COVID-19: Соода кайрадан кызыды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

18-мартта эртең менен Кыргызстанда коронавирус чыкканы тууралуу маалымат тарагандан кийин элдин азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Бишкектеги жана аймактардагы базарларда унга кезекке тургандар көбөйдү. Өкмөт өлкөдө азык-түлүк жетиштүү экенин айтып, элди дүрбөлөң болбоого чакырды. "Азаттык" азык-түлүк саткан базарларды, гипермаркеттерди кыдырды.