Натюрморттун майын чыгарган Малеина

Е. Малеина. Шабдаалынын натюрморту.

Евгения Алексеевна Малеина - атактуу “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөттү тарткан Семён Афанасьевич Чуйковдун зайыбы. Ал живопись, натюрморт, портрет жанрында иштеп, чоподон да декоративдүү идиштерди жасаган.

Евгения Алексеевна Малеина Ташкентте туулган. Бирок жүрөгү Москвага, сүйүүсү кыргыз жерине байланган. Ал үчүн сүрөткердин түбөлүктүк жары, атактуу мекендешибиз Семён Афанасьевич Чуйковго таазим.

Болочок эки сүрөткер 1924-1930-жылдары Москвадагы ВХУТЕМАС окуу жайында чогуу билим алышат. Алар сүрөтчүлүк өнөрдүн сырларын Роберт Фальктын өнөрканасында бирге өздөштүрөт. Малеина ошондой эле А. Древинден, Д. Штеренбергден да таалим алат.

Е. А. Малеина (1903-1984).

Евгения Алексеевнага Кыргызстандын сыймыгы Чуйков алгач таанышканда эле ашык болгон. Себеби Семён Афанасьевич 1924-жылы “Вершинная быль” деген повесть жазат. Анын арноо сөз - эпиграфында «...менин назик сезимим күндүн илебиндей селки Женяга жакын адамдарды көздөй умтулат» деп, махабат отуна күйүп жатканын ачык билдирет.

Эки жаш 1930-жылы баш кошот. Андан үч жыл өтпөй жубайлар Бишкекке көчүп келишет. Ошону менен алардын өмүрү жана сүрөтчүлүк өнөрү Кыргызстандан эч ажырабайт. Семён Афанасьевич Чуйков СССРдин Эл сүрөтчүсү, СССР Сүрөт Академиясынын академиги, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты болот. Евгения Алексеевна Малеина 1934-жылы Бишкекте болгон биринчи сүрөт көргөзмөдөн тартып, республикада өткөн вернисаждарга үзбөй катышат.

Е. Малеина. Дарбыз менен нандын натюрморту.

Евгения Малеина түстөрдүн айкашын, өңдөрдүн өз ара катнашын жана кубулуусун, ыраңдардын гаммасын өз картиналарында өтө кылдат берет. Ошон үчүн Малеинанын натюрмортторун көрүп жаткан адам мөмө-жемиштердин жана нандын буркураган жытын сезет.

С. А. Чуйковдун Бишкектеги мемориалдык үй-музейинин башчысы Марина Евгеньевна Закревскаянын айтымында, сүрөткердин бир натюрмортунда май куюлчу шишени тартып койгонун жаш муун түшүнө бербейт.

- Евгения Алексеевна тарткан жүзүмдү карасаңыз, жүзүмдүн сары алтындай мөмөлөрү ичине чок салып койгондой нурланат, - дейт ал. - Дарбыздын жана коондун тилими «ал, мени же» деп тургандай. Сиз бул натюрморттордон мөмөлөрдүн жытын сезесиз. Мектеп окуучулары картөшкөнүн натюрмортун көргөндө сүрөттө эмне үчүн бөтөлкө тартылганын түшүнбөй жалдырашат. «Бул эмне болгон бөтөлкө?» деп сурашат. Бөтөлкө улуу муундагы көрөрмандарда эч кандай суроо жаратпайт. Алар совет заманында алдагыдай шишеде күн караманын же пахтанын майы сатылганын билишет. Окуучуларда бөтөлкөнүн эмне үчүн суроо жаратканын 20 жыл мурда түшүнгөн эмесмин. Себеби биз бала кезибизде пахта майды ушундай бөтөлкөдө сатып алчубуз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Евгения Малеина: художник жана эне


Кыргыз Эл сүрөтчүсү Догдурбек Нургазыев кайсы сүрөткер болбосун өзү жашаган мезгилдин атрибутикасын өз чыгармаларында чагылдырары табигый көрүнүш экенин эске салды:

- Биринчиден, Малеина аял болгон. Сүрөтчүлүктө аялдык сезим да маанилүү. Базардагы жана үйдө өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди коюп коюп, эң сонун композиция түзүп, маанай менен түстөрдү келиштирип иштеген. Ар бир доордун символикалык буюмдары, өзүнө таандык туз-татымдары болот. Алар азыр таптакыр башкача.

Евгения Малеина натюрмортторунда Поль Сезанн жана Ван Гог өңдөнүп жемиштин түрлөрүн жайнатпайт. Тескерисинче, өтө жупуну. Бул жагынан Малеина XVIII кылымда өткөн француз сүрөткери, айтылуу колорист Жан Батист Шарденди эске салат. Шардендин натюрморттору кишини үй турмушунда, айрыкча ашканада коштогон заттарды чөйрөнүн ажырагыс бөлүгүнө айлантып, мамыр мейкиндикте поэзиянын кылдарын күүлөп, обон сала баштайт.

Е. Малеина. Нандын натюрморту.

Малеинанын натюрмортторун карап туруп өзүңдү үйдөгүдөй сезесиң, сүйүктүү ырыңдын мотивин же музыкаңдын ыргагын ичтен күңгүрөнө баштайсың. Себеби сүрөткер ашканадагы тириликке зарыл жөнөкөй заттардын ажарын ачат.

Ал эми «Кичинекей балыкчылар», «Дарыядагы кеч», «Кохозчунун балдары», «Шатыда отурган кыз», «Жайлоодогу жылкылар», «Буудай талаасы», «Балкондогу розалар», «Төө куурай» сыяктуу пейзаждарын көрүп жатып, бирде көл жээгине, бирде бөксө тоолорго, бирде Сары-Өзөн Чүй бооруна сейилдеп кетесиз. Догдурбек Нургазыев Малеина башкаларга окшобогон сүрөтчү экенин белгиледи:

- Малеинанын аябай жакшы сүрөттөрү бар. Колористика, гамма жагынан алганда Чуйковдун эмгектерине айкалышып кетет. Бирок Малеинанын өзүнө таандык чыгармачылык жүзү бар. Колористика, мааниси жагынан поэтикалуу натюрморттору бар. Биз, сүрөткерлер, сүрөттүн маанисине, идеясына, чеберчилигине, жеке сапаттарына көп көңүл бөлөбүз.

Е. Малеина. Төө тикендин натюрморту.

Малеинанын натюрмортторун адаштырбай тааныса болот. Бирок Марина Закревская да анын пейзаждарынан Семён Афанасьевич Чуйковдун таасири ачык байкаларын сүрөткерлер менен искусство таануучулар бир ооздон белгилешкенин айтты:

- Евгения Алексеевна абдан кызыктуу колорист экенин бардык изилдөөчүлөр белгилешет. Ошондой эле Семён Афанасьевич Чуйковдун зайыбы болгонуна көңүл бурушат. Евгения Алексеевна өз натюрмортторунда жашылча, мөмө-жемиштер, идиш сыяктуу жөнөкөй нерселердин сүрөтүн тартса, пейзаждарында табияттын абалын, ал эми портреттеринде жакын адамдарын тарткан. Евгения Алексеевна акылдуу аял катары дайыма күйөөсүнүн көлөкөсүндө жүргөн. Ошон үчүн көпчүлүк Малеина атактуу Чуйковдун жубайы экенин, абдан кызыктуу живописчи экенин билбейт.

С. А. Чуйковдун мемориалдык үй-музейинин башчысы М. Е. Закревская.

Бирок Евгения Малеина живописчи катары Чуйковду туурабайт. Семён Афанасьевич өзү да зайыбы ага караганда өңдүн ажатын мыкты ачкан чоң колорист экенин мойнуна алган. Сүрөткер түгөйлөрдүн чеберчилигиндеги өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Эл сүрөтчүсү Асакен Бейшенов мындайча түшүндүрдү:

- Семён Афанасьевич абдан бийик деңгээлге жеткен сүрөткер да. Кыргызстандын сыймыгы. Сыймыктанабыз. Бооруна китеп кыскан «Советтик Кыргызстандын кызы» деген сүрөтү биздин символубуз болуп калды. Ошол эле кезде аялы Евгения Алексеевна Малеина Семён Афанасьевичтин көлөкөсүндө калгандай болот. Эмне үчүн дегенде Малеинанын жөндөмдүүлүгү живопись жагынан балким Семён Афанасьевичтен өтүп кетиши мүмкүн. Бирок Малеина Чуйковдой расмий чоң сүрөттөрдү тарткан эмес. Чуйковдун 1916-жылга арналган чоң полотносу бар. Анын атагы тематикалык сүрөттөр менен чыккан, Индия серияларын жазып келгенден кийин. Малеина көбүнчө натюрморт тарткан. Натюрморттору «көзгө көрүнбөгөн» турмуш, карапайым дегендей мааниде. Малеина өзү ошондой сүрөттөрдү жакшы көргөн: жылтырак эмес, жөнөкөй нан же жөнөкөй жемиштер. Натюрморттору анча көп эмес. Бирок живопистери майын чыгара тартылган. Сүрөткерлер ошондой сүрөттөрдү баалашат жана түшүнүшөт.

Евгения Малеинанын натюрморттору көбүнесе жөнөкөй: кадимки бөлкө нан, сүйрү булочка, сарымсак, шабдаалы, анар, банан, чарчыга түйүлгөн жапкан нандар, кулпунай, бадыраң, алча, коон жана коондун тилимдери, дарбыз жана тилим дарбыздар, шиңгил жүзүм, роза гүлү... Булардын ичинен дарбыз менен коондун тилимдеринен ширин даамын, буркуган жытын сезип, «мени же» деген шыбыштарын эшитип, өңүнө суктанасың. Боёктор мемиреп, көңүл көшүлтөт. Анын сүрөттөрүндө нан эң алды тынч, байгер турмуштун жышаанасы, символу, дасторкондун көркү. Албетте, береги натюрмортторду көргөн адам сүрөткер ашканасындагы такай колдонгон бычак, чайнек, пиала, дасторкон, табактарды тартканын байкабай койбойт. Мунун өзү сүрөткер натюрмортторун лаззат менен, жан ырахаты үчүн тартканын көрсөтүп турат.

Е. Малеина. Дарбыз менен мөмөлөрдүн натюрморту.

Догдурбек Нургазиев стилдик жактан алганда Малеина реализм мектебинин бараандуу өкүлү экенин белгиледи:

- Сүрөткер көп иштегенде өз стили калыптанат, өз стили менен таанымал болот. Мисалы, Поль Сезанндын, Роберт Фальктын же голландиялык чеберлердин натюрмортторун алсак, алардын ошол доорго, турмушка байланыштуу түсү бар. Малеинанын эмгектери советтик доордогу реализм агымына толук жооп берет.

Евгения Алексеевна Малеина 1920-жылдардын аяк ченинен баштап чет мамлекеттердеги көргөзмөлөргө катышып, мурдагы Советтер Союзуна таанылмал сүрөткер болгону менен, эне жана зайып катары үйдөгү байкалбаган, майда машакаты көп тиричиликти өгөйлөгөн эмес.

Мисалы, кайсы бир журналист менен маектешип жатып, эч кандай пафосу жок:​ «Көп адамдар үйдөгү тиричилик чыгармачылыктан алаксытат деп эсептешет. Мындай сөзгө эч качан макул болбойм. Киши сөзсүз кимдир-бирөөнү сүйүшү керек, кимдир-бирөөгө кам көрүшү керек. Бул жашоого жардамдашат», - дейт эки уулдун энеси Евгения Алексеевна.

Минтип оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн шаан-шөкөттүү салтанаттарына көз артпай, жашоого каниет деп, эмгегинен баар тапкан алпейим жан гана айтары бышык.

Энелик милдетти ыйык тутуп, үй-бүлөгө көп көңүл бөлгөндөн уламбы, Е. Малеина 1970-жылдардын баш ченинен тартып көргөзмөлөргө мурдагыдай жигердүү катышпай калат. Болбосо, 1929-жылдан тартып 1960-жылдарга чейин эмгектери чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө да көп коюлган. Анын сүрөтчүлүк чеберчилигине көлөмдүү эки монография арналган. Таланты жогору бааланып, Евгения Малеинага РСФСРдын Эмгек сиңирген сүрөтчүсү наамы ыйгарылат. Ушундан улам «Кыргызстанга арналган сүрөттөрү бир топ болсо да, эмне үчүн расмий түрдө бааланбай калган?» деген суроо жаралат.

1984-жылы "Художник РСФСР" басмасынан чыккан "Евгения Малеина" деген китептин мукабасы. Автору А. Абрамова.

Евгения Малеинанын негизги эмгектерин Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде, Москвадагы мамлекеттик Третьяков галереясында жана Санкт-Петербургдагы Орус мамлекеттик музейинде табууга болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.