Симферополдук айымдар украин аскерлерин колдоп чыгышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Крымдын борбору Симферополдо ондогон айымдар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Жээк коргоо аскерлеринин штабынын имаратынын жанында жыйын өткөрүштү жана Украинанын аскерлерин колдоп, аларга гүлдестелер тапшырышты. Аялдар Орусиянын Крымдагы аскердик баскынчылыгына каршы ураандарды көтөрүшүп, Карл Маркс көчөсүндө жүрүш уюштурушту. ЭЕ/АҮ Украин кызматы. 04.3.14.