Коронавирус илдетине каршы Орусияда өндүрүлүп, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө таркатылып жаткан “Sputnik V” вакцинасынын жеңилдетилген түрү – “Sputnik Light” эмдөө затын расмий каттоодон өткөрүү үчүн анын өндүрүүчүлөрү расмий бийликтерге арыз беришти. Дүйнөгө өз вакцинасын жигердүү сунуштаганына карабастан, өз калайыгын эмдөө жаатында Орусия дагы эле артта калып келет.
Жаңы вакцинаны расмий каттоо тууралуу арыз
Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги 29-мартта өлкөдө өндүрүлүп жаткан жаңы вакцинаны – “Sputnik Light” («Спутник Лайт») эмдөө затын каттоо тууралуу Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борборунун арызын кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов маалымат каражаттарына ошол эле күнү тастыктады.
“ТАСС” кабар агенттигинин “Sputnik Light” вакцинасы эмдөөчү дары заттардын тизмесине киргизилди деген маалыматын Кузнецов 29-мартта четке кагып, азырынча Н.Ф.Гамалея атындагы борбордун арызы гана кабыл алынгандыгын, эми министрликтин адистери жакын арада бул дары заттын сапаты, коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча өз тыянагын чыгара тургандыгын кошумчалады.
“Sputnik Light” – кимдер үчүн?
Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору былтыр иштеп чыккан "Sputnik V" вакцинасынан айырмаланып, “Sputnik Light” вакцинасы бир эле ийнени камтыйт. (Мында англисче “Light” сөзү жеңил, жумшак, үлбүрөк, назик маанилерин берет).
“Sputnik Light” эмдөө заты сайылган соң, бир жумадан кийин кишиде коронавируска каршы иммунитет пайда болуп, бир айдан кийин ал эң жогорку чегине жетет. Антитулкулар 4-5 ай бою күчүн сактап турат. Жаңы вакцинанын болжолдуу натыйжалуулугу – 85 пайызга чейин жетет деп жоромол кылынууда.
“Sputnik Light” эмдөө заты коронавирустун туу чокусун баштан кечирип жаткан өлкөлөр үчүн алааматтын кесепетин азайтууга огожо болчу убактылуу чечим катары чет мамлекеттерге сатуу үчүн өндүрүлгөн жатат.
Бул стратегия башынан эле белгилүү болчу. Орусиянын Тикелей инвестициялар фондунун (РФПИ) башчысы Кирилл Дмитриев “Sputnik Light” вакцинасы биринчи кезекте тышкы базар үчүн өндүрүлөөрүн, ал эми “Sputnik V” вакцинасы – орусиялыктар үчүн эң негизги эмдөө заты бойдон кала берээрин мурдараак белгилеген.
Гамалея институту жана “Sputnik V” вакцинасы тууралуу
Орусияда дары-дармек иштеп чыгуучу алдыңкы илимий-өндүрүштүк мекемелердин бири – бул Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору (Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Н.Ф.Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илимий борбору").
Федералдык мамлекеттик бүжөттөн каржыланган бул илимий мекеме СССР ИАсынын ардактуу академиги, СССР Медицина илимдери академиясынын академиги, эпидемиолог жана микробиолог Николай Фёдорович Гамалеянын (1859–1949) атын алып жүрөт.
2020-жылы августта бул илимий мекеме бүт дүйнөгө сенсация кылды. Анын табылгасын орус бийликтери андан ары саясатташтырып кетти.
Ошол эле айда, 11-августта, бул мекеме иштеп чыккан “Gam-COVID-Vak” (маркетингдик аталышы – “Sputnik V”, б.а. “Спутник-Ви”) деп аталган коронавируска каршы эмдөө үчүн сунушталган дары-дармек заты дүйнө жүзүндө биринчи жолу расмий каттоодон өткөрүлгөн вакцина болуп калды. Аны Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги каттады.
Орусиянын мамлекеттик үгүт машинасы артык кылам деп, тыртык кылгандай болду. Түпкүлүгү натыйжалуу дары экендиги августтан кийинки жарым жыл ичинде гана биротоло тастыкталган бул вакцина үчүнчү сыноодон өткөрүлө электе эле аны расмий Кремл мактап-жактап чыкты. (Бул дары заттын үчүнчү сынагы 2020-жылы 7-сентябрда араң башталган).
Мындай кара күчкө салган расмий үгүттүн айынан орусиялыктардын өздөрү бул вакцинага чочулоо менен мамиле кылышты. Маселен, “Левада” сурамжылоо борборунун соңку маалыматына караганда, орусиялыктардын 62 пайызы “Sputnik V” вакцинасы менен эмдетүүдөн чочулап турушат. Бирок өлкөдөгү калайыктын басымдуу бөлүгү (98 пайыздайы) ишенимдүү вакцина менен эмдетүүгө каршы эмес.
Дагы караңыз Евробиримдик «Sputnik V» вакцинасына муктаж эмесӨтүкчүнүн өтүгү жыртык...
Эмдөө жүрүмүнө келсек, 29-мартка карата Орусия калкынын 4,69 %ы гана толук эмделди, 5,30 %ы биринчи жолу эмделди (б.а. өзүндө вакцина өндүрүлбөгөн Словакия менен дээрлик тең чамал көрсөткүчкө ээ).
Израилдин калкынын 51,56 % пайызы толук эмделди, 56,84 %ы биринчи жолку вакцина ийнеси менен сайдырды.
Дагы караңыз Калктын дээрлик жарымы эмделген Израилде турмуш жанданатЧилиде калайыктын 17,52 %ы толук эмделди, 33,97 %ы биринчи жолу эмделди.
АКШда калайыктын 15,83 %ы толук эмделди, 28,58 %ы биринчи жолу эмделди.
Сербияда калайыктын 10,56%ы толук эмделди, 16,12 %ы биринчи жолу эмделди.
Түркияда болсо калайыктын 7,74 %ы толук эмделди, 9,85 %ы биринчи жолу эмделди.
Дагы караңыз Түркияда карантин чаралары кайрадан күчөдүБул маалыматтан айгинеленгендей, Орусиянын өзүндө коронавируска каршы эмдөө иши кашаң жүрүп жатат. Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы жашыруун түрдө 23-мартта эмделгени ачыкталды (башка өлкөлөрдө мамлекет башчылары калкын шыктандыруу үчүн онлайн тартипте эмделишүүдө).
Баарынан кызыгы, Путин өзү кайсы вакцина менен эмделгендиги бүдөмүк бойдон кала берди.
Бирок Орусия “Sputnik V” вакцинасын сырткаркы базарга да таңуулоодо.
Учурда дүйнөнүн 60тай өлкөсү “Sputnik V” вакцинасын эмдөө каражаты катары катташты, айрымдарында ал эмдөө жүрүмүндө колдонула да баштады.
Дагы караңыз Словакияга “Sputnik V” вакцинасынын алгачкы тобу жеткирилдиУкраина, Грузия жана Батыш Европанын бир катар өлкөлөрү “Sputnik V” вакцинасынан саясий себептер менен ачык баш тартышууда. Вакцинаны саясатка аралаштырбайлы, деп үндөө кылып, өз жумуриятына алып келүүгө далаалат жасаган Словакиянын өкмөт башчысы Игорь Матович 30-марттан тартып кызматын тапшырууга аргасыз болду.
Дагы караңыз COVID-19: «AstraZeneca» үчүн жашыл жарыкОшол эле учурда орусиялык «Спутник V» вакцинасын Чехияда колдонууну ырааттуу сунуш кылган президент Милош Земандын пикирине өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ян Блатны мырза караманча каршы турууда.
Ал стандарттык тартипте жактыруудан өтпөгөн эч бир вакцинага өлкөдө коронавируска каршы эмдөө үчүн колдонууга уруксат берилбей тургандыгын 18-мартта дагы бир жолу баса белгилеген болчу.
Балкан жарым аралындагы Сербия болсо 27–28-мартта “Sputnik V” вакцинасын жана башка сырттан ташылган эмдөө заттарын өз жарандары гана түгүл, ыктыяры менен эмдетүү үчүн саякат жасаган чет өлкөлүктөргө да сайган өнөктүктү уюштурду. Бул өлкөнүн өзүндө жергиликтүү вакцина өндүрүлбөйт.