Коронавирус менен өткөн бир жыл
Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн сүйрөп бара жаткан медицина кызматкерлери. Кытай, Ухань шаары. 16-февраль, 2020-жыл.
2020-жылы 1-январь күнү Бээжинден 1100 чакырым аралыкта жайгашкан Ухань шаарында бир нече адам белгисиз ооруну жугузуп алганы үчүн жергиликтүү базар жабылган.
Ухань шаарындагы убактылуу ооруканага айланган көргөзмө борборунда башына шейшеп жамынып басып келе жаткан бейтап. 5-февраль, 2020-жыл.
Италиядагы чиркөөлөрдүн биринде коронавирустан каза болгон адамдарды акыркы сапарга узатып жаткан чиркөө кызматкери. 28-март, 2020-жыл.
2020-жылы 22-февралда Италиялык 78 жаштагы адам коронавирустан каза таптыканы айтылган. Бир айдан соң, тагыраагы 22-мартта Италияда коронавирустан каза болгон адамдардын саны 16 миңге жеткен.
Балет бийчиси Эшли Монтегю Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянтында бетине противогаз кийип бийлеп жаткан учуру. АКШ. 18-март, 2020-жыл.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялагандан көп өтпөй көпчүлүк мамлекеттер чек араларын жаап, карантин жарыялашкан.
Пешавар шаарындагы көчөлөрдүн биринде беткап сатып жаткан бала. Пакистан. 27-февраль, 2020-жыл.
Тегеран шаарынын жол кыймылынын жумушчусу коронавирустун алдын алуу үчүн коомдук транспорттун ичин тазалап жатат. 26-февраль, 2020-жыл.
Иран өкмөтү 2020-жылы 19-мартта коронавирустан эки адам каза болгонун билдирген. 2020-жылдын башында Иран Кытайдан кийинки илдет күчөгөн экинчи мамлекеттин бири болуп калган.
COVID-19 вирусунун жайылып кетүү коркунучунан улам медициналык кызматкерлер полицияда кызмат өтөгөн аялдардын дене табын текшерүүдө. Бангкок, Таиланд. 1-март, 2020-жыл.
Немис аскер учагы "Airbus Medivac" Кёльн шаарынан Италиянын Бергамо шаарына учууга даярданууда. Германия. 28-март, 2020-жыл.
СOVID-19 убактылуу ооруканаларды пайда кылды. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү бейтаптар үчүн убактылуу чатырларды тигип же спорттук стадиондорду, соода борборлорун жада калса эски поезддерди ооруканага айландырышты.
Тулса эл аралык аэропортундагы тизилип турган учактар. Оклахома шаары, АКШ. 23-март, 2020-жыл.
Пандемия жарыяланганда COVID-19 илдети дүйнөнүн 114 өлкөсүнө жетип, чек аралар биринен сала бири жабыла баштаган эле. Чек аралар жабылып, учактар учпай калган. Айрым авиа компаниялар пандемиядан банкрот жарыялашкан.
Бош калган Ал-Харам мечити. Бул мечитте Кааба ташы жайгашкан. Мекке шаары. 6-март, 2020-жыл.
Коронавирус пандемиясынын улам 2020-жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген. Чектөөлөр киргизилгенге чейин барып калгандар коронавирусту жугузуп алганга үлгүрүшкөн.
Кыргызстанда коронавирус табылган алгачкы үч киши дал ушул умрага барып келгендер болгон.
Өрт өчүрүүчүлөр Тегерандын көчөлөрүнүн бирин дезинфекциялап жатышат, 13-март 2020-жыл.
Медицина кызматкерлери коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн сүйрөп бара жатышат. АКШ, Нью-Йорк шаары. 2-апрель.
Көп өтпөй коронавирус АКШнын шаштысын кетире баштады.
Сан-Паулу шаарындагы Вила Формоза көрүстөнүндө эс алып отурган көр казуучу. Бул көрүстөнгө 24 сааттын ичинде 62 сөөк жерге берилген. 18-май, 2020-жыл.
Бразилияда коронавирустун күч алган учуру май айына туш келди.