Чек ара кызматы: Казакстандан келгендер тепловизордон өтүп жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы Токмок өткөрмө бекети. 8-февраль, 2020-жыл.

Казакстандын Кордай районундагы чырдан кийин кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок” жана “Кең-Булуң” өткөрмө бекеттери аркылуу Казакстандан Кыргызстанга киргендер токтой элек.

Ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысына чек арадан өткөн адамдар Казакстан тарапта кезекте тургандардын саны көп экенин билдиришти.

Чек ара кызматы 8-февралда аталган бекет аркылуу Кыргызстанга өткөндөр көбөйгөнүн билдирип, бирок алардын санын тактаган жок. Аталган кызмат, топтолгондор коронавируска текшерилип, тепловизордон өткөндөн кийин гана өлкөгө киргизилип жатканын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендердин көбү аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

Кыргызстанга өткөндөрдү жергиликтүү тургундар тосуп алып, тамак-аш, суу берип жатышат.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургымбаевдин айтымында, эки полиция кызматкери октон жараат алган.

30дан ашуун турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Кырдаалды курчутууга шек саналып 47 адам кармалды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече айылда орун алган тургундар ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт. Токаевдин буйругу менен Казакстанда жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.(BkA)