Журтташтар кандай депутаттарды күтүшөт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

28-ноябрда чет жактагы бир жарым миллиондой мекендештин 84 миңдейи добуш берүү үчүн каттоодон өткөн. Бул жолу жаңы добушканалар АКШнын Чикаго, Нью-Йорк, Италиянын Рим, Кальяри жана Түркиянын Анталия шаарларында ачылды. Чет жактагы журтташтар алдыдагы парламенттин кандай болушун, кандай депутаттар келишин каалашат?