын тамагын жейбиз, ага кошумча демөөрчүлөр, тааныштар алып келип жатышат. Курсак ток. Моралдык жактан биз кесиптештерибиз ооруп келгенде кыйналып жатабыз. Жаныңда чогуу иштеген адам ооруп калса кантип кайгырбай коёсуң?

«Азаттык»: - Айрым бейтаптар ооруканадан айыгып чыккандан кийин «дарыгерлер бизге эч кандай ийне сайган жок» деп арызданып жатышпайбы. Коронавирусту дарылоодо интервенция канчалык маанилүү экен?

Канатбек Искаков: - Чындыгында бейтаптарды кээде түшүнбөйм да, ооруканага жатса эле сөзсүз түрдө тамчылатма, ийне сайып, клизма жасап, аны ары-бери кыйнашыбыз керекпи? Эгер ооруга туруштук берип, аны дарысыз жеңсе - анда кайра тескерисинче сүйүнбөйбү? Демек, иммунитети жакшы экен да! Биздин максатыбыз – бул вирустук инфекцияны өпкөгө жеткирбөө. Өпкөгө жетсе адам абдан кыйналып, оор абалга түшүп калып жатпайбы. Ошондуктан жашы 50дөн ашкандарды, өнөкөт оорулары барларды өтө катуу көзөмөлгө алып, бөлүп карап жатабыз.

Канатбек Искаков «кир зонага» кирип баратат.

«Азаттык»: - Кошумча акы төлөнөрү айтылып жатат, айлыгыңар кандай чыкты?

Канатбек Искаков: - Эми азыр кошумча акысын көрө элекмин. Бирок март айынын аягында 10 күн тынбай иштегенибиз үчүн акча кошулуптур. Ошону байкадым. Бул жакта иштегендердин көбү азыр акчаны деле ойлобой калды. Баарыбыз эле ушул карантин эрте бүтүп, вирусту токтотсок экен деп жатабыз. Акча кийинки планга жылды. Ошентсе да, келерки айлыкта балким кошумча төлөмдөр байкалат, көрөбүз да.

«Согуштагыдай эле иштедик»

Ат-Башы району, атайын уюштурулган обсервация

Ат-Башы районунда акыркы күндөрү коронавирус жугузгандар арбын катталууда. 18-марттан тартып бул райондо да обсервация ачылып, изолятор иштей баштаган. Ат-Башы айылындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Жамиля Аширбаева обсервация ачылары менен кызматка киришкен. Ал жакында эле карантинден чыгып, үйүнө кайтты. Дарыгердин күйөөсү да Ат-Башы райондук ооруканасында хирург болуп иштейт. Күйөөсү менен бир айдан бери көрүшө элек. Ал нөөмөттө турганда райондогу алгачкы коронавирус бейтабы катталган. Обсервациядагы шарттар, коргоочу каражаттар, тамак-аш, айлык акы, ооруларды кароо тартиби тууралуу дарыгер буларды айтып берди:

«18-мартта Оштон, Жалал-Абаддан оору чыга баштаганда эле Ат-Башыда райборбордо обсервация уюштурушту. Мага 3 медайымды кошуп, төртөөбүз ошол жакта иштемей болдук. Биздин райондо бир эле инфекционист дарыгер бар, ал изоляторду башкарып калмай болду. Ошентип, бизге буйрук чыгарышып, төртөөбүз обсервацияга жөнөп кеттик. Ал жакка барардын алдында тумоого каршы кийимдерди кийип-чечүүнү 2-3 ирет үйрөтүштү. 14 күнгө обсервацияга кирип кеттик, «үй-бүлө, эч ким менен байланышпайсыңар» дешти. Башында өздүк коргонуучу каражаттар тартыш болуп жатты. Мүчүлүштүктөр болот экен баары бир, беткаптар жетишпей, 1-2 костюм бар болчу, ошону алмаштырып кийип жаттык. Кездемеден тигилген маскаларды кийдик, эми талаптагыдай башында чын эле кийим жок, кийе албадык. Анан 2 күндөн кийин толук камсыз кылып беришти. Обсервация экиге бөлүндү, кир зонага коргоочу кийимдер менен кирип, тынбай 4 сааттан иштедик.

Ал жактан костюмду чечкенге болбойт, дааратканага да бара албайсың, суу иче албайсың, ошого кирерде суюктукту аз ичип кирип жаттык. Опур-топур болуп, башында согуштагыдай эле иштеп жаттык. Келгендерди бөлүп, жайгаштырып, иш токтогон жок. Мен обсервацияны карап жатканда бир жигиттен табылды. Ал жакшы эле турган, түнкү саат 12де белгилери башталып, таң аткыча дене табы түшпөй, кыйналып, эртеси санитардык-эпидемиологиялык кызматты чакырып, салып бердик. Тесттеринен кийин коронавирус аныкталды.

Ал бала эми өзүмдүн баламдай эле болуп калган. Ага: «Сен абалды угуп-көрүп туруп эмнеге Ош менен Жалал-Абадга дааватка кетип каласың?» дегенимде аябай өкүнгөнүн, абал тууралуу эч кандай маалыматы жок болгонун, дааватка чыгарда баары телефондорун өчүрүп салгандыктан, эч кимден эч нерсе укпаганын айтты. «Эгер маалыматым болсо үйдө эле отурмакмын» деп кейиди. Бизге эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 3 маал тамак беришет. Эртең менен ботко, наны менен. Түштө биртике эти бар суюк тамак, бир кесим нан, кечкисин да ысык тамак. Ал эми жер-жемиш, витаминдүү мөмөлөрдү жакындарыбыз, кесиптештерибиз алып келип, сыртка таштап жатты. Тигил баладан вирус чыкканда аябай корктум. Биринчи эле оюма балдарым келди, кокус ооруп калсам, аларга да жугат деп чочуладым.

Анан жанымдагы иштеген кыздардан корктум. Азыр тест тапшырып, анализибиз таза экен. Эс алып отуруп калдык. Обсервацияда эң эле тажаган нерсе – хлордун жыты. Биз ал жайды күнүгө 4-5 маал өзүбүз хлор чачып, жууп тургандыктан өпкөбүз менен ашказаныбызга хлор толуп эле калды. Бул эми ден соолукка зыян да. Кошумча акыны ала элекпиз. «Ашыкча иштеген күндөрдү табелге толтургула» деп жазып кетишкен, дарыгерлик маянабызды алганыбыз менен айтылып жаткан кошумча акча колубузга тийген жок».

«Палоонун түрүн таттым»

Жалал-Абад облустук ооруканасы

COVID-19 башталгандан бери Бишкектеги адистер аймактарга өз каалоосу менен барып иштеп жатышат. Алыскы райондордо жугуштуу ооруларды дарылоочу адистер, эпидемиологдор аз болгондуктан, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илимий кызматкерлери аймактагы дарыгерлерге жардамга жөнөштү. Мартка чейин «Манас» аба майданындагы обсервацияда иштеп, коронавирус эпидемиясы Жалал-Абадда башталганда аталган академиянын жаш балдардын жугуштуу оорулар клиникасынын дарыгери Марлен Беделбаев ыктыярчыларга кошулуп, Жалал-Абадга бет алган. Бир айга чукул карантиндик режимде иштегенден кийин, ал азыр обсервацияда жатат.

Марлен Беделбаев, карантиндеги балдарды дарылаган.

«Мен коргоочу кийимдерди кийгенге көнүп калгам. Январда эле кантип кийерин үйрөнгөн элем. Февралда Ухандан келген студенттерди тосуп алып, аларды көзөмөлдөдүк. Бир эле ыңгайсыздыгы – бейтаптын өпкөсүн тыңшаган фонендоскопту кулагыбызга тыга албайт экенбиз. Башында ушундан кыйналдык. Бирок бара-бара анын да амалын таптык. Атайын костюм кийерде фонендоскопту кулагыбызга тыгып, башын чыгарып коюп жаттык. Шашылыш абал болуп калабы деп, кесиптештер ар кандай кырдаалды пландап, сценарий түзүп алчубуз, маселен костюмду кесип алсак же мээлей жыртылып калса эмне кылабыз деген сыяктуу. Кээде медайымдар, дарыгерлер 6 саат коргоочу каражаттарды кийип жүргөндө дааратканага баргысы келип чыдабай кетчү. Анан биз таза зонага телефон чалып, ал кызматкердин ордуна башкасын киргизчүбүз. Кир зонада кийимди чечүүгө, жылчык чыгарууга болбойт.

Марлен Беделбаев.

Жалал-Абадга келгениме өтө кубанычтамын, эч нерседен кем болгон жокмун. Тамак-ашыбыз кең-кесири. Жергиликтүү эл бизди аябай сыйлап жатат, палоонун түрүн ушул жактан жедим десем болот. Кошумча акча төлөндүбү, жокпу, билбейм. Мага азыр акчанын зарылдыгы жок, текшерген да жокмун. Төлөнөт дегенден кийин эми беришсе керек да. Коронавирус болбосо деле айлык алып иштеп жатмакпыз да. Айрымдар чалып, «аябай көп акча алдыңар го» деп жатышат. Бирок азырынча кошумча төлөмдү уга элекмин. Башкысы - бизге башкы дарыгер жакшы кам көрүүдө. Обсервация шарттарыбыз мыкты. Уюк байланыш операторлору бекер байланыш, Интернет берди. Жакындарым менин ишиме көнүп калышкан. 2013-жылдан бери жугуштуу оорулуу балдарды дарылайм. Кызамыктын эпидемиясында да 24 саат тынбай иштегем. Мен өз ишимди аябай жакшы көрөм. Обсервациядан анализим таза чыкса кайра эле ооруканага барып, нөөмөткө туруп, вирус жугузгандарды дарылаймын.

Москвадагы медайым

Москва, менчик клиникада компьютердик томографияда иштеген медайым

Маектешибиз Москвадагы жеке менчик клиникалардын биринде медайым болуп иштейт. Ал акыркы күндөрү коронавирусту аныкташ үчүн келген бейтаптардын аягы суюлбай жатканын айтты:

«Мен Москвадагы менчик клиникада медайым болуп иштейм. Албетте, азыркы тапта иштөө кооптуу болуп жатат. Бирок Гипократтын антын бергенден кийин эл үчүн иштеш керек, ар бир жаранды сактап калыш керек. Ички сезимдер мурда кандай иштесек, ошол бойдон. Өзгөргөн жок. Ооругандар бизге ишенип келип атса, жардам берүү ар бир медицина кызматкеринин милдети деп ойлойм. Коргоочу каражаттарды сөзсүз түрдө кийебиз. Ичибизден башыбызга чейин бир жолу кийип, ыргытчу кийимдер менен жабдылганбыз.

Москвада оорукана кире албай кезек күткөн тез жардам

Беткап, форманын сыртынан комбенизон, респиратор беткап, 2 кабат мээлей, бутубузга тизеден бахилла байлайбыз. Ар бир бейтап келип кеткен соң форманы чечип, утилизацияга салабыз. Колду суюк самын менен 20 секунддун аралыгында жууп андан соң антисептикалык каражат менен сүртүп турабыз. Көзүбүздө көз айнек болот. Менчик клиникалар «кошумча каражат төлөп беребиз» деп жатышат. Эми ар бир клиниканын бюджетине жараша да. Шаарда транспорт токтогон жок, метродо санариптик код аркылуу шаар ичинде бекер жүрөбүз. Медициналык кызматкерлерди акысыз ташып жатышат. Кокус бейтапта коронавирус аныкталса дароо «Тез жардам» чакырабыз. Атайын даярдалган изоляция палатасында күтүп отурушат. Келип оор түрү болуп, дене табы 39дан ашып, дем алуу жетишсиз болсо ооруканага алып кетишет. Жеңил түрү болсо дарыгерлер кеңешип, онлайн көзөмөлдө болушат. Эми пандемия бүтсө үй көздөн учуп атат, Мекенге жөнөйм. Ата-энемди, урук-тууганды сагындым. Кыялдарымдын бири - экинчи поэзия китебимди чыгарсам экен деп жатам».

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 140 медициналык кызматкерден табылган. Булардын ичинен: дарыгерлер - 39, фелдшерлер, лабораториялык адистер – 58, медайымдар – 23 жана башка 20 техникалык кызматтагы, айдоочу, IT адистери коронавирус жугузуп алышкан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелде брифингде 10 медициналык кызматкер коронавирустан айыгып чыкканын, алар кайра жумушка кайтышарын билдирди.

Кыргыз өкмөтү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом, эгер илдеттен көз жумса 1 млн. сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү тууралуу токтом чыгарган. Бирок бул токтом да талашка түшүп, азыр өкмөт өкүлдөрү аны тактоону улантууда. Ал арада Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаал шартында медиктердин иштеши, иш акысы тууралуу мыйзам долбоору да каралмакчы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​