“Ислам дини баланы эмдөөгө каршы эмес”

Дарыгерлер жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүү зарыл экенин айтышат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы шарият ымыркайга эмдөө алууга каршы эместиги тууралуу билдирүү таратты.

Муфтияттын бул кайрылуусу соңку кездери коомчулукта диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйүп жатканына байланыштуу жасалды.

Муфтийдин орун басары Замир Ракиев билдирүүнүн маани-маңызы тууралуу “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Медициналык эмдөөдөн баш тартуу бир топ убакыттан бери шарият жолундагы жарандар арасында актуалдуу маселе катары көтөрүлүп келет. Муфтият эмне үчүн буга эми гана реакция кылып жатат?

Ракиев: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы буга чейин бир да жолу жарандарга “эмдөө албагыла”, “эпидемияларга каршы жүрүп жаткан аракеттерге тоскоолдук кылгыла” деп үгүт-насаат кылган эмес. Бул боюнча фатва да чыгарган эмес. Эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу коомчулукка маалымат жеткирүү, адамдарды ошого ынандыра алуу Саламатыкты сактоо министрлигинин милдети болчу.

Бул маселеде бизге кайрылгандардын баарына дарыгерлер менен кеңешүү керектигин белгилеп келгенбиз. Бирок акыркы кездери эмдөө алуудан баш тартып жаткандардын маселесин динге байланыштырып жаткандар көбөйүп кеткени үчүн буга муфтияттын эч кандай тиешеси жок экенин, эмдөөгө каршы эместигибизди айтып коюуну туура көрдүк.

“Азаттык”: Ислам дини буга кандай карайт? Шарият адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүшү үчүн кандай кеңештерди сунуштайт?

Ракиев: Биздин кайрылуубуз муфтияттын сайтында турат. Кеңири таанышып, окусаңыздар болот. Ислам дининде ден соолукка кам көрүү парз болуп эсептелет. Бирок эмдөө алуу же албоо ар бир жарандын өз укугу. “Динчил кишилер ага каршы чыгып жатат” деген сөз туура эмес.

“Азаттык”: Бирок эмдөөгө каршы пикирлер көп учурда молдокелер тарабынан чыгып атпайбы...

Ракиев: Намаз окугандын баарын эле молдоке деп айткан туура эмес. Мисалы, жума намазга миңдеген кишилер келет. Алардын баарын молдо деп айтпайбыз да. Мындай көз караштагы пикирлерди ар ким сүйлөп коёт берет экен. Кээде диний көз караштагы дарыгер өзү айтышы мүмкүн. Трактор айдап жүргөн адамдын оозунан чыгышы ыктымал. Казыятта иштегендер же имам-хатибдер ушундай үгүт жүргүзсө, же фатва чыгарсак, ошондо молдолорду күнөөлөсө болот.

“Азаттык”: Бул билдирүү коомчулукка толук жетип барышы үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Ракиев: Билдирүүбүздү жалпыга маалымдоо каражаттарына бердик. Алар жарыялап жатышат.

“Азаттык”: Диний көз караштагы кишилер жума намазга топтолгон учурда билдирүү жөнүндө аларга да маалымат берилеби?

Ракиев: Биздин мындан башка да карай турган толтура маселелерибиз бар. Милдетибиз - билдирүү жасап коюу. Ал биздин сайтта турат. Азыр технологиянын өнүккөн заманы. Каалаган адам каалаган учурунда интернеттен окуса болот. Адамдар муруңкудай эмес да. Өз укугун талашып, пикирин айтып жүрүшөт. Ошонун баарына акылы жеткен киши сайтка кирип окуганды да билет.

“Азаттык”: Демек жума намаздарда айтылбайт?

Ракиев: Айтып жатпаймынбы, күнү-түнү интернетте жашап калган заман болуп калбадыбы. Ошол жактан эле билип алышат. Негизи аны аткаруу адамдардын өз укугу экенин да унутпашыбыз керек. Ар ким өз чечимине жараша иш кылат. Эмдөө албагандардын көбөйүшүн динчилдерге шылтоолоп коюу туура эмес. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигине да кайрылып жатабыз, “эл арасында түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзгүлө” деп.

Ошол эле учурда медицина кызматкерлери жарандарга вакциналардын сертификаты, кайсыл илдетке каршы экени, сакталуу мөөнөтү жана кайсыл өлкөдөн алынганы жөнүндө так маалымат берүүгө милдеттүү.

P.S.:Республикалык Иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар учурда 6000ден ашат.