Казакстанда Январь окуясында "Алматы аэропортун басып алууга аракет кылган жана аэропортто башаламандык уюштурган" деп айыпталган беш кишини сот төрт жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратты.
Соттолгондордун жакындары жана активисттер өкүмгө нааразы болуп, аларды бошотууну сот залында талап кылып турушту.
Казак соту Январь окуясында Алматы эл аралык аэропортун басып алуу иши боюнча 11-июлда өкүм чыгарды.
Сот журналист Айгерим Тлеужанды төрт жылга, активисттер Калас Нурпейисов, Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жанайдар Карменовду сегиз жылга кести.
Алар "массалык башаламандык уюштурган", "имаратка кол салган", "тоноо", "автоунаны айдап кетүү" беренелери менен айыпталып жаткан. Соттолгондор жазасын жатак абактарында өтөөгө тийиш.
Чечимди окуган судья Какимжанов "чогулгандар өкүмдү окууга мүмкүнчүлүк берген жок, ошондуктан аны жарыялоо аяктады" деп залдан чыгып кетти. Айыпталуучулардын жакындары менен тарапташтары сот өкумүнө каршылыгын билдирип, "уят!" деп кыйкырып турушту.
Соттолгондор коюлган айыптарга макул эмес
"Бул адилетсиздик. Бирок мен ийилбейм, чөгөлөбөйм. Мен абакка отуруп чыгам, күрөш улана берет. Булар (баш прокурор Берик Асылов)Асыловду актап калуу үчүн бизди соттошту. Бул жерде "20 миң террорист келди" деген Токаев жана бизди "экстремисттик уюмдун мүчөсү" деп атаган Асылов жалган маалымат таратканы үчүн соттолушу керек эле", - деди Айгерим Тлеужан өкүм чыккандан кийин.
Нурлан Далибаев айыптарды четке кагып, "жалаа" деп атады. Сот залында башкалар дагы пикирлерин айтууга аракет кылышты. Бирок залдагы чогулган эл журналисттердин ишине тоскоолдук жаратты.
Быйыл 5-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө башкы прокурор Берик Асылов Тилеужан менен Нурпейисовду "диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү" деп атап, аларды "Январь окуяларында аэропортту басып алган" деп айыптаган. Андан соң адвокаттар Асылов "күнөөсүздүк презумпциясын бузду" деп сотко арызданган. Алардын арызы эми каралышы керек.
Айыпталуучулар Алматы аэропортуна былтыр 5-январда барганын ырастаган, бирок аны басып алууга аракеттенген деген айыптарга макул эмес. Алар "өлкөгө чет элдик аскерлер келгенин уккандан кийин аэропортко бардык, аны ээлеп алган жокпуз, ал жерде жарым саат болуп, тарап кеттик. Аэропорттогу тополоңго катышкан эмеспиз" деп билдиришкен.
"Сотто айыптар далилденген жок"
Активист Абзал Достияров айыпталуучуларды сот бошотот деп үмүттөнгөнүн айтты.
"Айыптар сотто далилденген жок. Айыпталуучуга каршы көрсөтмө бергендер мурунку сөздөрүнөн баш тартты. "Бизге басым жасалгандан кийин ушундай көрсөтмө берүүгө аргасыз болдук, андыктан сөзүбүздөн баш тартабыз", - деди ал.
Өкүмгө нааразы тарап сот залынан чыгып, коридордо акциясын улантты. Алар камалгандарды бошотууну талап кылып, ал жерден кетпей турганын айтып жатышты. Арасында бир нечесинин кан басымы көтөрүлүп, "Тез жардам" да чакырылды.
Сот жараянына байкоо салган активист Арайлым Назарова дагы Айгерим Тлеужан сотто акталат деп күткөн. Ал өкүмдү угуп ыйлап жиберди.
"Айгерим шарттуу жаза алып, жалпысынан акталып чыгат деп ойлогонбуз. Анткени соттук териштирүүдө күбөлөрдүн баары мурунку көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Айгеримдин күнөөсүн тастыктай турган эч кандай далил жок. Ошентсе да бүгүн сот залынан колуна кишен салып, алып чыгып бара жатканы уят!".
Соттун өкүмү азырынча күчүнө кире элек. Адвокаттар жана соттолгондордун жакындары 15 күн ичинде аппеляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.
"Аэропортту басып алуу" иши боюнча соттук териштирүү төрт айга созулду. Казакстандык жана эл аралык укук коргоочулар казак бийлигинен Январь окуясын эл аралык эксперттердин катышуусунда иликтөөнү талап кылган. Астана бул сунушту четке каккан.
2022-жылдагы Январь окуясынан кийин президент Касым-Жоомарт Токаев мамлекеттик телеканалга берген маегинде "Алматы аэропортуна бандиттер менен террорчулар кол салган" деп билдирген. Бирок бийлик аэропортко кол салуу болгону тууралуу ушул күнгө чейин конкреттүү далилдерди келтире элек.
Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер 2022-жылы 2-январда башталган. Бир канча күнгө созулган тополоң башка аймактарга да жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон.
Полициянын расмий эсебинде, тополоңдо кеминде 238 киши каза тапкан. Көз карандысыз булактар курмандыктар мындан бир топ көп экенин айтып келишет.