Сөөк коюу жана диний сабырдуулук

Чехиянын борбору Прагадагы Олшанска көрүстөнүндө. 28.11.2017.

Диний сабырдуулук – өзүбүздүн тарыхыбызда орун алып келген эле көрүнүш. Кыргызстандын айрым аймактарындагы башка диндеги маркумдун сөөгүн жашырууга каршы чыккандардын чатагынан улам Чехиянын борбору Прагадагы кырдаалга салыштырып жазылган ой жорум.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы бир айылда тарсалардын (христиандардын) өкүлү каза болсо, жергиликтүү молдолор жана алардын колдоочулары бул маркумга көрүстөндөн орун ыраа көрбөй, сөөктү башка жакка алып барып коюуну талап кылышып, өлкөбүздө дагы бир уят иш болду...

Эми сөздү ыраактан баштайлык.

Прагадагы Олшанска көрүстөнүнүн өрнөгү

Чехиянын борбору Прага шаарында Олшанска (Olšanska) деп аталган ири көрүстөн бар. Мында ар кыл динди (христиандык ар кыл агымдарды, иудаизмди, бутпарас, ж.б. диндерди) туткан маркумдардын сөөктөрү түбөлүк жайга коюлган.

Прагада мурда мусулмандар жок кезде жалаң христиандардын жана иудейлердин өзүнчө көрүстөндөрү болуптур. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттерге каршы күрөштө Чехиянын ордо шаарына кимдин гана буту басып келбеди!

Олшанска көрүстөнүндө Экинчи дүйнөлүк согуш маалында набыт болгон чехтерден тышкары советтик жоокерлер да өзүнчө жайга коюлган. Алардын арасында советтик мусулман жоокерлер да бар.

Мүрзө таштагы айрым ысымдардан маркумдун динин жана тегин боолголоого болот: бул жайда түбөлүк коюлгандардын ичинде ага сержант Р.А.Фатхутдинова (айым), катардагы С.Ахмедов, М.Алиев, Д.Ажимов, М.Валимухаметов, Б.Нуржанов, Ч.Тагиев, С.Якубов, ж.б. маркумдардын ысымдары бар. Алааматтуу согуш маалында бул советтик мусулмандардын сөөктөрү динине ылгабастан, жалпы советтик жоокердик жупуну жөрөлгө менен христиандык табытта жашырылганы түшүнүктүү.

Эми, асыресе пост-коммунисттик доордо, чехтердин ичинен да мусулмандар чыга баштады. Чет өлкөлөрдөн келип байырлап калган мусулмандар да аз эмес. Аларга прагалыктар эч чуулганы жок эле Олшанска көрүстөнүнүн чыгыш бучкагынан атайын бир бөлүктү ажыратып коюшту. Мында арап, азербайжан, түркмөн, кыргыз, татар, босниялык ж.б. ар кыл этностук тектеги мусулман маркумдар түбөлүк жай табышкан.

Бул жерде ноокендик кыргыз агабыз Рахманжан Таштемировдун (25.11.1952 – 20.8.2012) сөөгү да коюлган экен.

Рахманжан аганын бейит ташы.

Рахманжан агай мээримдүү, тамашакөй, болгонун эч жашырбастан айткан алпейим киши эле. Чехиянын бир катар шаарларында иштеп жүрдү. Кыргыздардын ар кыл майрамдарга жана тойлорго байланыштуу чогулуштарына катышып, агалык нускалуу кебин айтып жүрчү.

Рахманжан агабыз менен анын жердеши, бардыгыбыз урматтаган журналист Эсенбай Нурушев байкебиздин үйүндө да, биздикинде да дасторкон четинде отуруп, жадырап баарлашкан күндөрүбүз болду.

Менимче, анын сөөгүн алыс жакка ташыбастан, Прагадагы көрүстөндө эле жайына берип, туура кылышты. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бардык мусулмандык шарттарды жасап, анын сөөгүн аруулап жерге беришкенин мага айтышты (ал кезде мен Кыргызстанда элем). .

Ал эми дагы бир өзүм урматтаган инсан - түркмөн агабыз Розыназар Кудайберди (Rozynazar Hudayberdi; 17.8.1950 – 02.3.2016) дүйнө салганда, мен да анын сөөгүн коюуга катыштым.

Розыназар аганын бейит ташы.

Ар кыл этностон куралган мусулман жигиттер келип, бири-биринен күрөктөрдү ала коюп, мүрзөгө топурак таштап жатканын көрүп, ыраазы болдум. Арасында Борбордук Азия, Кавказ, Кичи Азия, Балкандан, арап өлкөлөрүнөн келгендер жана жергиликтүү чехтер, ар кыл диндердин өкүлдөрү болду. Алардын бир даары Розыназар аганы жакындан билбесе керек, бирок аны акыркы сапарга узатууда гуманисттигин, адамкерчилигин көрсөтүштү. Аксакалыбыз, белгилүү түркмөн жазуучусу Кудайберди Халлыев (Hudayberdi Hally) агай да улуу башын кичик кылып, өзү да биз сыяктуу эле күрөк менен топурак таштап жатты.

Ошондо ыраматылык Азамат Алтайдын (1920-2006) жаркын элеси көз алдыма келди. Азамат агабыз дүйнө салганда, анын сөөгүн ар башка өлкөлөрдөн келген, ар кыл улуттагы мусулмандар жамаатынын жана башка диндердин өкүлдөрү Нью-Йорктогу мусулмандар көрүстөнүндө аздектеп жерге беришкенин АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү маалымдашкан.

Инсан кайсы жерде өлсө, ошол эле жерде жайга берилгени жакшы го деп ойлойм. Мусулмандардын түшүнүгүндө, акыр заман, кыямат кайым келгенде, ар инсандын руху дин сотунан өтөт, денеси эмес! Жер планетасы – бирөө гана. Анын кайсы бир бөлүгүн эч бир диндин өкүлдөрү өздөрүнө гана энчилеп албашы керек.

Прагада каза болгон мусулмандардын жакындары үчүн дайыма тандоо мүмкүнчүлүгү бар: маркум сөөгүн атажуртуна алып кетүү керекпи, же бул шаардагы көрүстөнгө жашыруу зарылбы?

Тандоо учурунда көп жаңы түйшүктөрдү саресеп кылуу керек: саясий, каржылык жана башка себептер менен маркумду мекенине алып кетүүгө мүмкүн эмес жагдайлар арбын.

Болуптур, каза болгон киши диссидент болобу, же жакын туугандары эчак ар кыл шаарларга жана өлкөлөргө чачырап кеткен инсан болобу, же жакырчылыктын айынан сөөктү кичи атажуртуна ташууга туугандарынын эч каражаты жоктугубу, балким, ал туулуп-өскөн аймак ири суу сактагычтын таманында калгандыр, айтор, анын сөөгүн өз журтунда эмес, чет жакта эле жашыруу мүмкүнчүлүгү калды дейлик.

Эми бул мусулмандын сөөгүн алыскы өлкөдө, салттык христиандык делген мамлекетте көрүстөнгө жашырууга жергиликтүү калайык каршы чыкса кандай караңгы түн башталат?

Дал ушундай кыйчалыш убакта мусулман бозгундун кудайдан бир тилегени – "каапыр" делген жергиликтүү калайыктын диний сабырдуулугу.

Орто кылымдарда Чех жергесинде калк католик - протестант болуп ич ара жаатташкан кандуу калайман учурлар өткөн. Ал эми XXI кылымдын башында акыбал асман менен жердей.

Бүгүнкү чехтер дин маселесинде сабырдуулугу менен өзгөчө айырмаланган улут. Өздөрүн христиан атаганы менен, көпчүлүк чехтер сыйынуу жайларын турист катары сонуркап гана кыдырышат.

Бул өлкөдө 1998-99-жылдары алгачкы жамы мечиттер негизделген. 2007-жылга карата Чехияда 12,00 миң мусулман бар болсо, азыркы тапта 20 миңден алда канча көп мусулман бар. Чехтердин өздөрүнүн ичинен эле бери дегенде 400дөй киши исламга өткөн.

Прагадагы мечиттердин биринин өкүлүнүн айтымында, албетте, баары тең эле сыйда болуп, баары тең оңой-олтоң ишке ашкан жок. Бирок айкындуулукка, ачык коомго умтулуу болгон коомдо сабырдуулук да акыры жеңип чыгат экен.

Баса белгилесек, башка диндегилердин сөөктөрү бул Олшанска көрүстөнүндө түбөлүк жайга коюлуп жатканына каршы чех коомчулугунда эч кандай нааразылык чаралары байкалган эмес.

Прага: Сөөк коюудагы диний сабырдуулук өрнөгү (Сүрөт баян)

...Бул жолу да Олшанска көрүстөнүндөгү жалпы маркумдарга багыштап куран окуп чыктым. "Жаткан жери жайлуу болсун!..." Көнүлүмө "бул сөздү мусулмандар гана эмес, сөөк коюу жөрөлгөсүн сактап келген бардык башка диндердин өкүлдөрү да айтышат эмеспи!" деген ой кылт этти...

Кыргызстандын мыйзамын атуулдар өзүбүз кадырлайлык!

Кыргызстанда дини башкаларды кодулоого каршы кылмыш жазасы бар, анын ичине сөөк көмдүрбөй койгон, демек, Башмыйзамды тоотпостон, тентектик кылган конкреттүү кишилерге карата тиешелүү жазаны таасын аныктоо керек.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин ачып көрсөк, анда 7-бөлүм “Инсанга каршы кылмыштар” деп аталат. Мындагы 19-бап “Адамдын жана атуулдун (граждандын) конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар” деп аталат.

Муну барактап отуруп, төмөнкү 146-беренеге келесиз:

“146-статья. Динге ишенүү жана дин тутуу эркиндиги укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

Диний уюмдардын ишине же диний ырым-жырымдарды жасоого мыйзамсыз тоскоолдук кылуу, -

эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат”.

(Булак: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/568/300?cl=ky-kg)

Каза болгон кишинин сөөгүн өзү туулуп-өскөн жеринде коюуга каршы болуу, менин оюмча, маркумдун жакындарынын диний ырым-жырымдарды жүзөгө ашыруусуна атайылап бөгөт коюу дегенди туюнтат. Укук жаатындагы адистер өз үнүн кошоор.

2016-жылдын октябрындагы Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Ала-Бука районундагы маркумдун сөөгүн улам башка жайга күчтөп которуу окуясы жадыбыздан кете элек.

Мындагы Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева апанын сөөгүн жерге берүүдө талаш чыккан. Ал башка динге өтүп кеткендиктен, жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн мүрзөдөн эки ирет чыгарып салышкан.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесине ылайык, Ала-Бука райондук милициясы бул окуяны териштирген. Аталган берене “Өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактоо” деп аталат.

Кыргызстандагы айрым кейиштүү окуялар – өлкөдө мыйзам жоктугунан эмес, кабыл алынган мыйзамды аткарбай коюунун айынан болуп жатат.

Жер-жерлердеги айрым аткаруу бийлигинин өкүлдөрү (анын ичинде айыл өкмөтүнүн башчылары, райондук акимдер, жергиликтүү прокурорлор) диний сабырсыздыктан жаралган мүшкүлдү чечүүнүн ордуна башын кумга батырып, көрмөксөнгө салган төө куш сымал арабөк бойдон калууда.

Менимче, Жети-Өгүздөн Тоңго сөөк ташыткандыгы үчүн Жети-Өгүз райондук акимияты, райондук прокурор кеңсеси жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облустук прокуратура кеңсеси, Барскоон айыл өкмөтү, Барскоон айылдык кеңеши Кыргызстандын башмыйзамына шек келтирген окуяга бөгөт кыла албаган мажүрөөлүгү үчүн "коомчулук алдында түшүндүрмө берүүлөрү керек!" деп интернеттин коомдук тармактарында талап кылган замандаштардын сөзүндө калет жок. Башмыйзамдын диний жактан сабырдуу болууну талап кылган беренелерин карапайым кишилерден оболу, тийешелүү кызматтык жоопкерчилиги бар аткаминерлер жакшылап окуп, аларды кыйшаюусуз аткаруусу абзел.

“Бардыгын эле президент же борбордук өкмөт башчы чечет” деп эскиче калтыра берүү - таза коомго жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга жигердүү умтулган азыркы жергиликтүү жамааттар үчүн ылайыксыз го деп ойлойм.

Кыргыздын баары мусулман эмес. Мусулмандын баары кыргыз эмес

Дүйнө жүзүндө азыркы кыргыздардын арасында сунний мусулмандардан тышкары бутпарастар (буддисттер; маселен, Тарбагатайдагы калмак-кыргыздар), теңирчилик менен шаманчылыктын жөрөлгөлөрүн туткандар (Манчжуриядагы Фу-йү кыргыздары, ж.б.), христиан дининин ар кыл багыттарын туткандар, атеисттер ж.б. бар.

Манчжуриядагы Фу-йү кыргыздарынын өкүлү Ву Жанжу. 24.10.2015.

(Айрымдарыбыз 100 пайыз мусулман го деп ойлогон араптар менен ирандыктардын арасында деле христиан, бахайи ж.б. башка диндерге табынган миллиондогон өкүлдөрү бар).

Эгемен Кыргыз Республикасы жалаң гана мусулман кыргыздардын мамлекети болуп саналбайт. Ал ар кыл диндеги бардык кыргызстандык этностордун мамлекети. Олимпиадаларда, дүйнөлүк чемпионаттарда Кыргыз желегин бийик желбиретип, алтын медалдары менен бизди кубанткан атуулдарыбыздын арасында канчалаган кыргыз эмес жана мусулман эмес жердештерибиз бар!

Олимпиада чемпиону Александр Реммович Мелентьев (1954-2015).

Мындан тышкары, Кыргызстан - дүйнөдөгү ар кыл диний нуктарды карманган кыргыздардын бардыгына тең тээк болчу тарыхый атажурт.

Бизде болсо айрым түркөйлөрдүн айынан жөн жерден диний жиктелүүгө орун берилип жатканы өкүндүрөт. Кишинин динди же атеизмди тандоосуна XXI кылымдын башында түркөйлөр эч бөгөт койо алышпайт.

Башка динге өтүүгө бөгөт коюу – эч качан башка диндеги маркумдун сөөгүн жерге койдурбай мазактоо жолу менен жүргүзүлбөй турганын айрым жарандарга жергиликтүү бийликтер жана айдыңдар түшүндүрүшү зарыл. Түшүнбөгөндөргө мыйзамдуу чаралар көрүлүшү талап кылынат. Мыйзамды тебелегендерге бийлик көрмөксөн болбоого тийиш. Мындай бөгөт далаалатынын өзү жапайылык.

Хадисте эмне айтылат?

Курандагы жана хадистеги каапырларга байланыштуу делген маалыматтарды карап көрдүм. Мусулман эместерди көмбөй коюш керек деп эч жерде айтылбайт. Тек гана мусулман эмес маркумдар үчүн айырмалуу көрүстөн керек же көрүстөндөн айырмалуу бир бурчту бөлүп коюу керек.

Андан тышкары, албетте, мусулман эмес маркумга жаназа окулбайт, анын сөөгү мусулмандарчасынан жуулбайт. Ошол эле.

Ал түгүл Мукамбет (محمد) пайгамбар Али Абуталип уулуна (علي بن أبي طالب) - болочокку төртүнчү такыба халифке - өзүнүн каапыр атасынын (Абуталиптин) сөөгүн көмүп келүүгө уруксат да кылганы хадисте айтылат.

Тек гана бул жөрөлгөдөн соң Мукамбет пайгамбар Али Абуталип уулунан толук жуунуп-тазаланууну, толук дааратты талап кылган.

Каапырлардын "күнөөсүн" кыямат кайымда Алла таала өзү гана талдайт, аны айылда сөөк коюуга уруксат бербеген чала молдолор аныктай алышпайт.

Кыргызстанда бүтүндөй бир айылдын кенен жеринде башка диндегилер үчүн эч бир жер бейитке бөлүнбөшү керек деген мыйзамдык талап да жок, мындай нерсе шариятта да жок. Болбосо Мукамбет пайгамбар өзү Алиге каапыр атасы Абуталипти жерге көмүүгө барууга уруксат бербей койот эле да (молдолордун тили менен айтканда).

Ал эми этнографиялык маалыматка таянып айтсак, кээ бир диндерге көрүстөн да талап кылынбайт; андай диндердин өкүлдөрү маркумдун сөөгүн өрттөп, дарыяга агызып жиберишет; айрым бутпарастар, маселен, ламачылар, сөөктү ит-кушка таштап коюшат.

Сөөктү жерге жашыруу жөрөлгөсүн жасаган ар кандай диндердин өкүлдөрү Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык өлкө аймагында өз ырасымын жүзөгө ашырууга толук акылуу.

Тарыхка кылчайсак...

Айтмакчы, бир кезде католиктер бийлеген Батышта диний сабырдуулук дээрлик жок кезде, мусулмандык Чыгышта сабырдуулук (толеранттуулук) өкүм сүргөн.

Натыйжада, батышында - Түндүк Африка менен Кордова халифатынан (азыркы Испания менен Португалиянын аймагы) чыгышында - Чыгыш Теңир-Тоого (Карахандар каганаты) чейинки ири чөлкөмдө "мусулмандык кайра жаралуу" ("ренессанс") доору гүлдөп-өскөн.

Жусуп Баласагындын айкели. Бишкек ш. 14.5.2015.

Абу Наср Фараби, Ахмед Фергани, Мухаммед Хорезми, Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари Барскани - дал ошол сабырдуулук, айдыңдык жана илим доорунун бараандуу өкүлдөрү. Бул маданий, илимий, руханий өрүшкө нечендеген мусулман эмес окумуштуулар жана башка өнөрлүү кишилер да чоң салым кошкон.

Мусулмандар кагаз өндүрүүнү кытайлардан (ханзу) үйрөнсө, “нөл” (“жок”) саны кошулган ондук эсептөө системасын индиялыктардан, математикалык жана философиялык жоболорду гректерден өздөштүрүшкөн. Жусуп Баласагындын даңазалуу “Кутадгу билиг” (1069-70) эмгегинде да Евклиддин (Оклидис) чыгармаларын окууга үндөгөн ыр саптары бар эмеспи! Дини башка түрк, парсы, вавилондук жылдызчы, фаранг (европалык) жана башка элдердин ойчул өкүлдөрү мусулман мамлекеттериндеги бул руханий жана агартуучулук агымга кошулушкан.

Жөөттөр да мусулман Кайра жаралуусуна зор салымдарын кошкон. Кордова халифатындагы даңазалуу ойчул, дарыгер, астроном аалым Моше бен Маймон (арапча ысымы - Абу Имран Муса ибн Маймун ибн Абдулла ал-Курдуби ал-Йахуди; 1135 же 1138 — 1204) өз доорунун гуманисти болгон.

Кыргызстанда табылган археологиялык, эпиграфикалык эстеликтер биздин өлкөбүздө дагы көөнө заманда жана орто кылымдарда ар башка диндеги жамааттар эриш-аркак жашаганын тастыктайт. Карахандар мамлекети 960-жылы исламды мамлекеттик дин катары кабыл алган, бирок башка диндеги жамааттар Теңир-Тоодо өз жашоосун уланта берген.

Маселен, азыркы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын ордунда орто кылымдарда Тарсакент (Христиан шаары) деген шаарча болгон. Мында шаар аталышы (“Тарсакенд”) чагылдырылган тыйын да чегилген. Несторий христиандарынын мүрзө таштары да Кара-Жыгачта жана Ак-Бешимде (мурдагы Суйаб шаарынын калдыгы) ж.б. жерлерде табылган.

Тарсалар Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванында” да, “Манас” дастанында да эскерилет.

Демек, диний сабырдуулук – өзүбүздүн тарыхыбызда орун алып келген көрүнүш. Аны азыркы улуттук руханий жетишкендиктерибиздин бири катары мындан ары да чыңдоо - урпактык парызыбыз.