Шаардык сот райондук соттун чечимине каршы өкмөттүн арызын 28-декабрда карады. Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп быйыл апрелде өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тиешелүү буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.
Райымбек Матраимовдун кызматын калыбына келтирүү тууралуу сот чечимин адвокат Татьяна Карыжинская туура деп эсептейт. Ал Матраимов чет мамлекетте дарыланып жүргөндө, эмгекке жараксыздык тууралуу маалымкатка карабай иштен алынганын, муну менен мыйзам бузулганын айтууда:
- Соттун чечими негиздүү болду. Матраимовдун укугу калыбына келтирилди. Мындан ары кандай болорун убакыт көрсөтөт. Анткени өкмөт чечимге каршы Жогорку сотко кайрылууга ниеттенип турат. Буга кандай чекит коюларын айта албайм. Матраимовдун пландарын билбейм. Балким ал ордуна кайткысы келеби, же аны каалабайбы... Азыр эң башкы нерсе - анын аракеттеринде эреже бузуу болбогонун жана ал кызматтан мыйзамсыз алынганын далилдөө. Калган нерсени убакыт ордуна коет.
Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген. Быйыл апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деген чечим чыгарган.
Кыргыз өкмөтү августта райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз жазып, ишти шаардык сот териштирүүгө киришкен. Эреже боюнча шаардык соттун чечими дароо күчүнө кирет жана анын негизинде Матраимов кызматына кайтса болот. Юрист Нурбек Абдалиевдин айтымында, Эмгек кодексине ылайык мурдагы аткаминер соттун чечимин колго алгандан кийин кызмат ордун талап кыла алат.
- Матраимов сот чечимин алып, өкмөткө тапшыргандан кийин премьер-министр аны кызматка кайра коюуга милдеттүү, - деди ал. - Жогорку соттун чечимин күтпөй барса болот. Жогорку сот райондук жана шаардык соттордун чечимдеринин мыйзамдуулугун гана карайт. Буга чейинки чечимдерди туура эмес деп тапса, Матраимов кайра жумуштан бошотулат.
Адатта сот чечими чыккандан кийин ал тараптарга беш күн ичинде берилиши керек. Юрист Нурбек Абдалиевдин пикиринде, вакансия жок болсо бийлик Матраимовго компенсация төлөө менен чектелиши мүмкүн.
- Алгач өзү чечимди алгандан кийин өкмөткө кайрылат, - деди юрист. - Эгер иш орду жок болсо кайра кызматка алынбайт. Компенсация төлөп эле албай койсо да болот. Ушундай мыйзамдык жагдайлар бар.
Матраимов боюнча сот чечими чыккандан кийин өкмөт өкүлдөрү Жогорку сотко арыздана турганын айтышты. Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Разак Ашымбаев "Азаттыкка" билдиргендей, акыркы бүтүм соттун чечими колго тийгенден кийин белгилүү болот.
- Сот чечими өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборуна келип түшө элек, - деди ал. - Ошол келгенден кийин, биз аны изилдеп чыгып, мыйзам чегинде чечим кабыл алабыз. Бүгүн соттук чечимдин корутунду бөлүгү жарыяланды. Анын негизги бөлүгү, тагыраак айтканда сот кандай себептер жана негиздер менен ушундай чечим кабыл алганы тууралуу маалымат беш жумуш күнүнүн ичинде берилет.
Бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу ысымы көп аталган жана калың элге "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов тууралуу сот чечими коомчулукта ар кыл түкшүмөлдөргө жем таштады. Матраимов бажы тармагына кайтса, азыркы бийликтин аброюна доо кетет дегендер жетиштүү.
Жарандык активист Адил Турдукулов коомчулукта Матраимовдун дарегине сын көп болгону менен ал мурдагы өкмөттүн тушунда негизсиз иштен алынган деген ойдо.
- Кызматтан кетирүүгө бир нече жолу расмий түрдө эскертүү, сөгүш алганы негиз болушу керек, - деди ал. - Премьер жөн жерден кетирбеши керек эле. Эгерде кызматтан алгысы келсе, башка негиздерди карап, процессуалдык тартипте бардык тепкичтерди өтүшү керек болчу. Ошондуктан сотто Матраимовду кайра кызматына кайтарууга бүт негиздер болгон. Бул укуктук жагы. Ал эми саясий жактан алсак, Матраимов Атамбаев менен Жээнбековдун күрөшүнүн саясий фактору болуп калды. Ал күчөй берет.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтүп, кызматтан кеткенден бери эле Райымбек Матраимовду коррупцияга байланыштуу айыптай баштады. Ал ноябрда "Апрель" телеканалындагы маегинде да азыркы президент Сооронбай Жээнбековду "Райымбек Матраимовго болушкан" деп сындаган. Атамбаев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өтүнүп, суранганына карабай, Райымбек Матраимовду кызматтан алганы үчүн камалганын айткан.
Сооронбай Жээнбеков мурда-кийин айтылган дооматтарга 19-декабрдагы басма сөз жыйынында жооп кайтарып, Матраимовдордун үй-бүлөсү Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) үчүн көп эмгек кылганын белгиледи. Президент ошондой эле "Матраимов буга чейинки бийликке кызмат кылган, анын соттон утуп алганына тиешем жок" деген таризде жооп берди.
Негизи эле бажы тармагы Кыргызстандагы коррупция кеңири тамыр жайган орган экени айтылып жүрөт. Бирок мурдагы жана азыркы бийликтин бул органды тазалоо тууралуу жарыяларынын натыйжасы анча көрүнө элек. Мамлекеттик бажы кызматынын Коомдук кеңешинин төрагасы Алтынбек Баялиев мунун себебин мекемеге иш билги жана таза жетекчилер келбей жатканынан көрөт. Анын пикиринде, Райымбек Матраимов кызматына кайтса бажыдагы коррупциялык абал өзгөрүүсүз калат.
- Бажыдагы жетекчилердин байлыгы кайдан топтолгону белгилүү эле, - деди Алтынбек Баялиев. - Киреше тууралуу декларация толтурганда баары эле бир гараж, бир "Москвич" үлгүсүндөгү машине катталганын көрсөтүшкөн, бирок жашаган жери беш кабат үй, мингени 100 миң долларлык автоунаа. Маңдай тер менен эмес, коррупциядан, паракорлуктан түшкөн акча да. Ошондуктан баары бажыда иштөөгө аракет кылат. Анткени ал жер акчанын булагы экенин билишет. Таза адам келсе таза иштейт. Баары эле жаман десек болбойт. Жакшылары деле бар. Бирок бажыда азгырыктар көп. Иштин ачык болбогону буга кошул-ташыл болууда.
Бажыдагы коррупция тууралуу эл арасындагы дооматтар жалаң эле Райымбек Матраимовго тиешелүү эмес.
Коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов 28-декабрда Азербайжандан Кыргызстанга жеткирилди. Жунусов "2013-2016-жылдары Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган кезде аталган мекеменин башка кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган", "казынага чоң өлчөмдө зыян келтирген" деп айыпталып жатат.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан. Жунусовдун өзү жана анын жакындары коюлган айыптарга комментарий бере элек.
Бажыдагы 166 млн. сомдук зыян боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жыл башында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган. 4-декабрда “Түндүк” бажы бекетинин жетекчисинин орун басары Элнура Мамбетжунушева башка коррупция ишине байланыштуу камакка алынган.
2017-2018-жылдары бажыдагы коррупция боюнча 15 кылмыш иши козголгон, мамлекет тарткан зыян 450 миллион сомго жеткени кабарланган.