Музыкага айланган жан дүйнө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвадагы П.И. Чайковский атындагы консерваториянын студенти, бир нече эл аралык конкурстардын лауреаты, В.Спиваков фондунун стипендиаты, виолончелчи Айдер Рысалиевдин концерти Бишкектеги Улуттук консерваторияда өттү. Жаш музыкант көрүүчүлөргө Бах, Локателли , Пиатти, Дворжак өңдүү дүйнөлүк классикалык музыка өкүлдөрүнүн чыгармаларын аткарып берди.