Онкодиагностиканын жаңы ыкмасы Бишкекте

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда оорулардын алдын алып, онкологиялык илдеттерди, жүрөк, кан тамыр дарттарын текшере турган мамлекеттик бирдиктүү система жок. Бирок акыркы убакта менчик ооруканалардын көмөгү менен акырындап бул ыкма кире баштады.

Өлкөдө дартты аныктоо өтө кеч жүргөндүктөн, өсмө (рак) илдетинен, кан тамыр, жүрөк ооруларынан каза болгондор жалпы көз жумгандардын жарымынан көбүн түзөт. Адистер мунун баарын дарттын эрте аныкталбаганынан көрүп жатышат.

Ашказан жана ичеги-карын ооруларын аныктоочу эндоскопиялык түтүктү Кыргызстандын бардык ооруканаларында бейтапты уктатпай эле жуткузуп келишет. Бирок жакындан тарта бейтапты беш мүнөткө уктатып, ооруну билгизбей жуткуруп, анализ алган жаңы ыкма ишке кирди.

Түркиялык дарыгер Билгин Үнсал дартты аныктоочу мындай ыкма өлкөдөгү ооруларды азайтууга салым кошмок деген пикирде.

Билгин Үнсал, Бишкекте иштеп жаткан түркиялык профессор.

«Бизге азыр кайрылып жаткан бейтаптардын оорулары өтүшүп кеткен, - деди ал. – Маселен, 4-стадиядагы залалдуу шишик менен көп келип жатышат. Дарылоого кеч болуп калат, кээ бири Түркиядан даба издеп кетүүдө. Мунун баары эле ашыкча чыгым да. Бейтап үчүн да, анын өлкөсүнө да ар бир оору материалдык чоң зыян алып келет. Мындай зыяндын алдын алуу үчүн өлкөдөгү элдин саламаттыгын жылына бир ирет текшерүү керек. Биз азыр ооруканада адамдын ден соолугун комплекстүү текшерүүчү программа киргизип жатабыз. Маселен, 40 жаштан өткөн аялдарга маммография жасоо, кан анализдери сыяктуу саламаттык үчүн маанилүү жагдайдын баарын жылына жок дегенде бир жолу текшертүү зарыл».

«Жөнөкөй заң анализи залалдуу шишиктин алдын алат»

Профессор Үнсалдын айтымында, Кыргызстанга жөнөкөй эле заң анализинен залалдуу шишиктерди аныктай турган жаңы лабораториялык реактивдер келген.

Дагы караңыз Аялзат: рак калчаган тагдырлар

Өлкөдөгү ооруканаларда жоон ичегидеги өсмө оорусун билиш үчүн бейтаптын ичегисинен биопсия алынат. Бирок мунун эң жөнөкөй жолу - эми жылына бир ирет заң тапшырып, анын курамындагы кан бүртүкчөлөрүнөн эле жоон ичегиде шишик бар-жогун билсе болот.

«Жакында эле бизге жаш жигит кайрылды, - дейт маектешибиз. - Ичеги шишигине чалдыгып, күчөп отуруп бооруна чейин өтүп кетиптир. Төртүнчү стадияга жетип калыптыр. Ошого чейин ал эч кандай оорунун белгисин сезбей жүрө берген. Он күндүн ичинде оорусу күчөп, өсмө экенин билген. Мындай шартта өлкөдө ар бир кишинин заңы жылына бир жолу анализге алынып турса жакшы болот эле. Себеби, заңдагы көрүнбөгөн канды аныктоо - өтө арзан, убакытты талап кылбаган иш. Анын атайын реактивдери бар, заңдын курамын тез эле карап, ичеги-карында, жоон ичегилерде мүшкүл барбы же жокпу, билип алса болот. Тилекке каршы өлкөдө өсмө оорусу күчөп кеткендер көп. Анан калса кыргызстандыктар этти көп жешет. Жалаң эт менен азыктануу да ичеги, ашказан шишигине алып барган негизги фактор болуп саналат. Андыктан азыктанууга жакшы көңүл буруш керек».

«Тойго эмес, саламаттыкка акча коротсок...»

Кыргызстанда жарандарды жылына бир жолу жалпы медициналык кароодон өтүүгө дал ушул клиниканын дагы бир дарыгери Руслан Шаршебаев чакырды.

Себеби акыркы убакта туура эмес азыктануу, кыймылсыз жашоо образынан улам жаштар жана орто жаштагылар арасында ашыкча салмак, жүрөк, кан тамыр оорулары, кант диабети көбөйүүдө. Шаршебаев бир ирет май басып калган тамырларды тазалоо кыйын болорун эскертти:

Руслан Шаршебаев.

«Азыр көп кишилер кийимдин жакшысын кийип, сырты сулуу болсо эле жүрө берет. Ошол эле сырты жылтыраган кишилердин ички органдарын аңтарып салса, абдан коркунучтуу оорулар чыгат. 40 жашка чейин эми баары эле сулуу көрүнө бергени менен азыр көп адамдар жүрөк, кан тамыр ооруларына капилет эле чалдыгып калууда. Себеби, бизде майлуу, эти көп окшош тамакты жей беребиз. Ошонун баары кан тамырга зыяндуу. Тамырлар өтө ичке да, диаметри 3-4 миллиметрге да жетпейт. Туура эмес азыктануудан улам тамырлардын ичинде атеросклероздук кан уюп калат. Аны тазалагыдай түтүк эмес да. Тамырларды калыбына келтирүү абдан кыйын. Андыктан жашоо образын түп-тамыры менен өзгөртүү зарыл. Көбүрөк жашылча-жемиш менен азыктанып, күнүнө эки литрден кем эмес суу ичкен дурус. Анан оорулардын алдын алуу үчүн жок дегенде жылына бир жолу текшерилип туруш керек. Маселен, тойго 5 миң сом кошумча табылат да. Ошол эле 5 миң сомду бир жылдык ден соолукту толук көзөмөлдөөгө жумшоого эмнеге болбосун?»

Бишкектеги «Мемориал» ооруканасы.

Кыргызстанда оорулардын алдын алып, профилактикалык текшерүү жүргүзө турган атайын бир система жок. Ошентсе да мектептердеги, бала бакчалардагы, жогорку окуу жайларындагы студенттердин саламаттыгы жылына бир ирет милдеттүү каралат.

«Дартты эрте аныктоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?» деген суроого Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматовадан мындай жооп алдык:

Айнура Акматова.

«Сөзсүз түрдө атайын ишканаларда, уюмдарда, мектептерде жылына бир ирет медициналык кароо өтүп турат. Андан тышкары үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда кант диабетинин, артериялык кан басым ооруларынын, аз кандуулуктун алдын алыш үчүн текшерүүчү атайын бөлмөлөр ачылган. Каалаган адам келип, канындагы шекердин өлчөмүн, кан басымын, кандагы гемоглобиндин өлчөмү менен кан тобун аныктап кете алат. Мындай кабинеттерде кокус келген адамдын саламаттыгында мүчүлүштүк байкалса дароо кийинки звеного, башкача айтканда дартын аныктоого жиберебиз».

Дагы караңыз Медицинадагы былтыркы беш ийгилик

Кыргызстандагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2014-жылы атайын иликтөө жүргүзүп, натыйжада жүрөк, кан тамыр илдеттери, кант диабети сыяктуу адамдан адамга жукпаган оорулар жалпы өлүмдүн 49, өсмө оорулары 10 пайызын түзөрүн аныктаган.

Буга жер-жемиштерди жалпы тамак-ашта 74 пайызга аз жегендик, 70 пайыз адамдардын кыймылсыз жашоосу, 23 пайыз ашыкча салмак менен семирүү, 43 пайыз артериялык кан басымдын жогору болушу, 79 пайыз адамдар кан басымын жөнгө салган дарыларды ичпей жүргөнү, 48 пайыз адамдар тамеки тартып, 23 пайызы алкоголго берилгени себеп болорун иликтеп чыккан. Бирок мындай чоң көрсөткүчтөргө карабай, өлкөдө элдин саламаттыгын жылына бир сыйра текшерип, оорулардын алдын алуу иштери ойдогудай жүрбөй келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.