Ашхабад аралык уюмдун адистерин кабыл алган жок.
Анын ордуна түркмөн бийлиги "өлкөдө илдет жок" деп расмий жарыялап, ошол эле учурда "коронавируска каршы күрөшкө бүт дүйнө биригиши керек" деген демилгени көтөрүп жатат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы бюросу Түркмөнстанга баруу ниетин алдын ала жарыялаган.
Бирок андан бери эки апта өтсө да Ашхабад макулдугун бере электигин уюмдун маалымат кызматынын башчысы Стефани Брикман "Азаттыктын" түркмөн кызматына 4-майда ырастады.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери учурда Тажикстанда жүрүшөт. Иш сапарды пландап жаткан учурда адистер тобу Тажикстандан кийин эле Түркмөнстанга бармак болушкан", - деди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму түркмөн тараптан уруксат алууга үмүт бардыгын, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
23-апрелде уюмдун Европадагы аймактык бюросунун директору Ханс Клюге Тажикстандын жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрликтери "эл аралык миссияны кабыл алууга макул" деген билдирүүсүн өзүнүн "Твиттер" баракчасына жазган эле.
Дагы караңыз RSF: Пандемияда басма сөзгө кысым күчөдүМындай билдирүүдөн кийин Түркмөнстан БУУнун башка агенттиктери менен сүйлөшүүлөрүн күчөткөн. Ал эми өлкөнүн өзүндө вирусту жуктуруп алышы мүмкүн деген шек менен карантинде кармалгандар бошотулган.
Ал арада Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Ханс Клюге менен видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн. 28-апрелде түркмөндөрдүн расмий маалымат каражаттары "коронавирус пандемиясына каршы аракеттенүү боюнча сүйлөшүүлөр болду" деген маалымат таратып, бирок эмне сүйлөшүү экенине кеңири токтолгон эмес.
Көз карандысыз "Гундогар" маалымат порталы түркмөн бийлиги менен эл аралык миссиянын сапары тууралуу сүйлөшүү татаал болуп жатканын кабарлады. Ашхабаддагы БУУнун агенттиктеринин бириндеги өз булагына таянган басылма миссиянын келиши үчүн түркмөн бийлигинин чакыруусу зарыл экенин жазды.
Түркмөнстан өлкөдө COVID-19 илдети лабораториялык жактан ырасталбаган дүйнөдөгү саналуу гана өлкөлөрдүн бири. Бийлик илдеттин бар экенин тануу менен бирге коронавирус темасын талкуулоого элге да тыюу салган. Ошол эле учурда Ашхабад коронавируска каршы күрөшкө кошулууга үндөп, эл аралык демилгелерди көтөрүп коюудан тартынбайт.
22-апрелде президент Гурбангулы Бердымухаммедов БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке кайрылып, илдетке каршы күрөшүү жагынан өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирген.
4-майда түркмөн президенти Эч бир аскердик блокко кошулбаган өлкөлөрдүн биримдигинин видео саммити учурунда COVID-19га каршы чогуу күрөшүүнү сунуш кылды. Аны мамлекеттик медиа каражаттары даңаза менен чагылдырды.
"Түркмөнстандын президенти Бердымухаммедов саммиттин катышуучуларын коронавирус пандемиясы учурунда мигранттарга, качкындарга жана элдин аялуу катмарларга гуманитардык жардамдарды кеңейтүүгө чакырды", - деген маалымат тарады.
Түркмөн президентинин бул билдирүүсү өз мекенинде тамак-аш тартыштыгы күчөп турган учурга туш келди. Өлкөдөгү карантин борборлордо жаткан жарандар тууралуу маалымат алуу боюнча "Азаттыктын" көп жолу аракеттеринен майнап чыккан жок.
20-марттан тартып аймактар арасындагы каттамга чектөө киргизилген жана өкмөттүн гана автобустары жүрүп калган. Ошондой эле өтө зарыл иши барлар гана атайын уруксат кагазы менен ары-бери каттап жаткан.
Коронавирус пандемиясы жайылганда кесиби дарыгер, түркмөн лидери өз элин вируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. Ал бул чөп «түркмөн ата-бабалар миңдеген жылдар бою колдонуп келген, жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба болору далилденген» деп айткан.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы Бердымухаммедовдун мындай сунушунан кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде күнүнө кеминде эки жолу адырашман менен ысырыктоо жапырт башталганын жазган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.