Мэрия соодагерлердин талабын укту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» дүң жана чекене базарынын соодагерлери Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар базарга электр энергиясын берип, базарды мэриянын карамагына өткөрүп алууну талап кылышты. Соодагерлерди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кабыл алды. Алар буга чейин да нааразылык акциясын уюштуруп, базардын жабылышына жана анын ордуна соода борборун курууга каршылык билдиришкен.