Борбор Азиянын алын сынаган пандемия

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Коронавирус илдети Борбор Азияга былтыр 13-мартта жеткен. Анда Казакстанда чет жактан келген эки адамда илдет аныкталган. Бир нече күндүн ичинде вирусту жугузгандар Өзбекстан, андан кийин Кыргызстанда табылган. Тажик өкмөтү өлкөдө COVID-19 жугузгандар бар экенин апрелдин аягына чейин танган. Ал эми түркмөн бийлиги ушул күнгө чейин жугуштуу илдетти тааныбай келет. Борбор Азия өлкөлөрү пандемияны баштан кантип кечиргени тууралуу видео баян.