Кыргызстанда акыркы мезгилде косметологиянын жаңы ыкмаларын кеңири колдоно баштагандар арбын. Алардын бири, 37 жаштагы Марат Актулпар бырышын жаздыруу үчүн ботокс сайдырган экен:
- Маңдайыма, көзүмдүн астына бырыш түшүп кеткен эле. Азиаттардын кабагы жаш өткөн сайын салаңдап калат эмеспи. Күзгүнү караган сайын маанай чөгөт. Анан Түркиядан Ошко келип иштеп жаткан хирургга кайрылдым. Ал "мунун жарасы жеңил, ботокс деген ийнени сайдырсаңыз эле жашара түшөсүз" деди. Баасы кымбат экен. Көпкө ойлонуп жатып макул болдум. Эми өкүнбөйм. Бир аптадан кийин бырыштарым жазылып, кабагым ачыла түштү. Таасири алты айга чейин экен. Алты ай сайын акча аябай сайдырып жатам. Ар бир киши сымбаттуу көрүнгүсү келет да.
Татуаж: төрт каштуу болуудан сактаныңыз
Татуаж: төрт каштуу болуудан сактаныңыз
Кыргызстанда да акыркы мезгилде туруктуу макияж, же каш менен эринге татуаж койдуруу модага айланды. Өспүрүм жана селкилердин көбү кашын терип, күн сайын боёп жүргөнгө караганда ушул жолду тандашууда.
Медицинада ботокс же ботулотоксин булчуң нервин шал кылуучу дары. Clostridium botulinum же кадимки эле ботулизм уусунун бактериясынан алынат. Ал айрыкча травматология, офтальмология жаатында кеңири колдонулат. Ош шаарында иштеген хирург-косметолог Марлен Маманов ботокс тууралуу буларды айтып берди:
- Косметикалык медицинада бырыштарды жазуу үчүн колдонобуз. Чыңалып, түйүлүп калган булчуңдарды бошотуп, калыбына келтирет. Анан тердин бөлүнүп чыгышын азайтат. Маселен колтуктун жагымсыз жытын, буттун шыбоосун жок кылат. Бирок көп колдоно берсе, шал оорусун пайда кылган жайы бар. Нормасынан көп сайылып калса ошол жердин булчуңдары иштебей, сенек болот. Көзү жумулбай, оозу кыйшайып калышы ыктымал.
Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы медициналык борбордун косметологу, медицина илимдеринин кандидаты Элмира Кулиеванын айтымында, ботокс бирөөгө жакса, бирөөгө жакпайт:
- Кош бойлууларга, эмчек эмизген энелерге жана аутоиммундук оорусу барларга сайдырганга болбойт. Ошондой эле психикалык жактан оорусу бар болсо да сунуштабайбыз. Ботоксту сайдырганга таптакыр болбойт деген нерсе жок. Неврологияда, травматологияда, ортопедияда ботоксту кеңири колдонушат. Ал жактагы доза косметикалык ботокстон жүз эсе чоң болот.
Forbes журналынын аналитиктеринин байкоосунда, косметологиялык хирургия жана ботокс сайдырууга талап күндөн күнгө өсүүдө. Медицинанын бул тармагына кайрылгандардын 90 пайызы аялдар. Бирок соңку жылдары Кыргызстанда ботокстун баасы арзандагандан улам эркектер да кайрыла баштаган:
- Ботокс инъекциясына керектүү каражаттар азыр Кыргызстанда көп. Аны бизге алып келген фирмалар да арбын. Акыркы учурларда сулуулук издеп бырыштан, салаңдаган кабактан арылууну каалагандар арасында эркектер да көбөйүп жатат. Бул да болсо ботокстун мурдагыдай кымбат жана кол жеткис болбой калганынан кабар берет, - дейт Элмира Кулиева.
Тырмак кооздоп, илдет тапкандар
Тырмак кооздоп, илдет тапкандар
Тырмакка жапкан лактын курамындагы формальдегид, толуол, дибутилфталат кычкылы аллергиялык реакцияны чакырып, демди кыстыктырат.
Британиянын Кембридж университетинин окумуштуулары салонго барып, жашартуучу ийне сайдырардан мурда же сулуулук үчүн бычак алдына жатардын алдында ал жердеги тазалык нормалары, дезинфенкциялык системасы кандай иштерин жакшылап текшерүүнү сунуштайт.
Себеби таза эмес, арзан косметикалык процедуралар гепатит, ВИЧ-СПИД сыяктуу коркунучтуу оорулардын булагына айланышы ыктымал.
2003-жылы да АКШда 28 киши ботокс сайдыргандан кийин организминде тескери реакция болуп, каза тапканы катталган. Андыктан аны сайдырардан мурда адистин билим деңгээлин, дарыгердин ботокс саюуга алган лицензиясы бар же жок экенин сурап, тактоо керек дешет адистер. Ботокстун таасири бир нече айга гана созулат.
АКШда жылына төрт миллион киши ботокстун бир нече түрүн жана гилларион кычкылынын көп түрүн сайдырган. Ал эми Британияда пластикалык операция жана ботокс сайдырууга жыл сайын 3,6 миллиард фунт стерлинг кетип жатканы маалым болду.