Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 4 киши болду

Өзбекстан дарыгерлери.

COVID-19 вирусуна чалдыккан бир ташкенттик аялдын уулу менен кызына да бул алааматтуу вирус жуккандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таркатты. Билдирүүдө илдетке чалдыккандар менен байланышы болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы тең Вирус таануу илим изилдөө институтунун клиникасына жеткирилгени белгиленет.

Бул аял байырлаган көп кабат үйдөгү 230дай тургун да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

11-мартта Ташкентте Парижден кайткан алиги аял жана анын уул-кызынан тышкары алардын үй-бүлөсүнө тиешеси жок дагы бир өзбекстандык коронавируска чалдыкканы кабарланды.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, бул төртүнчү киши 15-мартта таңга маал «Өзбекстан аба жолдору компаниясынын» Стамбул-Ташкент каттамын тейлеген учагы менен Өзбекстандын борборуна кайтып келген.

Айтмакчы, 15-мартта Ташкенттеги атайын жыйында Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов чыгып сүйлөп, базарларда коронавирусту шылтоолоп негизсиз баа көтөрүү далалаттарына эч жол берилбей тургандыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 15-мартта өзбекстандык кызматташы Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Борбор Азиядагы коронавируска байланыштуу кырдаал жана бул илдетке каршы биргелешип иш-аракет жүргүзүү маселелерин талкуулашты. ​(TT)