Парламент макулдук берди
10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Тишелүү токтом долбооруна 69 депутат “макул” деп добуш берди.
Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жолукканын айтты.
Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастады. Атайын кызматтын төрагасы “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Эмил Жамгырчиевди иш сотко өтсө сотко келүүгө чакырды.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган.
9-январда депутаттык комиссия жабык жыйынында эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүгө макул болгон.
Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Эл өкүлү кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.
Депутаттын ишинин чоо-жайы
Жогорку Кеңештеги жыйында айтылганга караганда, депутат Эмил Жамгырчиев 2022-жылдын акырында “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевге жолугуп, колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жогорку Кеңеште комиссиянын корутундусун окуп жатып билдирди.
“Эмил Жамгырчиев жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамы болуп туруп Орто Азияда белгилүү болгон Салим Абдувалиевден колдоо издөө максатында аны менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Аталган жолугушуудан кийин Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын жашыруу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чек арадан өтпөстөн болжол менен 2022-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп Бишкекке келген”, - деди ал.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин Салим Абдувалиевден жардам сураган каты делген текстин айрым жерлерин окуп берди.
"Бул жерде кайрылып жатат. “Салимбай ака, Салимбай ака, урматтуу Салимбай ака, сиз деген бүт жерди карап турасыз, сиз деген баарын кармайсыз. Орто Азия баарыбыз баш ийебиз. Салимбай ака, биздин президенттер, Кыргызстандын эгемендүүлүк отуз жылдыгындагы президент болгондор: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, азыркы президент Жапаров бардыгы тең сиздин ак маңдайыңызды, көрөгөчтүгүңүздү, кадыр-баркыңызды жогору баалап, ажолук такка келер астында сизден сөзсүз түрдө батаңызды алып кетип турушкан” деп жазып жатат. Бул эмне деген маскарачылык! Бүт мамлекетти маскара кылып жатат. Биздин кайсы президент болсо да криминалдык авторитеттерден эч качан барып бата алган эмес. Бата албайт дагы. Дагы “Мен дагы сиздин эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркыңызды бийик сезип, жараткандын ыраазычылыгы үчүн мага жардам беришиңизди суранам” дейт. Ал эми суранган нерсесинин бири: “Ташиевди жоопко тартып бериңиз" дейт. Мына анын каты турат. Бул каты жалган эмес. Ушундай адамдар араңыздарда депутат болуп отурат. Ошондо деле биз буга башка беренени койгон жокпуз. Ал жагын анын моралдык жоопкерчилигине калтыралы деп жатабыз. Биз “мыйзамсыз чек араны өткөнү үчүн гана жооп берсин" деп жатабыз" - , деди Камчыбек Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы Эмил Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү иши боюнча камакка алынбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирди.
“Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да сотто жооп берсин. Тергөөгө бүгүн эле келсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Биз Эмил Жамгырчиевди издеген жокпуз. Аны издей турганга негиз да жок”, - деди Ташиев.
Парламенттеги жыйында белгилүү болгондой, мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча Эмил Жамгырчиевге Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы да кылмыш ишин козгогон. Ал эми Ташиев депутатка Өзбекстанда "алдамчылык" боюнча дагы бир козголгон кылмыш иши бар экенин айтты.
Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиевдин кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон.
Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.
"Экинчи кабаттан секирип качкан"
41 жаштагы депутат буга чейин өзүнө тагылган кинени четке кагып, "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.
Эмил Жамгырчиевдин азыр каякта экени белгисиз. Ал 10-январда парламенттин жыйынына келген жок.
“Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, 9-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын бермек болушкан.
Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен.
Депутат Нилуфар Алимжанова анын иш бөлмөсүнүн терезеси аркылуу Жамгырчиевдин качып чыкканын ырастады. Бул тууралуу ал 10-январда парламент жыйынынын алдында журналисттерге билдирди.
“Ал маалда мен иш бөлмөмдө жок элем. Биз пресс-борбор жакта күтүп турганбыз. Иш бөлмөдө жардамчыларым болчу, алар кабинетке бизде иштеген бир кыз менен кирди деп айтышты. Алар “биз сүйлөшүп алышыбыз керек” дегенинен жардамчыларым бөлмөдөн чыгып турушкан. Коммендант келип жардамчыларымдан экинчи кабаттан бирөө секирип түшкөнүн айткан. Бизде эч нерсе болгон жок деп эле бөлмөнүн эшигин ачса, ал жерде депутат жок экен. Кантип секирип кеткенин эч ким көргөн жок”, - деди Алимжанова.
Ал арада Интернетте Эмил Жамгырчиевдин парламент имаратынан секирип, качып баратканы тартылган делген видео тасмалар тарады.
9-январда депутат "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, аны кармашы мүмкүн деген чочулоосун билдирген.
Активист Мавлян Аскарбеков Жамгырчиевдин качуусуна негиз болгон себептер болгонбу деп суроо салат:
“Азыр толук маалымат чыга элек. Албетте, Жамгырчиевдин качканы шермендечилик. Бирок Жамгырчиев кандайдыр бир себептер болгону үчүн качты. Биз аны биле элекпиз. Бүгүн Ташиев мырза Жогорку Кеңеште Жамгырчиевдин кримдүйнөнүн башчысына жолукканын, кат жазганын айтты. Бирок, өзү айтып кеткендей, ал камаганга негиз боло албайт. Менин оюмча, Жамгырчиев жакын арада кайрылуу кылышы керек. Эмне үчүн депутат болуп туруп терезеден качып кеткенин түшүндүрүп бериши керек. Эки жактын маалыматы болгондо гана бир бүтүмгө келсек болот. Жакын арада Ташов мырзага окшоп кайрылуу жасайбы деп жатам. Жамгырчиев органда да иштеп кеткен, депутат. Убагында кылмыш иши да козголгон. Ошондой адам жөн эле кача бербейт. Коомчулукка жетпеген да маалыматтар бар деген ойдомун”.
Эмил Жамгырчиев ким?
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында жетекчилик орундарды аркалап, кийин парламент депутаты болгон Эмил Жамгырчиев ким?
Жамгырчиев Ички иштер министрлигинде, Президенттик аппаратта, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы баштаган мекемелерде ар кандай кызматтарда иштеген. Ал эми 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары болгон.
2019- жылы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган Райымбек Матраимовдун ишине байланыштуу Жогорку Кеңештеги парламенттик комиссиянын жыйындарында Жамгырчиевдин берген маалыматтары коомчулукта Матраимовду калкалоо катары кабылданып, сынга алынган.
Жамгырчиев 2020-жылы кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган октябрдагы шайлоодо бийлик колдогон "Биримдик" партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон. Бир жылдан кийин өткөн шайлоодо “Альянс” партиясы менен катышкан. Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалганда анын ордуна депутат болуп келген.
Депутат Кыргызстандагы колунда бар жаш саясатчылардын бири катары айтылып жүрөт. Ал жакында эле жаш манасчыга жорго тартуулаганы анын байлыгы тууралуу талкуу жараткан.
Былтыр да Жамгырчиев тууралуу карама-каршы маалыматтар жарыяланып, бирок кийин төркүнү ачылбай, басаңдап калган.
2022-жылы 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Жамгырчиев өлкөдөн "мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн" деген маалымат тараткан.
Андан бир ай мурда, 27-ноябрда ал фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан атайын кызмат тарабынан кармалып, кайра бошотулганы кабарланган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, коңшу өлкөгө өткөрүлбөгөнү тууралуу кесиптештери айтып чыккан.
Жамгырчиев 2022-жылы күзүндө Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Ага байланышкан айрым окуялардын өнүгүшү парламенттеги ушул добуш берүүдөн кийинки учурга туш келет.
Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 30-ноябрындагы жыйынында “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев Жамгырчиевдин тегерегинде түшүнүксүз окуялар болуп жатканын билдирип, аны депутаттын парламенттеги ишмердигине байлаган.
Ошол маалда депутат бир айдан ашуун парламенттеги иш ордуна келген эмес. Болгону 2022-жылдын 13-декабрда эмгек өргүү сурап, Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылганы, атасынын оорусуна байланыштуу жыйынга катыша албай жатканы тууралуу маалымат чыккан.
Ал эми 31-декабрда гана Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, Кыргызстандын аймагынан сыртка чыкпаганын маалымдаган. 2923-жылдын 11-январында Жогорку Кеңештин жыйынына өзү келген. Депутат журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, аны чек арадан эч ким кармабаганын айтып тим болгон.
Дагы караңыз Депутаттар куугунтук маселесин кайра көтөрдү
Былтыр февралда Жамгырчиев Өзбекстанда козголгон кылмыш иштин алкагында укук коргоо органдарына сурак бергени да белгилүү болгон. Ал "Азаттыкка" муну өзү ырастап, бирок ал кылмыш иштин чоо-жайын жана сурак качан болгонун тактаган эмес.
"Мени буга чейин Кыргызстандын укук коргоо органдары Өзбекстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында сураган. Азырынча мындан башка эч нерсе айта албайм", - деген депутат.
Чуулгандуу "өрдөк эти"
Жамгырчиевдин аты аталып, "өрдөк эти" чуусу деп байма-бай жазылып келаткан чырдын чоо-жайы 2018-2019-жылдарга барып такалат.
Бул иште 2019-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары Эмил Жамгырчиев, өкмөттүк аппарат башчысынын орун басары Бактыбек Калмуратов айыпталган.
Ошол кезде Эмир Эмилканов аттуу ишкер 2018-жылы эле тыюу салынганына карабай, өлкөгө ири көлөмдө өрдөк этин алып келген. Ал муну "өрдөк этине тыюу салынып калганы тууралуу кабарсыз" болгону менен түшүндүргөн.
Экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү кызматынын Чүй облустук башкармалыгы “аткезчилик” боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийин маселени "бармак басты, көз кысты" кылып жайгарыш үчүн акча сурашканын, Калмуратов менен Жамгырчиев 50 миң доллар пара алганын Эмилканов журналисттерге айтып чыккан.
"Кактус Медиа" порталы 2019-жылы октябрда жарыялаган иликтөөсүндө кармалган өрдөк этинин көлөмү 80 тонна экенин жазган.
Мындай чуудан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматынан четтеткен.
Жамгырчиев 2019-жылы 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду "ыплас ушак" деп атаган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы айтылган маалыматтарды толугу менен четке кагып, "контрабандисттердин мекеменин ишине тоскоолдук кылуу аракети" деп атаган.
Ишкер Эмир Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга 2019-жылдын күзүндө арыз жазып, бирок ал каралбай келген. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийинки бийлик алмашуудан соң эки жума өтпөй Жамгырчиев менен Калмуратов кармалат.
Алар аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселени оңунан чечип берүү жөнүндө убада берип жеке ишкерден ири өлчөмдө пара алган деп шек саналган. Башкача айтканда, ал өрдөк иши боюнча камалганы белгилүү болгон. "УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Жазык кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") деген негизинде сотко чейинки териштирүү башталды" деп билдирген атайын кызмат.
Көп өтпөй эле Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Калмуратов да үй камагына коё берилгени белгилүү болгон. Экөө тең кийин Жогорку Сотто акталган.
Бирок 2022-жылы 6-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиев менен Калмуратовду актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.
Жогорку Сот былтыр январда жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.
Ошентип Жамгырчиев менен Калмуратовдун иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып, 26-июлда убактылуу токтотулган. Анда судья адвокаттын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулган.
Депутатка козголгон кылмыш иши кайра жанданып, соттук отурум 7-декабрда Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Бирок соттук отурум 18-декабрга жылган. Буга Жамгырчиевдин адвокаттарынын Конституциялык соттун чечими менен таанышуу үчүн убакыт сураганы негиз болгон.
Отурумда прокурор Жамгырчиевдин ишин кайра тергөө үчүн прокуратурага өткөрүп берүүнү өтүнгөн, бул боюнча чечим кабыл алына элек.