Технологиялык саамалыктар дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясына каршы колдонулуп жаткандыгынын айрыкча өрнөгү – немистердин “Вингкоптер” компаниясынын дрондору болду. Т.Чоротегиндин блогу.
Алгы сөз
Оболу “Вингкоптер” (Wingcopter GmbH) аба мейкиндиги компаниясы тууралуу сөз кылсак, анын негизделгенинен бери дээрлик төрт гана жыл болду. Бирок бул төрт жыл – дүйнөгө таанылуу жаатында төрт кылымдай секирик жасады десек болоор.
Бул компанияны 2017-жылы Германиянын Дармштадт шаарында Жонатан Хесселбарт, Том Плүммер жана Ансгар Кадура негиздешкен.
2018-жылы бул компания DHL сыяктуу жүк жеткирүү компаниялары жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлиги менен кызматташып, Танзаниядагы Виктория көлүндөгү Укереве аралдык ооданына өтө зарыл гуманитардык жүктү жеткирүү боюнча кызматташкан.
2019-жылы бул жаңы компания UNICEF менен кызматташып, Тынч океандагы Вануату жумуриятына таандык болгон алыскы аралдардагы кыштактарга дары-дармек, эмдөө затын жеткирүү түйүнүн негиздеген (булардын бардыгы коронавирус илдетинин 2020-жылдан башынан бери дүйнөгө жайылышына чейин эле болгон).
Компаниянын өзгөчө сүймөнчүктүү өнүмү – бул оор жүк ташып жеткирүүгө колдонулчу “Wingcopter 178 Heavy Lift (HL)” дрону болду.
Бул дрондун канаты жайылганда 178 см узундукка жетет. Ал 120 чакырым аралыкты басып өтөт. Анын эң жогорку ылдамдыгы – саатына 240 чакырым. Дрон төрт электр кыймылдаткычы менен иштейт. Анын тулкусу жеңил жана бекем болгон айнек пластик жана көмүртек буласынын кошулмасынан турат.
Аталган дрон 2018-жылы аралыктан башкарылган кыймылдаткычтуу учуучу жабдуулардын ичинен ылдамдыгы боюнча дүйнөлүк рекорд жаңырткан дрон катары “Гиннесстин рекорддор китебине” катталган.
“Вингкоптер” компаниясы Африка, Тынч океандын түштк мейкиндиги, Ирландия жана Улуу Британиянын Шотландия аймагында башка унаа үчүн татаал болгон жерлерге ар кыл баалуу жүктөрдү жеткирип турду.
Компаниянын “Wingcopter 178 HL” дрону Арктика аймагындагы киттерди илимий иликтөөдө да колдонулду.
Алгачкы “Африка дрон шеринеси”
2020-жылы февралда Африка континентинде “2020-жылкы Африка дрон шеринеси” уюштурулуп, анда “Вингкоптер” компаниясынын дрону “Учуу сынактарынын” алкагындагы “Чукул кырдаалдагы жүк ташуу” түрү боюнча жеңүүчү деп табылды. Андан тышкары өзүнүн коопсуздугунун мыктылыгы үчүн атайын сыйлыкка да татыды.
Сынактын расмий жыйынтыгы 2020-жылы 5-майда “Киву көлүнүн чакырыктары” (Lake Kivu Challenge) иш-чарасынын уюштуруу комитети тарабынан жарыяланды. (Киву көлү – Чыгыш Африкадагы Руанда менен Конго Демократиялык Республикасынын чек арасында тоо койнунда жайгашкан көл).
“2020-жылкы Африка дрон шеринеси” аталган технологиялык шериненин (форумдун) уюштуруучуларынын бири – Руанда өкмөтү болду. 2020-жылы 7-февралда анын ачылыш аземине катышкан Руанданын президенти Пол Кагаме, бул өлкөнүн маалымат, байланыш технологиясы жана саамалыктар министи Пола Ингабире айым жана инфратүзүм министри Клавер Гатете мырзалар шерине маалында “Вингкоптер” аба мейкиндиги компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана аткаруучу директору Том Плүммер жана башка кишилер менен чогуу “Wingcopter 178 HL” дронун жанында сүрөткө да түшүштү.
Видео тасма. “Вингкоптер” дрону “Африка дрон шеринесинде” чукул кырдаалда көмөк жеткирүү сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. 05.05.2020.
Айтмакчы, аралыкта башкарылчу учактардын “2020-жылкы Африка дрон шеринеси” – Африка континентинин тарыхындагы дрондорго арналган алгачкы эл аралык ири технологиялык жыйын болуп калды.
Бул технологиялык шеринеде аралыктан башкарылчу дрондордун көмөгү менен жүк жеткирүү жаатындагы жетишкендиктер – Африкадагы обочолонгон жамааттар жана элет аймактары үчүн карымдуулук жардамдарын, дары-дармек жана башка зарыл жүктөрдү ташуудагы олуттуу өзгөрүүлөрдү жасай турган саамалык экендиги тастыкталды.
COVID-19 илдетине каршы күрөш маалындагы иш-аракет
Ошентип, былтыркы жылдын жүрүшүндө бул германдык компания COVID-19 алааматы маалында өзгөчө зарыл дрондорду камсыз кыла алган өтө керектүү ишканага айланды.
“Вингкоптер” жакында Түштүк-Чыгыш Африкадагы Малави жумуриятында Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү Федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасына ылайык Германиянын Эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн “Дрон жана маалымат көмөгү” (Drone + Data Aid) аттуу узак мөөнөттүү долбоорун баштады. Бул долбоор COVID-19 илдетин жеңүү үчүн Малавиде жаңы инфратүзүмдү калыптандырууда заманбап аракет болуп калууга тийиш.
Милдеттенменин алкагында, “Вингкоптер” компаниясы ЮНИСЕФтин Африкадагы Дрон жана Маалымат академиясы менен кызматташып, жергиликтүү жаштарды аралыктан башкарылчу учкучсуз жабдууларды техникалык тейлөө иш-аракеттерине үйрөтөт, андан тышкары дрондордун иш-аракетин пландоо, алардын учуусун көз жетпеген алыскы кырдаалдарда башкаруу жана аларлын учуусуна көзөмөл жүргүзүү сыяктуу технологиялык тергөө кызматтарына да машыктырат.
Том Плүммер (Tom Plümmer) өз компаниясы дүйнөлүк маанилүү технологиялык милдетти аркалап жаткандыгын баса белгилейт:
“Биздин иш тобубуз дүйнөнүн көйгөйлөрүн эң кеңири өлчөмдөгү инновациялар аркылуу чечүүгө багытталган. Биздин саякатыбыздын бул бабы салттуу унаа каражаттарынын үстүнөн асманда секирип өткөндөй логистикалык магистралдарды калыптандырууга арналган. Начар инфратүзүм ар дайым, айрыкча саламаттыкты сактоо тармагында, миллиарддаган адамдардын өмүрүнө таасир этүүчү тоскоолдук болуп келген. Бул кырдаалды COVID-19 ого бетер курчутуп салды. Биз бардык жерлерде кишилердин өмүрлөрүн сактап калуучу жана турмушун жакшыртуучу натыйжалуу жана туруктуу дрондук тейлөө кыртышын түзүү жаатындагы өз ой чабытыбызды жүзөгө ашырууга өз инвесторлорубуздун колдоосуна жана кубаттуу тармактарына таянуу менен эбегейсиз зор кадам таштап жатабыз”.
Дагы караңыз 2021: Ар бир кризистен кийин өнүгүүгө жол ачылат
Капиталдык салымдар
2020-жылы эл аралык кадыр-барктуу инвестициялык компания болгон Corecam Capital Partners компаниясы “Вингкопер” компаниясына бир нече миллиондук капиталдык салымды кошту.
2021-жылдын башында “Вингкопер” компаниясы өз иш-аракетин Америка Кошмо Штаттарына кеңейтүүнү көздөп, 22 миллион АКШ долларына тете (18 миллион евро) каражат чогултту. Анын ири инвесторлорунун бири – “Xplorer Capital” инвестициялык компаниясы болду. Бул компания өз маалында “Uber” такси кызматы жана өзүн-өзү башкаруучу “Zoox” унаасын курган саамалыктык долбооруна капиталдык салымдар киргизген.
“Вингкопер” компаниясы бул инвестициялык каражаттарды COVID-19 илдетине каршы пайдаланылчу вакциналарды ыкчам таркатуу милдетин да өзүнө камтыган саламаттыкты сактоо жаатындагы колдонмолорго өзгөчө көңүл буруу менен пайдаланмакчы. Ошентип, ал дрондорго негизделген логистикалык пайдубалды жаратууда өзүнүн лидерлик турумун андан ары чыңдамакчы.
“Вингкопер” компаниясы башка улам жаңы шериктери менен төгөрөктүн төрт бурчунда ар кыл башка чөйрөлөрдө дрон менен ташуу кызматын жүргүзүүнү улантууга умтулууда.
Соңку сөз
Дронду колдонуу азыркы согуш талааларында сейрек эмес: Ооганстан, Ирак, Сирия, Тоолуу Карабак окуялары буга мисал.
Дрон аркылуу заманбап журналисттик иликтөөлөр да жүргүзүлүп келет, көркөм тасмалар жаралып келет. Дрон менен өз сүйгөнүнө кат же шакек жеткирген учурлар да бар.
Эми болочокто Кыргызстандын алыскы бийик тоолуу элет дерлеринде кар калың даап, башка жактан бөлүндөдө калган малчыларга дрон менен азык-түлүк, малына жем жетки рген учурду, экологдорубуз өтө ызгаарлуу суукта кайберендерге жем таштап, илбирстерге азык таштап, аткезчилердин сары изине чөп салган окуяларды элестетсек болот. Жергиликтүү сугат системасын жана жолдорду оңдооодо да дрондун өзгөчө пайдасы бар. Жер титирөө, ташкын сыяктуу алааматтарда жардам көрсөтүүнүн да жаңы ыкмасы жаралат.
Айтор, “Вингкопер” компаниясы сыяктуу саамалыкчылардын Кыргызстанда шерик табуу мүмкүнчүлүгү чоң экендигин бөркүбүздөй эле көрөбүз. Балким, Ала-Тоодогу ушуга окшош жана башка да технологиялык саамалыкчыларды өзүбүз байкабай жаткандырбыз?