«Өпкөнүн тамырларына кан уюп, кычкылтек жетпей калат»

Сыргак Турдалиев.

Кыргызстанда коронавирус менен пневмониядан каза болгондор жашына карабай көп катталууда. Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиев буга адамдар өнөкөт оорулары бар экенин билбей жүрө бергени да себеп болуп жатканын белгилейт.

- Сыргак мырза, коронавирустан көз жумган маркумдун сөөгүн ачканга катышыптырсыз. Бул илдет адамдын организмин кандай өзгөртөт экен, эмнени байкадыңыз?

- Өпкөсүндөгү майда кан тамырлардын баарына кан уюп, тромб болуп тосулуп калыптыр. Ошондон улам кычкылтек жетишпей, микроинфаркт сыяктуу болот экен. Мунун айынан адамга аба жетпей көз жумат.

Кадимки пневмонияда өпкө жөн эле кагынат. Коронавирус козгогон пневмонияда майда тамырларга чейин кан уюп калат экен. Өпкөнүн көп бөлүгү жабыркап, адам өз алдынча дем ала албай калат. Учурда пневмониянын 95% коронавирус козгоп жатат. «Мен жөн эле пневмония болуп жатам» деп адамдар өзүн-өзү алдабашы керек. Мунун баары коронавирус инфекциясы.

- COVID-19 илдетинин алгачкы белгилери байкалгандан кийин канча убакыттан соң вирус өпкөгө түшүп кетет? Анткени вирус канча бир убакыт таноодо, тамакта кармаларын айтып жатышпайбы.

- Ар кандай. Кээ бирөөлөрдүкү биринчи эле күнү дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлүп жатат. Ошол эле күнү компьютердик томография кылып, өпкөсүн текшергенде 70-75% чейин жабыркап кеткен болот. Адамдын жалпы саламаттыгынын абалынан, иммунитетинен да аябай көз каранды. Айрымдардыкы билинбей 14-20 күнгө чейин анча-мынча дене табы көтөрүлүп, жеңил жүрө берип, бир күнү кескин деми кыстыга башташы ыктымал. Азыр көбүндө эле пневмония катталып жатат.

Дагы караңыз Оору мыктыларды аябай турганын көрсөттү


- Адам өлүмү эң көп катталган Италия сыяктуу мамлекеттерде коронавирустан негизинен улгайган кишилер көз жумса, Кыргызстанда жаштар менен карылар бирдей жабыркап жатат. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

- Себеби биз өнөкөт ооруларды эч качан дарылабайт экенбиз. Азыр баары жапырт флюрографияга, компьютердик томографияга тартылып жатышпайбы. Ошондо кургак учук менен жабыркап жүргөнү же өпкөсүндө өсмө (рак) клеткалары бар экени аныкталып жатат. Кант диабети менен ооруй турганын ооруканага түшкөндө билип жатышат.

Бизде жүрөк оорулуулар абдан көп, өнөкөт бронхиттен жабыркагандар арбын. Алар дарыланбай эле жүрө беришет. Ошондуктан коронавирус бул илдеттерди козгоп, бейтаптын абалы тез эле оорлошуп кетип жатат. Андан тышкары жарандар гигиеналык эрежелерди сактабай жатышат. Коргонуу каражаттарын тагынбай жүрүшөт. Бардык ооругандар аралашып калышты. Обочолонуу деген такыр жок.

Көпчүлүгү ишенбей жүрүштү. Эми баары ооруй баштаганда гана ишенип жатышат. Вирусту четке кагып, кенебестиктен улам кырдаал курчуп кетти. Эми элдин баары аралашып кеткенде вирустун абадагы концентрациясы күчөп, илдет дагы өрчүп жатат.

Эң аянычтуусу - оор абалдагы бейтаптарга орун табылбай жатканы. Таанышы барлар, байланышы күчтүүлөр эптеп орун таап жатышат. Абалы абдан оорлор жугуштуу оорулар ооруканасына жата албай жүрүшөт. Негизи абалы эң оор болгондор ошол ооруканага жаткырылышы керек эле. Бирок ал жакта тааныштары аркылуу жаткан, абалы канааттандырарлык адамдар да бар. Бул тууралуу менин ал жакта иштеген кесиптештерим эле айтып жатышат. Ал эми чындап муктаждар жатканга орун издеп жүрүшөт.

Сыргак Турдалиев кесиптештери менен иш үстүндө.

- Сыргак мырза, ушул кырдаалдын алдын алса болот беле? Эмне жетишпей калды деп ойлойсуз?

- Биз жок эле дегенде 20 күнгө кеч калдык. Башында бейтаптарды бөлүштүргөн атайын борбор түзүлүшү керек эле. Муну чоң ооруканалардын биринде же стадиондо деле ачса болмок. Адамдардын баары ары-бери чуркабай ошол жакка түз жөнөмөк.

Ал жерден рентген же компьютердик томографиядан өткөрүп, жеңилдерине тийиштүү дары-дармек жазып, «үйдөн эч жакка чыкпай дарылан» деп жөнөтүлмөк. Абалы орточолорду ооруканага жаткыруу зарыл. Ал эми абалы абдан оорлошуп кеткендерди инфекциялык ооруканага жөнөтүш керек эле. Себеби ал оорукана башынан коронавируска кабылгандар үчүн даярдалган. Ал жакта адистер кантип иштөө керек экенин билишет.

Азыр эми ушундай бейтаптарды бөлүштүргөн бирдиктүү борбор жок болгондуктан, ооруп жаткандар кайда барарын билишпейт, бир ооруканадан башкасына чуркап жүрүшөт. Тааныштары барлар, колдору жеткендери эптеп орун таап, айтор ар ким өз камын көрүп жатат. Учурда эч кандай координация жок. Ооруканалардын ортосунда байланыш жок. Жарандарга туура түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн жок. Маалымат каражаттары аркылуу ачык эле баарын айтыш керек эле. Башында пневмония дебей, коронавирустан козголуп жатканын ачык айтыш керек болчу. Бири-биринен коркуп эле, баары жашырынып турушат.

- Пандемия башталганда эле ооруканалардагы реалдуу абалды айткан дарыгерлерди кайра кечирим суратышкан эле. Сиз да азыр бийликтин убагында туура чара көрбөгөнүн айтып жатасыз. Басым-кысым болот деп кооптонбойсузбу?

- Кооптонгондо эмне? Бул көйгөйлөр азыр ачык эле баарына маалым. Эл деле билет. Ичиндеги маселелерди айткан кишини кечирим сураткан бизде мода болуп калбадыбы. Бул абдан туура эмес. Тескерисинче, ошол айтып чыккандарды колдоп, чындыгында эмне жетишпей жатканын билип, жардам беришсе болмок.

Дагы караңыз «Карындашымды көтөрүп, оорукана издеп жүрдүм»

- Жайылып кеткен коронавирусту ооздуктап калуу мүмкүнчүлүгү азыр канчалык? Эмне кылуу зарыл деп ойлойсуз?

- Тилекке каршы, жакынкы арада абал мындан да оорлошот. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди обочолонууга үйрөтүш керек. Ооругандардын баары эле көчөдө жүрөт. Бейтаптарды бөлүштүрүү борборун ачууга азыр да кеч эмес. Жарандар каякка кайрылып, кандай жардам алаарын билиши керек.

Коомчулуктан өз саламаттыгына жоопкер болуп, эч жакка чыкпоону суранат элем. Кыз-жигиттер өлүп жатканын көрүп, сактап кала албаганыңа ичиң күйөт. Учурунда чаралар көрүлсө балким сактап калат белек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​