Кубаныч: Жаш медиктер сыртка кеткенге аргасыз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кубаныч Токсонбаев физиотерапевт. Ал дарыгерлерге жеңилдиктер түзүлүп, маянасы жогоруласа, жаш кадрлар миграцияга кетпейт эле деген ойдо. Кыргызстанда каржылык тартыштыктан улам дарыгерлер кошумча жумушта иштегенге аргасыз. Ошондон улам Кубаныч дагы түшкө чейин калыбына келтирүү бөлүмүндө иштесе, түштөн кийин жеке клиникада кошумча акча табат.