COVID-19: Бразилия үчүнчү орунга чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк Кореяда эки айдан ашык убакыт созулган карантинден кийин 20-майдан тартып мектептердин баары кайра ачылды.

Бразилия коронавирус менен ооругандардын саны жагынан дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты. Кытайда акыркы бир күндүн ичинде оору жуккан бир да учур катталган жок.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен оору жугузуп алгандар беш миллион адамга чукулдады. Илдет 323 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

Түштүк Кореяда мектептер кайра ачылганы менен коронавирустун алдын алуу максатында талап күчөдү. Эми мындан ары баары беткап тагынышы керек жана парталардын ортосундагы бир метр аралык сакталышы зарыл. Ошондой эле окуучулар парта-стулдарын дайыма сүртүп турушат. Андан сырткары окуучулардын дене табы такай текшерилет, эгер кимдир-бирөөдөн оору чыкса, ал мектеп дароо онлайн окутууга өтөт.

«Мектептер соңку үч айдан бери окуучуларын чыдамсыздык менен күттү. Мен муну бир канча жолу айтып келдим. Биз эми маанилүү этапка келдик. Биз билим берүүдө эле ийгиликке жетишпестен, оорунун алдын алууда да мыкты экенибизди көрсөтүшүбүз керек», - деди Сеул шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Чо Хи Эон.

Түштүк Корея COVID-19 менен мыкты жана натыйжалуу күрөштү деген өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул мамлекетте ооругандардын жалпы саны 11 110 адам болду, илдеттен 263 киши көз жумду.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Каң Лип соңку бир күндүн ичинде коронавирус 32 адамдан табылганын айтты:

«Баш калаанын жака-белиндеги Инчхон сыяктуу райондордо мектептерде, караоке жайларында оору жайылган учурлар бар. Ошондой эле «Samsung» медициналык борборунда төрт медайым ушул илдетти жугузуп алды. Кенгги провинциясындагы ооруканада да бир учур катталды».

Дагы караңыз Дональд Трамп ДССУну зекиди

Ал арада Кытайдын бийлиги өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Цзилин провинциясында ооруну ооздукташ үчүн чара көрүп жатканын билдирди. Бул аймакта миллиондогон адам кайрадан карантинге алынды.

Кытайда акыркы бир күндүн ичинде өлкө ичинде илдет жуккан жаңы бир да учур катталган жок, ушул тушта ооруканаларда 90дой бейтап дарыланып жатат.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирус алгач өткөн жылдын аягында катталган. Ошондон бери илдет 83 миңге чукул адамга жукту, 4600дөн ашык киши көз жумду.

АКШ менен бир катар Батыш өлкөлөрү Бээжинди коронавируска байланыштуу маалыматтарды жаап-жашырат деп айыптап келет. Бээжин бул дооматтардын баарын четке кагууда.

Дагы караңыз АКШда адистер коронавирустун экинчи толкунунан чочулашат

Бразилияда ооруга байланыштуу жагдай кооптуу боло баштады. Шейшембиде илдеттен 1179 адам ажал тапты жана бул оору адеп катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Оорудан жалпысынан 18 миңге чукул киши көз жумду.

Бразилия оору жугузуп алгандардын саны боюнча Британиядан ашып түшүп, АКШ менен Орусиядан кийин эле үчүнчү өлкө болуп калды. Бул өлкөдө коронавирус 263 миңдей кишиге жукту.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару карантин чараларын киргизүүгө каршы чыгып, оору коркунучун кенебей жатканын улам өз өлкөсүндө да, эл аралык коомчулукта да сынга кабылып келет. Ал 20-майда коронавирусту дарылоодо безгекке каршы дарыны, тактап айтканда, гидроксихлорохин колдонууну сунуш кылды.

Сенатор, мурдагы саламаттык сактоо министри, Гумберто Коста бийликтин коронавируска байланыштуу аракеттерин айыптады:

«Мен коронавируска каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатка макул эмесмин. Анткени өкмөт бул күрөштө Бразилияны бириктирген саясий лидердин ролун аткарган жок. Саламаттык сактоо министрлиги штаттар жана жергиликтүү бийлик менен чогуу-чаран иш алып бара албайт. Өкмөт социалдык аралыкты сактоо сыяктуу талаптарга көңүл бурган жок. Ал тургай чындыкка дал келбесе деле бул ооруну айыктырат деген укмуштуудай дары бар экенине ишендиргенге аракет кылып жатат».

Өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо министри Нелсон Тейч иштегенине бир ай болуп-боло электе эле кызматтан кеткен. Анын алдында өкмөт өкүлү президент Жаир Болсонарунун спорт жана сулуулук салондорун ачуу тууралуу жарлыгын ачык сынга алган. Нелсон Тейчке чейинки министр да Болсонару менен тил табышпаганы үчүн кызматынан баш тарткан.

Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп оорудан коргонуш үчүн гидроксихлорохин ичип жатканын айткан. Бул препаратка байланыштуу адистердин пикири бир кылка эмес. Айрым дарыгерлер эми Трампты туурап безгекке каршы дарыны иче баштагандар көбөйүп, анын кесепети тийиши ыктымал деп кооптонуп жатышат.

Кошмо Штаттарда коронавирустан көз жумгандар 92 миң адамга жетип калды. Ооруну жугузуп алгандар 1,5 миллион адамдан ашты. Бир катар штаттар биринен сала бири карантин эрежелерин жумшартууну улантып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​