Саламаттыкты сактоонун отличниги Жүзүмкан Көкүмбаева медицина тармагында 30 жылдай эмгектенген.
№3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Жыргал Сабданбековдун “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, көз жумган дарыгер буга чейин эки жолу текшерүүдөн өтүп, анализдери таза чыккан. Бирок абалы оорлоп Республикалык инфекциялык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
«Иштеп жүрүп эле апрелдин 20ларында ооруп калыптыр. Эки жолу ПЧР- тест тапшырып, анализдери таза чыккан. Ошондуктан илдет аныкталган күнү эле ооруканага жаткан эмес. Жыйынтыгында эски оорулары өтүшүп кетип, реанимацияга түшүп калган. Ошол жерде 10 күндөй жатты».
Жыргал Сабданбеков кошумчалагандай, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун 11 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын арасында өзү да бар.
Дагы караңыз Дарыгерлерге кошумча акы толук жете элекДарыгердин айтымында, бейтапкананын калган дарыгерлери азыр дарыланып жатат. Медициналык кызматкерлер илдетти качан жана кимден жуктуруп алганын билбей калышкан.
№3 үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык үч кызматкеринен коронавирус аныкталып, бейтапкана карантинге жабылганы тууралуу расмий маалымат 26-апрелде тараган.
Ага чейин Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлеринен да коронавирус аныкталып, бейтапкана карантинге жабылганы маалым болгон.
Негизи эле Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери дарыгерлердин коопсуздугу коомчулукту тынчсыздандырып келет.
Медицина тармагындагы эксперт Айбар Султангазиев дарыгерлерге коргоочу каражаттар убагында бөлүнгөндө абал мынчалыкка жетмек эмес деген ойдо.
«Мобилдик топко кирген дарыгерлер бейтаптарды текшерип келгенден кийин эле кесиптештери менен аралашып жатышты. Жыйынтыгында башкаларга дагы илдет жукту. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева “үч ай ичинде 180 млн. сомго коргонуучу каражаттарды алдык” деп билдирди. Биздин эсеп боюнча баарын камсыздаш үчүн ай сайын 600 млн. сом сарпташ керек».
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ассоциациясынын жетекчиси Сүйүнжан Мукеева өкмөт, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги ири ооруканаларга көңүл бурганы менен Үй-бүлөлүк медицина борборлору унутта калып жатканын белгиледи:
«Коронавирус жуктургандар тууралуу маалымат чыккандан кийин алгачкы эки жумада дарыгерлер чет өлкөдөн келгендерди үйүнө барып текшеришти. Ошол маалда алар коргоочу каражаттар, атайын форма менен камсыздалган эмес. Өз чөнтөгүнөн акча чыгарып сатып алган беткап менен эле жүрүштү. Өлкөнүн түштүгүндөгү дарыгерлердин көбүнүн ооруп калышына ушул жагдай себеп болду».
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 25-апрелдеги брифингде вирус жуктурган дарыгерлердин саны эмнеден улам көбөйүп жатканын мындайча түшүндүргөн:
«Дарыгерлер коронавирустун очогунда жүрүшөт. Үй-бүлөсүнө да жугузуп жатат. Кээ бирлери жөнөкөй эрежелерди сактабагандыктан да жугузуп алышууда. Ар түрдүү себептер бар. Коронавирустун очогуна барганда жеке коргонуу каражаттарын кийишет. Аны кайра чечкенде да эреже сакталбай калышы мүмкүн».
Республикалык штабдын маалыматында №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун догдурлар тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын өлүмүнө эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги, мындан тышкары жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик сыяктуу өнөкөт илдеттеринин кесепети тийгени жазылды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан 10 адам каза тапты. Ал эми медициналык кызматкерлердин ичинен коронавирус жугузган алгачкы бейтап каза болду.
3-майдагы маалымат боюнча Кыргызстанда COVID-19 илдети жалпысынан 207 медицина кызматкерине жуккан. Алардын 114ү сакайганы мурда кабарланган. Коронавирус жугузгандардын жалпы саны - 795.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.