Кыркка жакын улуттун өкүлү жашаган Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоого диаспорадан чыккан аялдар да катышты. Алардын арасынан мандатка ээ болгондору аймактагы улуттар аралык ынтымакты чыңдоого жана социалдык өңүттөгү бир топ маселелерди чечүүгө бел байлап турушат.
Каракол шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Көп улуттуу шаардын бийлик органдарында жана муниципалдык кызматта ар улуттун өкүлдөрү иштейт.
41 жаштагы Галия Хурова башкыр кызы. 2009-жылы бейөкмөт уюмда иштеп жүргөн кезинде жергиликтүү кеңештердин ишмердүүлүгү тууралуу мониторинг жүргүзгөн. Депутаттар менен тыгыз иш алып барган Галия анда Каракол шаарынын ирригациясын жакшыртуу маселесине көңүл буруп, көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштаган. Мына ушул ишмердиги анын депутат болушуна жол ачкан.
«Каракол шаарынын Эрлан Айсаракунов жана Канат Ишенбиев аттуу жигердүү тургундары мени “Табылга” партиясынын катарына чакырышты. Мен адеп депутат болбойм, болгону силерге жардам берип турайын дегениме карабай мени сүрөштү. Ошентип, 2016-жылы “Табылга” партиясы менен шайлоого барып, 13 мандат алганбыз. Төрт жыл бою депутат болуп отурдум».
Төрт жыл ичинде Галия каралбай калган шаардын ирригациясын калыбына келтирүүнү, муниципалдык ишканалардын ишин жандандырууну колго алган. Бул иштин аркасында бүлгүнгө учураган “Каракол гүлдөрү” чарбасы калыбына келип, азыр иштеп жатат. Ал эми Каракол шаарына туура келген сегиз этностук топту колдоого Галия 2017-жылы биринчи жолу бюджеттен каражат бөлдүрүп берген.
«Бизде “улутуң башка, кыргыз тилин билбейсиң, башка улуттун өкүлдөрү бийликке келбеши керек” деген сыяктуу сөздөр эч качан болгон эмес. Мен төрт жыл депутаттык ишимде бир дагы жолу кодулоого кабылган жокмун. Тескерисинче, биз биригип, кеңешип, көп иштерди аткара алдык. Мисалы, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери биринчи жолу Караколдун өз бюджетинин эсебинен бала бакча салдык, жолдорду оңдодук, ирригациясын калыбына келтирип, жашылдандыруу ишин колго алдык. Бул менин гана эмгегим эмес, бул бүтүндөй кеңеште, мэрияда отурган, муниципалдык кызматта иштегендердин эмгеги. Негизи эле Караколдогу этностук топтор абдан жигердүү. Дунган, орус, казак, азербайжан, түрк улутундагылардын баарынын ынтымагы күч. Бул өзгөчө пандемия маалында билинди. Ошондо улутуна, динине карабастан бардыгы бири-бирине жардам берди, дары-дармек издешти, постто тургандарга тамак-аш жеткирип, кыйналган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам жеткирип жатышты. Мисалга, мен башкыр кызымын, күйөөм дунган, бирок биздин улут аралык ынтымак абдан сонун. Мен депутат болгондо да эки тарап тең, ал гана эмес, башка улуттун өкүлдөрү да колдоо көргөзүп турушту».
Галия Хурова курамына кирген “Табылга” партиясы быйылкы шайлоодо жети мандатка ээ болду. 2016-жылдан 2020-жылга чейин иштеген кеңештин 31 депутатынын төртөө уйгур, татар, өзбек жана башкыр диаспораларынын өкүлдөрү.
Мархабат Шафигулина болсо татар кызы. Быйыл ал жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен депутаттык мандат алганы турат. Жеке ишкерлик жаатында эмгектенген Мархабаттын Караколго чет элдик инвесторлорду тартып, шаарды көрктөндүрүүгө жана билим берүүнү жакшыртканга салым кошом деген изги тилеги бар.
«Талапкерлигимди койгондон кийин шаардыктар колдоп турушту. Эми мен алар үчүн иштейин деп жатам. Каракол чакан шаар, бирок туристтердин саны жыл сайын көбөйүп, шаарыбызга суктангандар арбын. Демек биз алар үчүн шарт түзүп, тарыхка бай жерибизди, архитектуралык эски имараттар турган шаарды сактаганга болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Мен ошондуктан көп иштеп, тарыхы бай калаабызды келечек муундар үчүн оңдогум келет».
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ысык-Көлдөгү өкүлү Айбек Майрыков Ысык-Көлдө 40ка жакын улуттун өкүлдөрү жашарын билдирди.
«Билим берүү, саламаттык сактоо, укук коргоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка бийлик органдарында диаспора өкүлдөрү иштейт. 1129 жергиликтүү кеңештин депутаты болсо, алардын арасында өзбек, уйгур, татар, башкыр, казак улутундагылар көп. Алар өтө активдүү келет, ар дайым шаардык, район жана облустук деңгээлдеги иш-чараларга катышып, маселелерди бирге чечип турушат. Өзгөчө алар пандемия маалында бир топ эмгек кылышты».
Дагы караңыз Мандат алган өзбек айымдарынын мүдөөсүБул жолу Каракол шаардык кеңешине төрт улуттун өкүлү депутат болду. Ал эми Караколго жакын, калмак уруулары жердеген Челпек айылы, дунган улутундагылар жашаган Ырдык айылындагы депутаттардын 50 пайызын жогоруда аталган улуттун өкүлдөрү түзөт.
Айылдык кеңештеги орундардын 30% аялдарга калтыруу тууралуу мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул эреже быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоолордо алгач ирет колдонулду. Ага ылайык, 7560 орундун 2943үн аялдар ээлеши керек.
Анткен менен айрым айылдарда эркек талапкерлер аялдардын 30% квотасына каршы чыккан учурлар катталды.
Боршайком 14-апрелде бул окуяны азыр милиция жана жергиликтүү шайлоо комиссиясы териштирип жатканын билдирип, аялдардын жергиликтүү кеңештердеги 30% квотасы мамлекеттин конституциялык милдети жана аялдардын мыйзамдуу укугу экенин эскерткен.
"Эже-сиңди": Эркектерди нааразы кылган 30% квота
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.