Диван жандармдары. Орусия "медиа полиция" даярдоону көздөйт

Орусиянын президенттик администрацияга караштуу Айыл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы “медиа полициясын” даярдоо программасын баштаганын жарыялады.

Студенттерге төрт жыл бою интернеттеги “Орусияга каршы контентти” аныктоону үйрөтүшөт. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы менен маектешкен окуу жайдын эки кызматкери жана Ички иштер министрлиги менен байланышы бар эки адам келечекте мындай адистерге суроо-талап болору шек жаратарын айтышты.

Google аркылуу издеп, аныктоо

8-ноябрда «Известия» басылмасына Орусиянын президенттик администрацияга караштуу Айыл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы «медиа полицейлерди» окутары тууралуу материал чыкты.
Басылмада айтылгандай, ЖОЖ “колдонуучулар тарабынан түзүлгөн контент менен иштей алган, социалдык тармактардагы экстремизмдин көрүнүштөрүн жана жеке адамдарга каршы кылмыштарды аныктай ала турган, каракчылык контентти бөгөттөө ыкмаларын да жакшы билген адистерди даярдайт".

Окутуу аяктагандан кийин медиа полицейлер жарандарга (киберопузалоо, сталкеринг (артынан түшүү), юридикалык жактарга (каракчылык) же мамлекетке (экстремизм) каршы жасалган укук бузууларды иликтөө боюнча адистиктердин бирин алат деп болжолдонууда. Багыт расмий түрдө «мамлекеттик кызыкчылыктарды жана улуттук коопсуздукту медиа камсыздоо» деп аталат.

«Известия» басылмасынын маалыматына караганда, программа терроризмге каршы улуттук комитеттин колдоосу менен ишке ашырылууда.

"Сова" борборунун жетекчиси Александр Верховский студенттерди максаттуу түрдө “медиа полициясы” болууга үйрөтсө, орусиялык цензуранын майнаптуулугу артат деп болжолдойт:

- Контентти көзөмөлдөө жана чыпкалоо – азыр бизде эле эмес, бардык жерде жүрүүдө. Негизи бул жакшыбы же жокпу талкуулоого кеч болду окшойт. Демек, корпорациялар менен мамлекеттерде ушул сыяктуу адистерге суроо-талап бар жана мындан ары да болот.

Эмнени чыпкалап, аны ким жана кандай жолдор менен ишке ашырат – маселе ушунда. Бул мыйзамдардан, мындайча айтканда, каада-салттан көз каранды. Тилекке каршы, сөз болгон академиянын студенттерин техникалык көндүмдөргө гана үйрөтбөстөн (мындан аңдып-байкоонун сапаты да жогорулайт деп ойлойм), ошондой эле бул чөйрөдөгү мыйзамдарыбыз жана каада-салттарыбыз ченем катары сиңилет", – деди ал.

Полицейлер таң калды

Укук коргоо органдары азыркы түзүмүндө “медиа полициясына” муктаж эмес. Эгерде мамлекетте дүйнөлүк масштабда цензураны күчөтүү планы болбосо, мындай адистештирүү талап кылынбайт дейт "Азаттык" радиосунун Ички иштер министрлиги менен байланышы бар маектеши.

- «Е» борборлорунун кызматкерлери дал ушул “медиа полициясынын” милдетин аткарышат. Мыйзамсыз контентти аныктоо үчүн 2–4 жумалык кошумча курстарда баардык керектүү билимдерди эле бербей, эмне үчүн бакалавриаттын бүтүндөй программасын окутушары түшүнүксүз. Аны бүтүргөндөрдү кайда жайлашат? Мамлекеттик мекемелер менен иш оңунан чыкпаса, мындай тар адис эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болобу? Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайлары андай адистерди даярдашпайт, анткени андай кызматтар жок. ИИМде соцтармакты көзөмөлдөөнү коомчулук менен байланыш башкармалыгы жана Экстремизмге каршы күрөшүү борбору ишке ашырат. Бирок алардын ИИМдин кадыр-баркы менен көбүрөөк байланышкан өздөрүнүн тар багыттары бар. «Е» борборлорунун кызматкерлери “медиа полициясынын” милдетин аткарышат. Бирок мындан тышкары, алар түздөн-түз оперативдүү иштерге – экстремисттерди аныктоого, камакка алууга катышат, – дейт ал.

Мурдагы милиция кызматкери, "Оперативный обзор" Telegram каналынын администратору Семен Фищук эгер чындап эле «медиа полициясы» пайда болсо, «Е» борборлорунун иштеши жеңил болмок деп эсептейт.

– Партиянын саясатын ар дайым түшүнө бербеген ар кандай [бийликчил] активисттердин айгагын колдонуш үчүн кээде үстүрт, жалпы эле доомат коюшат, а кээде эч тиешеси жок адамдарды ушакташат.Кылмыш иштеринин материалдарында адис аныктап, «Е» борборуна өткөрүп берди делсе, бир топ жеңил болот», – деп түшүндүрөт ал.

Сөз болуп жаткан академиянын имараты. Москва

Бирок анын пикиринде, бул ИИМге анча көпкө керек болбой калышы да мүмкүн.

– Адистик өтө тар. Ырас, Путин турганда бул нерсе зарыл, анын үстүнө кырдаал ушундай, – дейт Фищук.

Күч түзүмдөрү менен байланышы жок

«Известиядагы» маалыматтан айырмаланып, окуу жайдын сайтынын өзүндө жаңы адистик алда канча жөнөкөй сыпатталган. «Мамлекеттик кызыкчылыктарды жана улуттук коопсуздукту медиа камсыздоого» 35 гана студент – 30 орусиялык жана 5 чет элдик – кабыл алынат. Бюджеттик орундар жок, алар бир жылдык окуу үчүн 350 миң рубль алгылары келет.

«Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн натыйжасында бүтүрүүчү ЖМК тармагында (мультимедиа, басма сөз, телерадио берүү) кесиптик ишмердик жүргүзүүгө жана кесиптик ишмердиктин автордук, редакторлук, долбоордук, уюштуруучулук, эксперттик түрлөрүн аткарууга даяр болот”, – деп айтылат академиянын сайтында.

“Медиа полициясы” деген сөз дагы, программанын күч түзүмдөрү менен байланышы тууралуу дагы эч нерсе айтылбайт.

Программаны «Комсомольская правда» гезити менен ВГТРК (Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадио компаниясы) жана «Русский мир» медиаканалдарынын журналисти Лидия Малыгина, ошондой эле лингвист жана кремлчил медиа эксперт Геннадий Слышкин тескейт.

Студенттерге практиканы Лубянкада же Петровкада эмес, «Вечерний Москва», «Комсомольская правда», ВГТРК, «Русский мир» менен Маданият жана санариптик өнүктүрүү министрликтеринде, «Газпром информдо» жана ал тургай Горький атындагы балдар киностудиясында өткөрүүнү сунуш кылышууда.

Балким, шайлоо алдында оппозицияны “медиа полиция” менен коркуткулары келип жаткандыр?

– Бир дагы бюджеттик оруну жок бул программаны эмне үчүн ачышканын жана эмне үчүн басма сөздө жар салып жиберишкенин түшүнбөйм. Болгону 35 гана адам, алар да төрт жылдан кийин даяр болот экен. Алар Роскомнадзордун же президенттик администрациянын эч кандай талуу маселелерин чече албайт. Балким, шайлоо алдында оппозицияны коркутуу үчүн “медиа полицияны” колдонгулары келип жаткандыр? – деп боолголойт “Азаттык” радиосунун аталган окуу жайдагы маектеши.

Анын ЖОЖдогу кесиптеши да академияда кандай «полиция» кызматкерлерин даярдоо мүмкүн деп таң калып жатат.

– Академиянын студенттерге “погондорду” жана наамдарды берүүгө укугу жок (ИИМ жана ФСБнын ЖОЖдорунан айырмаланып). Ал эми кечээги бакалаврларды соттук эксперт катары эч ким жумушка албайт. Алар магистратурадан төмөн эмес деңгээлде кошумча билим алышы керек же балким, кайра олуттуу кесиптик даярдыктан өтүшү зарыл болот. Орусия Федерациясынын билим берүү тутумунда «Соттук экспертиза» адистиги боюнча программа (40.05.03) бар, анын алкагында «тилдик экспертизалар» адистиги да бар. Бирок, биринчиден, ал бакалавр даражасында эмес, адистик форматында ишке ашырылат, экинчиден, негизи эле ал академияда жок, үчүнчүдөн, бул адистикке коюлган талаптар университеттин сайтында сыпатталгандан такыр башка предметтердин топтомун талап кылат.

"Соттук экспертиза" адистиги боюнча диплом алуу үчүн дагы олуттуу юридикалык билим талап кылынат, ал эми аталган академиядагы сабактардын топтомуна ылайык алар бакалаврдын "Журналистика" программасы боюнча окушат дейт", –"Азаттык" радиосунун окуу жайдагы экинчи маектеши.

Ал белгилегендей, ЖОЖдун жетекчилиги жакында алмашкан. Ошондон кийин (жыл башында ректор Владимир Маунун ордуна Алексей Комиссаров келген) академияда айрым билим берүү программаларын кайра карап чыгып жатышат жана мындай иш-чара тек пиардын бир түрү болушу мүмкүн.

"Азаттык" радиосу окуу жайдын басма сөз кызматына суроо жолдоп, эч кандай жооп ала албады.