Бир күндө 106 миң жаңы учур
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы Кажу көрүстөнүндө күн сайын жаңы казылган мүрзөлөр көбөйүүдө. Себеби шаар жайгашкан штат коронавирустан кайтыш болгондордун саны боюнча Бразилиянын аймактарынын ичинен экинчи орунда турат.
Бир күн мурда бул көрүстөнгө COVID-19 илдетинен көз жумган 22 жаштагы Аманда да Силванын да сөөгү коюлду. Атасы кызы эпидемия башталгандан бери бардык сактык чараларын көргөнүнө карабастан вирусту жуктуруп алганын, ооруканада 18 күн жатса да дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калганын айтып берди.
«Баарыбыз мүңкүрөп калдык. Кабыргабыз кайышып турат. Денеңдин бир бөлүгү оркоюп оюлуп калгандай. Аманда кызым гана эмес, баарыбызга жакын дос, жакын санаалаш болчу», - деди Аманданын атасы Клаудио да Силва.
Соңку бир суткада Бразилияда 888 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Андан бир күн мурда 1179 бейтап жашоо менен кош айтышкан эле. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан ажал тапкандардын саны 19 миңге чукулдады. Коронавирусту сасык тумоого теңеген президент Жаир Болсонарунун өлкөсүндө 20-майда коронавирусту жугузуп алгандар дагы 20 миңге көбөйүп, жалпы саны 291 миңден ашты.
Муну кошкондо ал күнү дүйнө жүзүндө COVID-19дун жаңы учурлары 106 миңге өстү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул бир күн ичиндеги эң чоң көрсөткүч экенин билдирди.
Натыйжада дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын ырасталган саны 5 миллиондон ашты. COVID-19 дүйнөдө 328 миңден көп кишинин өмүрүн алды. Илдетке чалдыккандардын саны Бразилия баштаган Түштүк Америка өлкөлөрүндө, Индияда, Орусия, Түштүк Африкада азайбай жатат.
АКШ жана Европа
Ал эми илдеттин жайылышы басаңдаган Европа жана айрым Азия өлкөлөрүн улай вируска чалдыккандардын саны жагынан биринчи орунда турган АКШ да 20-майдан тартып карантинди дагы жумшартты.
«Америкадагы 50 штаттын баары жарым-жартылай ачыла баштады. Жол дале узак, бирок туннелдин аягындагы жарык көрүнүп калды», - деди Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс.
1,5 миллиондон ашык жараны коронавируска чалдыккан АКШда ачык террасасы бар ресторандар иштей баштады. Бирок үстөлдөр ортосунда 2 метрлик аралык сакталышы зарыл. Айрым тамактануучу жайлардын жетекчилери кызматкерлеринин дене табын текшергенден кийин гана жумушка киргизүүдө. Коронавирустан катуу жабыркаган Нью-Йорк штаты 21-майдан тартып 10 кишиден ашпаган диний жыйындарга жана үйлөнүү үлпөттөрүнө уруксат берди. Бирок катышуучулардын баары беткап тагынып, ортодогу аралыкты сакташы керек.
21-майда президент Дональд Трамп өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жасай баштаган Детройт аймагындагы фабрикага бара турган болду. Ал шаршемби күнү кайрадан Кытайдын жетекчилигин айыптап, «алар өз өлкөсү дүйнөгө ооруну жана адам өлүмү менен коштолгон мүшкүлдү жайылтканын унуткаруу үчүн жан далбас уруп жатышат» деп «Твиттерге» жазды. Буга чейин Бээжин Вашингтондун дооматтарын бир нече жолу четке кагып, азыр биринчи кезекте пандемияны ооздуктоо аракеттерине көңүл бурулушу керектигин билдирген.
Чектөөлөрдүн бир тобу алынган Европа өлкөлөрүндө коронавирустун жаңы учурлары күн сайын катталып жатса да, март, апрель айына салыштырмалуу бир күндүк жалпы көрсөткүч үмүт жаратууда. Мисалы, кезинде бир күндө миңге чукул жаранынан айрылып турган Испанияда акыркы төрт күн катары менен вирустан каза тапкандардын саны 100дөн аша элек.
Бейшемби күнү испан өкмөтү алты жаштан өйдөкү жана саламаттык маселеси бар жарандардан ташкары бардык адамдарды имараттын ичинде жана ортодо аралыкты сактоо мүмкүн болбогон ачык жайларда беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди.
Орусия жана Борбор Азия
21-майга карата акыркы бир сутка ичинде Орусияда 8849 адамдан коронавирус табылды. 127 киши COVID-19дан каза тапты. Орусияда экинчи күн катары менен жаңы учурлардын саны 9 миңден аша элек. Өлкөдө жалпысынан өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 317 554 кишиге жетти. Баш-аягы 3099 бейтап кайтыш болду.
Соңку бир күн ичинде Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 265ке же мурдагы күнгө салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. Алардын 84ү баш калаа Нур-Султанга туура келет. Алматы, Чымкент шаарлары менен Атырау облусунда да ондогон адамдан вирус табылды. Ушуну менен 13-марттан бери Казакстанда өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандар 7234 кишиге жетти. Алардын 35и жашоо менен кош айтышты.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 20-майдын кечиндеги маалыматына ылайык, өлкөдө вирусту жуктуруп алгандар 2140 кишиге жетти. Бир күн мурда 204 адамдан вирус табылды. 470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты. 21-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 2950 кишиге жетти. 2372 киши айыгып чыкса, 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 43 адам жаңы катталды. Алардын көбү Бишкек шаарында – 22 адам (бири Санкт-Петербургдан келген жаран), Нарын облусунда сегиз, Ош шаарында бешөө, Ош облусунда төртөө, Баткен облусунда экөө жан Чүй облусунда бирөө. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 19 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.