"Оскар" сыйлыгын "Падышанын сөзү" алды

"Падышанын сөзүндө" башкы ролду ойногон Колин Фөрт "Эң мыкты актер" деп табылды, Калифорния, 27-февраль.

Лос Анжелестеги салтанатта «Падышанын сөзү» деген филм жылдын эң мыкты тасмасы деп табылды. «Кара куу» тасмасында негизги ролду ойногон Натали Портман эң мыкты актриса сыйлыгына татыды.
Сыйлыктар Академисынын быйылкы салтанатында британиялык «Падышанын сөзү» олжолуу болду.

Том Хупер койгон бул тасманын жеңиши тууралуу Лос Анжелестин Кодак театрындагы жылдыздар жыбырап толгон салтанатта ардагер режисер Стивен Спилберг жарыялады:

- Мына, укмуштуудай сыймык. Кино үчүн жемиштүү жыл болду. Том Хупер өз тасмасынын ар бир кадрын ушунчалык ыклас менен тартыптыр. Режисерлук ишиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.
Баш байгени алган "Падышанын сөзү" тасмасынын жаратуучулары.

«Эң мыкты филмди» тарткан «эң мыкты режисер» деп табылган Томас Хупердин тасмасынан Улуу Британиянын азыркы ханышасы Элизавета Экинчинин атасы Британиянын падышасы Георгий Алтынчынын кекечтиктен кантип арылганын билебиз.

Былтыр ноябрда экранга чыккан бул тасмада эл алдында сүйлөгөндөн корккон падыша австралиялык логопедге кайрылып, анын жардамы менен өзүн өзү колго алып, өлкөнү нацисттик Германияга каршы согушка баштап чыгат.

Анда падышанын ролун ойногон британиялык актер Колин Фөрт «эң мыкты актер» деп табылды.

Колин Фөрт чынында да кекечтей ишенимдүү ойноду, бирок Оскар сыйлыгын алып жатканда ал албетте шар сүйлөдү:

- Баарынан да азыр ушул залда отурган апам менен атама рахматымды айтам. Менин апам Австралиядан болот. Ал 2007-жылы Лондонго келгенде, аны «Падышанын сөзү» деген театралдык оюнда айрым жерлерин окуп берүүгө чакырышкан эле. Ошол оюнга барып келгенден кийин, апам мага телефон чалып, «Том, мен сенин кийинки тасмаң кайсы болоорун билем» деп айткан.

Сыйлык тапшыруу учурунда сахнага Хупер жана Фөрт менен катар «эң кызыктуу сценарий» жазган деп табылган Дэвид Сайдлер да көтөрүлдү. «Падышанын сөзү» сыяктуу эле «Башталыш» деп аталган фантастикалык триллер да төрт сыйлыкка татыды.
"Эң мыкты актриса" сыйлыгына татыган Натали Портман

«Эң мыкты актриса» сыйлыгын быйыл америкалык Натали Портман «Кара куу» деген тасмасындагы ролу үчүн алды.

Салтанатта жаш актриса башкалар менен катар, өз ата-энесине ыраазычылык билдирди:

- Адам ишенип болбойт. Мени менен сыйлыкка көрсөтүлгөндөргө да берилсе кана! Мен сиздер менен сыймыктанам. Мен ушул ишимди иштей алганым үчүн сыймыктанам. Мен баарынан да мени ушул дүйнөгө алып келип, жаштайымам эмгекчилдикке жана адамгерчиликтүү болууга үйрөтүп, мага күн сайын үлгү болгон ата-энеме ыраазымын.

«Кара куу» сыйлыктын 5 багыты боюнча Оскарга көрсөтүлгөн эле, бирок ал бир гана алтын айкелге ээ болду. 10 номинацияга талапкер катары айтылган «Темир муштум» вестерни бир да сыйлык алган жок.

Даниялык «Өч алуу» «Чет элдик эң мыкты» филм болуп калды.