Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүн атайын комиссия иликтеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги ал коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду, деген маалыматты расмий төгүндөдү. Кыргызстан 29-марттан тарта Кытай вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөнү баштаган. Бул окуя боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги атайын билдирүү жасап, айрым адамдар жалган маалымат таратып, кыргыз коомчулугу арасында терс пикир жайылтууда деп тынчсызданды.
Кытай элчилиги: Шакировдун өлүмүнө вакцинанын тиешеси жок
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүн атайын комиссия иликтеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги ал коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду деген маалыматты расмий төгүндөдү. Кыргызстан 29-марттан тарта Кытай вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөнү баштаган. Бул окуя боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги атайын билдирүү жасап, айрым адамдар жалган маалымат таратып, кыргыз коомчулугу арасында терс пикир жайылтууда деп тынчсызданды.