Сариев: Коронавирус ЕАЭБдин дараметин көргөздү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дүйнөнү каптап жаткан COVID-19 вирусу өнүккөн ири державаларды ала салдырып жатат. Учурда ар бир мамлекет бул илдеттин кесепетинен экономикасын сактап калуу, элин социалдык жактан коргоп калуу үчүн түрдүү аракеттерди көрүп жатат. Коронавирус кыргыз экономикасына кандай таасир этет? Ишканалар жабылып, жумушсуздук көбөйүп, эл жакырланып кетпеши үчүн өкмөт кандай чараларды көрсө болот? Мурдагы премьер-министр Темир Сариев ушул суроолордун айланасында "Азаттык" ой менен бөлүштү.