COVID-19ду жугузгандар Бишкекте көп катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус табылгандардын көбү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары болуп жатат. 3-майда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү майдын аягында оору басаңдайт деп үмүттөнөрүн айтышты.

Кыргызстанда 1-майдан тартып карантин шарттары жеңилдегенден бери көчөдө эл көбөйдү. Бирок Британиядагы Оксфорд университети Кыргызстандагы абалды талдап чыгып, карантинди токтотуу эрте экенин билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министринин маалыматына караганда, коронавирус жуккандардын көпчүлүгү Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө чыгып жатат. Буга карантиндин жеңилдеши, баш калаага чет жактан келип жаткан кыргызстандыктар себеп болуп жатканы айтылууда. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда брифингде май айынын соңунда Кыргызстанда оору басаңдай турганын айткан.

Бирок 4-майга карата акыркы бир сутканын ичинде коронавирус менен ооруган 35 адам табылды. Бул - акыркы 15 күндөн берки эң чоң көрсөткүч. 4-майдагы өзгөргөн көрсөткүчтөрдөн улам Зуридин Нурматов Бишкектеги кырдаалга мындайча токтолду:

Зуридин Нурматов.

«Бардык эле учурда сасык тумоо, курч респиратордук инфекциялар Бишкекте башка аймактарга караганда 2-3 эсе көп болот. Коронавирус Бишкекте көп болорун мен мурун да айткам. Бул оору сасык тумоого окшош эмеспи, аба аркылуу жугат, экинчиден, чет жактан келген бардык адамдар Бишкекке конуп, бул жакта обсервацияга, карантинге алынганы үчүн да оору күчөп жатат».

«Бул божомол эле»

Вирустун мындан аркы көбөйүшүнө же азайышына байланыштуу атайын эксперттик топ талдоо жүргүзүп жатат. Бирок бул талдоо болжолдуу гана болгондуктан, так кесе кандайдыр бир бүтүм чыгаруу мүмкүн эмес.

Министрликтин коомдук саламаттык боюнча жооптуу адиси Бактыгүл Исмаилова вирус майда басаңдап, эң төмөнкү чекке жетет деген божомолду чечмелеп берди:

«Вирус майдын аягына чейин басаңдайт деген божомолду жалаң эле Зуридин Нурматов айткан жок, бул анын эле ою же жыйынтыгы эмес. Муну академиялык атайын топ олтуруп, изилдеп чыкты. Алар биздеги эле эмес, дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн бардык абалын карап, бүгүнкү күндөгү ооруган адамдар менен айыгып чыккандарды, каза болгондорду эсептеп, Кыргызстандагы оору чыккан жерлерди талдап отуруп анан ушундай тыянакка келишти. Бул эми божомол эле. Аны кандайдыр бир бүтүм деп айтуу туура эмес».

«Тест системалардын сапаты начар»

COVID-19 пандемиясы Кыргызстанга жеткенден бери өлкөдөгү оорунун жайылышын, туу чокусуна чыгышын, жугуу жолдорун, дарылануунун ыкмаларын талдаган эки илимий топ иш жүргүзүүдө. Алардын бири - министрликтин карамагында түзүлгөн илимий-консультативдик кеңеш, экинчиси - көз каранды эмес илимпоздордун ыктыярдуу түзүлгөн илимий кеңеши.

Дал ушул ыктыярдуу иштеп жаткан илимпоздордун бири, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын пульмонолог-профессору Нурлан Биримкулов өлкөгө алынып келген тест системалар сапатсыз болгондуктан, тестирлөө иреттүү болбогондуктан, вирус жакын арада токтой калат дегенге ишенбей турат.

Нурлан Биримкулов.

«Биздеги тест системалардын сапаты өтө төмөн болгондуктан ооругандар билинбей жатат десек болот. Өзүбүз сатып ала албагандан кийин улам эле ар башка өлкөлөрдөн гуманитардык жардам келип жатпайбы. Элестеткиле, ушундай ар кошкон тесттерди изилдеп чыгып, колдонууга лабораторияда иштегендердин убактысы, мүмкүнчүлүгү да жетпей жатпайбы! Полимердик чынжыр реакция тестин эле изилдеп, биздин климатка, адамдардын ден соолугуна карата болгон өзгөчөлүгүн байкаганга эле канча убакыт кетет? Мунун баары аткарылган жок да. Улам жаңы келген ар башка тесттер менен текшерүү аркылуу оорунун статистикасын билиш өтө кыйын. Сапаттуу, мыкты тесттерди сатып алууга балким өлкөдө каражат жоктур, жетпей жатабы, билбейм», - деди ал.

«Вирустун качан бүтөрүн эч ким билбейт»

Оксофрд университетинин окумуштуулары Кыргызстандагы вирусолог, эпидемиологдор менен кошо оору башталгандан бери анын болжолдуу жайылуу убактысын, санын, өлүм көрсөткүчтөрүн талдаган иликтөө жүргүздү. Бул иликтөө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен ишке ашкан. Апрелдин аягында бул эсептөөнүн үлгүсү Республикалык штабга көрсөтүлдү.

Ага ылайык, карантин чараларын дароо токтотуп койсо, Кыргызстанда калктын 80% жакыны ооруну жугузары, ал эми карантиндик чаралардан баш тартпаса калктын 40-50% ооруй турганы божомолдонот. Көз жумгандар да бир топ көп болушу күтүлөт. Изилдөөнүн координатору Айбек Мукамбетов азырынча дүйнөдө бир да өлкө, эл аралык уюм коронавирус качан токтоп, качан күчөп кетерин билбейт деген оюн ортого салды:

Айбек Мукамбетов.

«Бардык чечим кабыл алып жаткан тараптар бул инфекция ар түрдүү өңүттө өзгөрүп кетерин билишет. Албетте, биз да баары жакшы болушун, оору күн жылыса аяктап калышын каалайбыз. Жакшылыктан үмүт кылып туралы, ошентсе да ооруну олуттуу кабыл алып, анын алдын алуучу чараларды жумшартып жибербей турган дурус. Себеби, бул сасык тумоодой эле кайра-кайра күчөп, кайтып келе бериши мүмкүн. Дүйнөдөгү бир да илимий модел, божомол так эмес, ал тургай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оорунун туу чокусу, жайылышы, токтошу боюнча таптак бир күндү, убакытты белгилей албайт. Бир да өлкө азырынча ага батынбайт деген ойдобуз».

4-майга карата Кыргызстанда коронавирус 830 адамдан табылды, алардын ону кайтыш болду, 575 бейтап айыгып чыкты. Илдет 200дөн ашуун медицина кызматкерине жукту. Күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдөн вирусту жугузгандар 27 киши болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​