Тумоологон жарандар добуш бере албайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоо маалында санитардык-гигиеналык талаптар тууралуу 7-сентябрда атайын алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, шайлоо күнү дене табы көтөрүлгөн атуулдар добуш берүүгө киргизилбейт.

БШКнын айрым мүчөлөрү жана омбудсмен мындай алгоритмге макул эмес. Коронавирус жугузуп алган же оорунун белгилери бар адамдар 2-октябрда шайлоо участкасына арыз менен кайрылып, 3-октябрда үйүнөн, көчмө шайлоо урнасына добуш бере алары айтылган. Мындай арыз менен канча адам кайрылып, добуш бере турганы азырынча беймаалым.

Жогорку Кеңештин депутаттарын пандемия шартында кантип шайлоо керек? Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев суроого мындай жооп узатты.

«Шайлоого келгендерди текшерүүгө 5728 медициналык кызматкер бекитилген. Алар шайлоо участкаларында нөөмөт менен иштеп, келгендердин дене табын текшерип турат. Андан тышкары дары-дармек, ооруканаларда кошумча керебеттер, кызыл зоналар даярдалды. Добуш берүүгө келген адамдын дене табы жогору болсо, анда ал шайлоо участкасына киргизилбейт. Аны ошол жерден текшерип, абалына жараша амбулатордук дарылануу үчүн үйүнө же ооруканага жиберебиз».

Дагы караңыз БШК: Көчмө добуш берүүдө санитардык талаптар сакталат

Мыйзам бузулат

Мындан тышкары шайлоо участкасына келгендер үчүн кошумча антисептик, беткап, кол каптар даярдалды. Добуш берүүчү участок улам-улам дезинфекцияланып турууга тийиш экени айтылууда.

Ал эми дене табы жогору адамдардын добуш бере албай калышына байланыштуу алгоритмде жазылган эрежелерге Акыйкатчы институту каршы чыккан.

Токон Мамытов

Омбудсмен Токон Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүү алгоритми жарыялангандан кийин бир нече ирет шайлоочулардын конституциялык укугу бузуларын эскертип, БШКга кат жазганы менен жоопсуз калып жатканын, акыркы катты 3-октябрда жөнөткөнүн билдирди.

«Акыйкатчы институту 12-сентябрда БШКнын шайлоодогу санитардык гигиеналык талаптары боюнча алгоритми чыкканда эле ушул маселени дароо көтөргөнбүз. Дене табы жогору шайлоочулардын добуш берүүдөн четтетилгенине каршы болуп, БШКга алар үчүн атайын кабиналарды уюштуруу зарыл экенин белгилеп кат жөнөткөнбүз. Катыбыз жоопсуз турат. Щайлоого аз калганда кайра эле ушундай көрсөтмө чыгып жатат. Бүгүн да мунун мыйзамсыз экенин эскертип кат жибердик».

Дагы караңыз Жарым миллиондой киши добуш бере албайт

Журналисттер жана коомдук активисттер буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын пандемия шартында шайлоону уюштуруу жана добуш берүүчүлөрдүн тазалыгы, гигиенасын текшерүү боюнча алгоритминдеги айрым маселелерге макул болбой, мыйзамды сактоону талап кылып келген.

Атыр Абдрахматова

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова атайын өзүнчө чатырларды тигүүнү же кабиналарды уюштурууну мурда да талап кылышканын айтты:

«Дене табы жогору болгон адамдарды шайлоого катыштырбоо тууралуу маселе мыйзамда каралган эмес. Бул мыйзамда каралган берене болушу керек эле. Мыйзамда каралбагандан кийин азыр БШКнын кайсы бир мүчөсү же толук курамы менен шайлоочулардын укугун чектей албайт. Муну мыйзам бузуу, одоно мыйзам бузуу деп атасак болот. Мындан сырткары, жайында шайлоо боюнча жоболор иштелип жатканда ушул маселенин айынан мен өкмөткө бир нече ирет кайрылгам. Бул маселени чечип алалы деп төрайымга сунуштасам, четке кагып койгон. Өкмөткө үч-төрт жолу талап жөнөткөм. Ошол бойдон жооп бербей коюшту. Пандемия шартында шайлоо кандай өтөт? Дене табы жогоруларды кандай кылабыз? Өзүнчө чатыр тигип коелу деп айткандарымды эч кимиси укпай койду».

Бир айлык үгүт өнөктүгү маалында санитардык нормалардын бузулушу боюнча атайын иликтөө иштери ачылган эмес.

Ал эми БШКнын алгоритмине ылайык, 4-октябрда шайлоочулар 1,5 метр аралыкты сактап, беткап кийип добуш бере алат. Ал арада Кыргызстанда 3-октябрга карата коронавирус 128 адамдан жаңы аныкталды, бир киши каза болду.

Март айынан бери өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 ​кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты.