Адашканованын ажайып дүйнөсү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Данакан Адашканованын көргөзмөсү өтүүдө. Экспозицияда жалпысынан сүрөтчүнүн 83 эмгеги коюлду. Алар көркөм сүрөт музейинин фондунан, жеке коллекциялардан жана үй-бүлөсүнүн жеке фондунан чогултулган. Сүрөтчү бир жыл мурда 69 жашында жүрөк оорусунан улам каза тапкан.