"Азаттык": Сиздер тейлеген аймакта Кыргызстандын канча жараны жашайт деп айтылып жүрөт?
Кадыров: Казакстанда Кыргызстандын эки дипломаптиялык өкүлчүлүгү бар. Бири Астанадагы элчилик, экинчиси Алматыдагы Башкы консулдук. Башкы консулдуктун карамагына Алматы шаары менен облусу, Жамбыл жана Түштүк-Казакстан облустары кирет.
Кээ бир маалыматтарга таянсак, бул аймактарда Кыргызстандын 30-35 миңдей жараны жашайт. Мурда мындан көп деп айтылып келген. Акыркы убакытта жердештерибиздин көбү Орусияга кетип, же Кыргызстанга кайтып жатышыптыр. Бул маалыматты биз ушул жактагы жарандарыбыздан алып атабыз. Ал эми консулдукта расмий түрдө 17 миңдей киши каттоодо турат.
"Азаттык": Кыргызстандан баргандар кайсы тармактарда иштешет?
Кадыров: Кыргызстандыктар көбүнчө соода тармагында, жеке ишкердик менен алектенишет. Негизинен Алматы, Тараз жана Чымкент шаарларында соода жүргүзүшөт. Андан тышкары мурда бир миңдей жараныбыз Жамбыл жана Алматы облустарына айыл-чарба сезонунда келип иштеп кетчү, азыр алардын саны 500гө азайды. Кыргызстандыктар жаздын башында келип, кеч күздө үйлөрүнө кайтып кетишчү.
"Азаттык": Кыргызстандык мигранттарды жетишкендиктери кандай?
Кадыров: Бул жака келип, бир топ ийгиликке жетишкендер көп эле. Алар ра кайсы тармактарда иштешет. Жылдын башында Кыргызстандан телеканалдардын бири программа тартып келгенде, аларды коштоп жүрүп, медицина, бизнес, театр, опера же балетте иштеген ийгиликтүү мекендештерибиз көп экенин өз көзүбүз менен көрдүк.
"Азаттык": Кандай көйгөйлөр бар?
Кадыров: Эң негизгиси биздин жарандар Казакстанга келгенден кийин бул өлкөнүн көп мыйзамдарын аткарбай коюшат. Келип иштеп коюп, кайра кетип калам, миграциялык кызматтардын колуна түшпөйм деп ойлогон адамдар көп. Мен жана айтып кеткендей, Кыргызстандын жарандарынын көбү соода кылышат. Бул жердеги мыйзамдар боюнча алар жеке ишкер катары катоодон өтүүгө тийиш. Көбү ал эрежеге баш ийбей коет. 2012-жылы эки өлкө ортосунда кол коюлган макулдашууга ылайык, Кыргызстандын жарандары Казакстанда 90 күнгө чейин жүрө алат. Бирок Казакстандын аймагына киргенден кийин беш күндүн ичинде миграциялык кызматта каттоого туруу керек. Ошол эле маалда ал каттоо соода жагында иштөөгө уруксат бербейт. Ушул мыйзамды бузгандар көп кармалып калышат. Негизинен көптөр андай талап бардыгын билишет, бирок бир-эки ай соода кылып, анан кетип калам деп жоопкерчиликсиз мамиле жасашат.
Мурда Казакстанда жеке адамдарга жалданып иштегендер үчүн каттоого туруу бир топ эле кыйын болчу. Жылдын башында Казакстандын органдары бул маселени чечүүгө аракет кылып, “эмгек имигранты” деген түшүнүк киргизишти. Эми бала багып, жеке адамдын курулушунда же үй кызматчы болуп иштегендер үчүн миграциялык кызматта катталууга жол ачылды. Бул абдан жакшы кадам болду.
Дагы бир жагымдуу жаңылыкты айта турган болсом, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жакында Астанага келип кеткенде жогоруда айтылган каттоого беш күндүн эмес 30 күндүн ичинде туруу мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу макулдашылган. Ал макулдашуу даярдалып бүтө элек. Компетенттүү органдар аны карап, иштеп жатышат. Иш аяктап, кол коюлуп калса, буюрса 2015-жылы биздин жарандарга бир жеңилдик берилмекчи. Бирок биз консулдукка кайрылгандарга жакшылап түшүндүрүп атабыз: бул 30 күн, мындайча айтканда, жумуш таап, документтерин юридикалык жактан тууралаганга берилип атат. Бир ай бул жакта соода кылып, же башка жеке ишкердик менен алектентип, кайра кетип калса болот экен деп ойлобогула.
"Азаттык": Кыргызстан бажы биримдигине киргенден кийин кандай өзгөрүүлөр болот деп кызыккандар да болсо керек?
Кадыров: Ооба, көбү Бажы биримдигине кошулууну күтүп жатышат. Көп суроо беришет. Биз нормативдүү документтер кайсы тепкичке жетип калганын айтып берип турабыз. Кыргызстандыктардын көбү соода жагында иштешет. Ушул жагынан бир жеңилдик болуп калабы деп кызыгышат. Биз болсо Бажы биримдигин түзгөн өлкөлөр адегенде бир топ кыйынчылыктардан өтүшкөнүн түшүндүрөбүз.
Мекендештерибиз Орусия жана Казакстан бизге жардам берип, оорчулуктардан бат өтүп кетип, тез интеграция болобуз деген үмүтүн айтышат. Биз деле убакыт келгенде көрөбүз, бирок Бажы биримдиги Кыргызстан, ишкерлер үчүн жакшы болот деген ойдобуз.