ЧЕХИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ВАЦЛАВ КЛАУС КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Кыргызстанга Чехиянын президенти Вацлав Клаус ырасмий сапар менен келди. Чех президентинин айтымында, буга чейин Чехия Батыш өлкөлөрүнө көбүрөөк басым жасап келсе, эми Борбор Азия мамлекеттери менен да алака түзчү убак келди. Уч күндүк сапар убагында эки өлкө ортосунда машина куруу, текстиль, туризм, тоо-кен тармагында кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрөт.
Чех президенти Кыргыстанга биринчи жолу келип отурат. Бүгүн президент Аскар Акаев менен жолугушкандан кийин журналисттерге чакан маалымат жыйыны өткөрүлдү. Вацлав Клаустун айтымында, Кыргызстан өңдүү өлкөлөргө Европанын эшиги дайыма ачык. Чехия быйыл май айынан тарта Евробиримдикке мүчө болду. Вацлав Клаустун айтымында, Чехия эми Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр:

- Биз Евробиримдикке кирдик. 10 жыл ичинде ар бирибиз Батыш Европаны кыдырып, дүйнөнүн бул жак бөлүгүн унутуп калгандай болдук. Эми биз бул жакка келчү, бул региондо активдүүлүк көрсөткөнгө убакыт келди. Бизге рынок керек, андыктан тыгыз карым-катышта иштешкенге кызыкдарбыз.

Президент Аскар Акаевдин айтымында, жаңы эгемендик алган Кыргызстан менчиктештирүү процессинде, рынок экономикасына өтүүдө чехтердин тажрыйбасын пайдаланып келди. Мисалы, купондор аркылуу менчиктештирүү жолу - чехтердин тажрыйбасы. Кыргыз бийлиги Чехия менен машина куруу, туризм жана башка бир катар тармактарда кызматташууга кызыкдар:

- Биздин сатып алуучулар чех ишканаларынын продукцияларына ишеним менен мамиле кылышат. Мисалы, чехтин машиналары жана жабдуулары кыргыз текстилинин дайыма негизин түзүп келген. Ошондой эле машина куруу, тоо-кен өндүрүшү, туризм өңдүү тармактарда кызматташканга кызыкдарбыз. Чехиянын автоунааларына абдан кызыгабыз. Азыр эми сүйлөшүүлөр да жүрүп жатат. Келечекте даяр сатып ала баштайбыз, балким чогултуп алабыз, - дейт президент Аскар Акаев.

Чехия менен Кыргызстандын алакасы өткөн кылымдын башындагы «Интергельподон» башат алат. 1925-жылы Кыргызстандын өнөр-жайынын өнүгүшүнө салым кошууга келген чет өлкөлүктөрдүн катарында чехтер да бар болчу. «Интергельпону» президент Аскар Акаев дагы сөз арасында эскерди. Ал эми доцент Турдубек Шейшекановдун айтымында, «Интергельпо» Кыргызстандын өнөр-жайы үчүн чоң мааниге ээ:

- «Интергельпонун» катарында 1500гө чукул чех улутундагы ар кандай адистер келишкен. Башкалаадан жер алып иштетишип, бир катар ишканаларды курушкан. «Интергельпонун» кыргыз өнөр-жайынын түптөлүшүндөгү эмгеги зор.

Чехиянын продукциялары сапаты жагынан кыргыз коомчулугунун көңүлүнө толору анык. Чехиянын хрусталдары, фарфор идиштери дүйнөлүк рынокто өз ордун тапкан. Ал эми "Шкода" өңдүү жеңил машиналары, автобус, троллейбустарына Кыргызстан муктаж экени түшүнүктүү. Вацлав Клаус менен келген чех бизнесмендери бүгүн кыргыз ишкерлери менен жолугушту. Биргелешкен ишканаларды түзүү, эки өлкө ортосундагы соода мамилелер талкууланды. Чехиянын Карловы Варры курорту менен Ысыккөл - эки өлкө ортосунда туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт. Былтыр Кыргызстан Чехиянын абройлуу окуу жайларына ондон ашык студент жөнөткөн. Келечекте окуу гранттарын кеңейтүү жагы да ортого коюлмакчы.

Чолпон Орозобекова , Бишкек.